Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Даниил 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Небухаданасардын түшү

    2:1 Небухаданасар өзүнүн падышачылыгынын экинчи жылында түш көрдү. Ошондо анын тынчы кетти, түшү эсинен чыгып кетти.

    2:2 Ошондо падыша өзүнүн түшүн айттырыш үчүн, жашыруун сырларды билүүчүлөрдү, төлгөчүлөрдү, сыйкырчыларды жана каздимдерди чакырууну буйруду. Алар келип, падыша алдында турушту.

    2:3 Падыша аларга: «Мен түш көрдүм, бул түштүн маанисин билгим келип, тынчым кетип жатат», – деди.

    2:4 Каздимдер падышага арамей тилинде: «Падыша! Түбөлүк жаша! Түшүңдү кулдарыңа айт, ошондо биз анын маанисин түшүндүрүп беребиз», – дешти.

    2:5 Падыша каздимдерге мындай деп жооп кылды: «Мен айткан сөз өзгөрүлбөйт: эгерде силер мага түштү жана анын маанисин айтып бербесеңер, анда силерди бөлө чаап, үйүңөрдү урандыга айландырышат.

    2:6 үгерде түштү жана анын маанисин айтып берсеңер, анда менден белек жана сыйлык аласыңар, силерге чоң сый көрсөтүлөт. Ошондуктан мага түштү жана анын маанисин айтып бергиле».

    2:7 Алар экинчи жолу: «Падыша өзүнүн кулдарына түшүн айтсын, ошондо биз анын маанисин түшүндүрүп беребиз», – деп жооп беришти.

    2:8 Ошондо падыша аларга: «Менин сөзүмдүн өзгөрүлбөстүгүн билгендиктен, убакытты уткуңар келип жатканын билип эле турам.

    2:9 Мага түштү айтпай жатканыңардын себеби – бир жаман оюңар бар: убакытты өткөрүп, мага жалганды, калпты айтканы жатасыңар. Түшүмдү айтып бергиле, ошондо мен силердин анын маанисин да айтып бере аларыңарды билем», – деди.

    2:10 Каздимдер падышага мындай деп жооп беришти: «Бул ишти падышага ачып бере ала турган адам жер жүзүндө жок, ошондуктан улуу жана кудуреттүү болгон бир да падыша буга окшогон ишти бир да жашыруун сырларды билүүчүдөн, бир да сыйкырчыдан, бир да төлгөчүдөн жана бир да каздимден талап кылган эмес.

    2:11 Падыша талап кылып жаткан бул иш ушунчалык кыйын болгондуктан, аны падышага адамдар менен жашабаган кудайлардан башка үч ким ачып бере албайт».

    2:12 Буга падыша аябай каарданып, аябай ачууланып, Бабылдын бардык акылмандарын кырып салууну буйрук кылды.

    2:13 Акылмандарды өлтүрүү жөнүндөгү бул буйрук чыкканда, Даниелди жана анын жолдошторун да өлтүрүү үчүн издешти.

    Кудайдын Даниелге түштүн маанисин ачып бериши

    2:14 Ошондо Даниел Бабыл акылмандарын өлтүргөнү чыккан падыша сакчыларынын башчысы Ариохко акылмандык жана билгичтик менен кайрылды.

    2:15 Ал падышанын башкы кызматчысы Ариохтон: «үмне үчүн падыша ушундай катуу буйрук чыгарды?» – деп сурады. Ариох Даниелге бардык ишти айтып берди.

    2:16 Даниел падышага кирип, түштүн маанисин билүүгө убакыт сурады.

    2:17 Анан Даниел үйүнө келип, өзүнүн жолдоштору Хананияга, Мишаелге жана Азарияга болгон ишти айтып берди.

    2:18 Бабылдын башка акылмандары менен кошо өлүп калбаш үчүн, асмандагы Кудай ырайым кылып, бул сырды ачып берүүсүн өтүнгүлө деп, Даниел жолдошторуна кайрылды.

    2:19 Ошондо бул жашыруун сыр Даниелге түнкү көрүнүштө ачылды, Даниел асмандагы Кудайды даңктады.

    2:20 Даниел мындай деди: «Теңирдин ысымы кылымдан кылымга даңкталсын, анткени акылмандык менен күч Ага таандык.

    2:21 Ал мезгилдер менен жылдарды өзгөртөт, падышаларды кулатат, падышаларды коёт, акылдууларга акылмандык, түшүнө ала тургандарга билим берет.

    2:22 Ал терең жана жашыруун сырларды ачат, караңгылыкта эмне бар экенин билет, жарык Аны менен жашайт.

    2:23 Ата-бабаларымдын Кудайы, Сен мага акылмандык жана күч бергениң үчүн, биз Сенден эмне жөнүндө сурасак, ошону мага ачып бергениң үчүн, Сени даңктайм жана даңазалайм, анткени Сен бизге падышанын ишин ачып бердиң».

    Даниелдин түштүн маанисин чечмелеп бериши

    2:24 Ошондон кийин Даниел падышадан Бабылдын акылмандарын өлтүрүү жөнүндө буйрук алган Ариохко келип: «Бабылдын акылмандарын өлтүрбө. Мени падышага алып бар, мен ага түштүн маанисин ачып берем», – деди.

    2:25 Ошондо Ариох Даниелди падышага дароо алып келип, ага: «Мен Жүйүттүн туткунда жүргөн уулдарынын ичинен падышага түштүн маанисин ачып бере ала турган бир адамды таптым», – деди.

    2:26 Падыша Белтешатсар деген да ысымы бар Даниелден: «Сен мага мен көргөн түштү жана анын маанисин айтып бере аласыңбы?» – деп сурады.

    2:27 Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Падыша сурап жаткан сырды падышага акылмандар да, көз боёочулар да, жашыруун сырларды билүүчүлөр да, төлгөчүлөр да ачып бере алышпайт.

    2:28 Бирок асманда жашыруун сырларды ача турган Кудай бар. Ал акыркы күндөрдө эмне болорун Небухаданасар падышага ачып берди. Сен көргөн түш – төшөгүңдө жатып көргөн көрүнүш мындай:

    2:29 сен, падыша, төшөгүңдө жатып, мындан ары эмне болот деп ойлодуң. Ошондо сырларды Ачуучу эмне боло тургандыгын сага көрсөттү.

    2:30 Бирок бул сыр мага жер жүзүндө жашаган бардык адамдардан акылдуу болгондугум үчүн ачылган жок. Бул сыр мага падышага түшүнүк бериш үчүн, сен өзүңдүн жүрөгүңдөгү ойлоруңду билишиң үчүн ачылды.

    2:31 Сен, падышам, мындай көрүнүш көрдүң: алдыңда бир чоң буркан турганын көрдүң, ал буркан эбегейсиз чоң эле. Ал аябай жаркырап, сенин алдыңда турду, анын көрүнүшү коркунучтуу эле.

    2:32 Ал буркандын башы таза алтындан, көкүрөгү менен колдору күмүштөн, курсагы менен сандары жезден эле.

    2:33 Анын шыйрактары темирден, тамандарынын бир бөлүгү темирден, бир бөлүгү чоподон эле.

    2:34 Сен карап турганда, колдун жардамысыз эле тоодон бир чоң таш учуп келип, бурканга, анын темир жана чопо буттарына бир тийип, аларды талкалап салды.

    2:35 Ошондо темир, чопо, жез, күмүш жана алтындын баары талкаланып, жайкы кырмандагы топондой болуп калды, аларды шамал учуруп кетти, алардын изи да калган жок. Бурканды талкалаган таш болсо чоң тоого айланып, бүт жерди эүледи.

    2:36 Сен ушундай түш көрдүң! Падыша алдында анын маанисин да айтып беребиз.

    2:37 Сен, падыша, падышалардын падышасысың. Асмандагы Кудай сага падышачылык, бийлик, күч-кубат жана атак-даңк берген.

    2:38 Кайсы жерде гана жашабасын, бардык адамдарды, жердеги жаныбарлар менен асмандагы канаттууларды Ал сенин колуңа берип, сени алардын баарынын үстүнөн падыша койгон, алтындан жасалган ошол баш сенсиң!

    2:39 Сенден кийин сенин падышачылыгыңдан төмөн болгон башка падышачылык келет, андан кийин бүт жер жүзүнө үстөмдүк кыла турган үчүнчү падышачылык – жез падышачылыгы келет.

    2:40 Төртүнчү падышачылык болсо темирдей катуу болот. Анткени темир бардыгын талкалап бүлүнткөндөй эле, ал да бардыгын кыйратуучу темирдей болуп талкалап бүлүнтөт.

    2:41 Сен көргөн буттар жана бир бөлүгү чопо, бир бөлүгү темир болгон буттардын манжалары падышачылыктын бөлүнөрүн билдирет, ал падышачылыкта темирдин анча-мынча күчү калат, анткени сен чопо менен аралашкан темирди көрдүң.

    2:42 Буттардын манжаларынын бир бөлүгү чоподон, бир бөлүгү темирден тургандыгы падышачылыктын жарымы бекем, жарымы борпоң болорун билдирет.

    2:43 Ал эми чопо менен аралашкан темирди көргөнүң алардын адам тукуму аркылуу аралашарын билдирет, бирок темир чопо менен аралашпагандай эле, алар бири-бири менен бирикпейт.

    2:44 Ошол падышачылыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат.

    2:45 Тоодон таш колдун жардамысыз эле учуп келип, темирди, жезди, чопону, күмүштү жана алтынды талкалаганын көрдүң. Кудуреттүү Кудай мындан ары эмне болорун падышага билдирди. Бул түш чындык, анын чечмелениши туура!»

    Даниелдин жогорку кызматка коюлушу

    2:46 Ошондо Небухаданасар падыша жүзтөмөндөп жыгылып, Даниелге таазим кылып, ага белектерди жана жыпар жыттуу заттарды алып келгиле деп буйрук кылды.

    2:47 Анан падыша Даниелге: «Чыны менен эле, силердин Кудайыңар – кудайлардын Кудайы, сен бул жашыруун сырды ача алгандан кийин, силердин Кудайыңар – жашыруун сырларды ачкан падышалардын эгедери!» – деди.

    2:48 Ошондо падыша Даниелди жогорку кызматка койду, ага көптөгөн чоң белектерди берди, аны Бабылдын бардык дубандарына башчы, Бабылдын бардык акылмандарына эң башкы башчы кылып койду.

    2:49 Бирок Даниел падышадан өтүнгөндүктөн, ал Бабыл өлкөсүнүн иштерин башкарууга Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону койду. Даниел болсо падыша сарайында калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск