Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Даниил 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Небухаданасардын падыша сарайында

    1:1 Жүйүт падышасы Жайакимдин падышачылыгынын үчүнчү жылында Бабыл падышасы Небухаданасар Иерусалимге келип, аны курчап алды.

    1:2 Ошондо Теңир анын колуна Кудай үйүнүн идиштеринин бир бөлүгүн жана Жүйүт падышасы Жайакимди берди. Небухаданасар аларды Шинар жерине, өз кудайынын үйүнө жөнөттү. Ал идиштерди өз кудайынын казынасына киргизди.

    1:3 Анан падыша эбнухтардын башчысы Ашпеназга Ысрайыл уулдарынын ичинен, падыша жана төрө тукумунан,

    1:4 денесинде үч кандай кемчилиги жок, келишимдүү, ар тараптуу билими бар, илимди түшүнө билген, зүэндүү, падыша сарайында кызмат кылууга жарактуу өспүрүмдөрдү алып келүүнү, аларга каздим тилин жана жазуусун эйрөтүүнү буйруду.

    1:5 Падыша аларга күн сайын өз дасторконундагы тамактан жана өзү ичип жүргөн шараптан берип турууну дайындады, аларды үч жыл окутууну буйруду, үч жыл өткөндөн кийин алар падыша алдына келүүгө тийиш эле.

    1:6 Алардын арасында Жүйүт уулдары Даниел, Ханания, Мишаел жана Азария бар эле.

    1:7 үбнухтардын башчысы аларга башка ат койду: Даниелге Белтешатсар, Хананияга Шадрах, Мишаелге Мейшах жана Азарияга Абет-Него.

    1:8 Даниел өз жүрөгүндө падыша дасторконундагы тамак менен, падыша ичкен шарап менен булганбоону чечип койду. Ошондуктан ал булганбаш үчүн, эбнухтардын башчысынан уруксат сурады.

    1:9 Кудай эбнухтардын башчысына Даниелге карата ырайым жана сүйүү берди.

    1:10 үбнухтардын башчысы Даниелге: «Мен өзүмдүн мырзам падышадан корком, силерге тамак менен шарапты падыша өзү дайындаган. өзүңөр курактуу өспүрүмдөрдөн айырмаланып, өңэңөрдүн азыңкы экенин падыша көрсө, анда мен падыша алдында айыптуу болуп калам», – деди.

    1:11 Ошондо Даниелдин, Хананиянын, Мишаелдин жана Азариянын үстүнөн эбнухтардын башчысы көзөмөлдөөчү кылып койгон Амелсарга Даниел мындай деди:

    1:12 «Кулдарыңа байкоо жүргүз: он күн бою бизге жегенге жашылча, ичкенге суу берип турушсун.

    1:13 Ошондон кийин биздин өңүбүздү жана падыша тамагынан тамактанган өспүрүмдөрдүн өңэн көр, анан кулдарыңа өзүңдүн көргөнүңө жараша кыл».

    1:14 Амелсар алардын бул айтканына макул болуп, аларга он күн байкоо жүргүздү.

    1:15 Он күн өткөндөн кийин алар падыша дасторконунан тамактанган бардык өспүрүмдөргө караганда келишимдүү, келбеттүү болуп калышты.

    1:16 Ошондо Амелсар аларга дайындалган тамак менен шараптын ордуна аларга жашылча берип турду.

    1:17 Кудай ал төрт өспүрүмгө ар кандай китептерди жана акылмандыкты түшүнө билүү үчүн билим жана акыл берди. Даниелге болсо, андан тышкары, ар кандай көрүнүштөрдү жана түштөрдү түшүнө билүү жөндөмдүүлүгүн берди.

    1:18 Белгиленген жылдар өткөндөн кийин, падыша аларды алып келүүнү буйруду, эбнухтардын башчысы аларды Небухаданасардын алдына алып келди.

    1:19 Падыша алар менен сүйлөштү. Бардык өспүрүмдөрдүн ичинен Даниелге, Хананияга, Мишаелге жана Азарияга тең келген үч ким болгон жок. Ошондон тартып алар падыша алдында кызмат кыла башташты.

    1:20 Падыша акылмандык талап кылынган нерселер боюнча алардан эмнени гана сурабасын, алар терең акылмандык көрсөтүштү. Ошондо падыша алардын өзүнүн бүт падышачылыгындагы жашыруун сырларды билүүчүлөр менен сыйкырчылардан он эсе жогору турарын билди.

    1:21 Даниел ал жерде падыша Корештин падышачылыгынын биринчи жылына чейин болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск