Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ездра 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Туткундан бошогон адамдардын тизмеси

    2:1 Бабыл падышасы Небухаданасар Бабылга туткундап кеткен туткундардын ичинен Иерусалимге жана Жүйүт аймагына, өз жерине кайтып келген бул өлкөнүн уулдары булар:

    2:2 Зоробабыл менен, Жешуя менен, Некемия менен, Серая менен, Рейлай менен, Мордохай менен, Билшан менен, Миспар менен, Бикбай менен, Рехум менен, Баан менен келген Ысрайыл элинин саны:

    2:3 Парош уулдары эки миң бир жүз жетимиш эки;

    2:4 Шепатия уулдары үч жүз жетимиш эки;

    2:5 Арах уулдары жети жүз жетимиш беш;

    2:6 Жашыя менен Жойап уулдарынан Пахат-Мааптын уулдары эки миң сегиз жүз он эки;

    2:7 эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт;

    2:8 Затунун уулдары тогуз жүз кырк беш;

    2:9 Закайдын уулдары жети жүз алтымыш;

    2:10 Банинин уулдары алты жүз кырк эки;

    2:11 Бейбайдын уулдары алты жүз жыйырма үч;

    2:12 Азгаттын уулдары бир миң эки жүз жыйырма эки;

    2:13 Адонукамдын уулдары алты жүз алтымыш алты;

    2:14 Бикбайдын уулдары эки миң элүү алты;

    2:15 Адындын уулдары төрт жүз элүү төрт;

    2:16 Жехискиянын эй-бүлөсүнөн Атейирдин уулдары токсон сегиз;

    2:17 Бейтсайдын уулдары үч жүз жыйырма үч;

    2:18 Жоранын уулдары бир жүз он эки;

    2:19 Хашумдун уулдары эки жүз жыйырма үч;

    2:20 Гибардын уулдары токсон беш;

    2:21 Бейт-Лехемде туулгандар бир жүз жыйырма үч;

    2:22 Нетопада жашагандар элүү алты;

    2:23 Анатотто жашагандар бир жүз жыйырма сегиз;

    2:24 Азмабетте туулгандар кырк эки;

    2:25 Кирийат-Жейаримде, Кепирада жана Бейротто туулгандар жети жүз кырк үч;

    2:26 Рамада жана Гебада туулгандар алты жүз жыйырма бир;

    2:27 Мукмаста жашагандар бир жүз жыйырма эки;

    2:28 Бейтелде жана Айда жашагандар эки жүз жыйырма үч;

    2:29 Небодо туулгандар элүү эки;

    2:30 Магбиште туулгандар бир жүз элүү алты;

    2:31 Башка эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт;

    2:32 Харимдин уулдары үч жүз жыйырма;

    2:33 Лоддо, Хадитте жана Онодо туулгандар жети жүз жыйырма беш;

    2:34 Жериходо туулгандар үч жүз кырк беш;

    2:35 Сенаада туулгандар үч миң алты жүз отуз.

    2:36 Ыйык кызмат кылуучулар: Жешуянын эй-бүлөсүнөн Жедая уулдары тогуз жүз жетимиш үч;

    2:37 Имердин уулдары бир миң элүү эки;

    2:38 Пашкурдун уулдары бир миң эки жүз кырк жети;

    2:39 Харимдин уулдары бир миң он жети.

    2:40 Лебилер: Одабия уулдарынан Жешуя менен Кадмиелдин уулдары жетимиш төрт;

    2:41 Ырчылар: Асаптын уулдары бир жүз жыйырма сегиз;

    2:42 Дарбазачылардын уулдары: Шалумдун уулдары, Атейирдин уулдары, Талмондун уулдары, Акуптун уулдары, Хатитанын уулдары, Шобайдын уулдары, бардыгы болуп бир жүз отуз тогуз.

    2:43 Нетиндер: Зиханын уулдары, Хасупанын уулдары, Табаотанын уулдары.

    2:44 Кейростун уулдары, Сиянын уулдары, Падондун уулдары,

    2:45 Лебандын уулдары, Хагаптын уулдары, Акуптун уулдары,

    2:46 Хагаптын уулдары, Самлайдын уулдары, Ханандын уулдары,

    2:47 Гиделдин уулдары, Гахардын уулдары, Рейайдын уулдары,

    2:48 Ретсиндин уулдары, Некоданын уулдары, Газамдын уулдары,

    2:49 Узанын уулдары, Пасейахтын уулдары, Бейсайдын уулдары,

    2:50 Аснанын уулдары, Мейунимдин уулдары, Непусимдин уулдары,

    2:51 Бакбуктун уулдары, Хакупанын уулдары, Хархурдун уулдары,

    2:52 Батсулуттун уулдары, Мехиданын уулдары, Харшанын уулдары,

    2:53 Баркостун уулдары, Сисранын уулдары, Тамахтын уулдары,

    2:54 Нетсиахтын уулдары, Хатипанын уулдары.

    2:55 Сулаймандын кулдарынын уулдары: Сотайдын уулдары, Сопереттин уулдары, Перуданын уулдары,

    2:56 Жааланын уулдары, Даркондун уулдары, Гиделдин уулдары,

    2:57 Шепатиянын уулдары, Хатилдин уулдары, Похерет-Себайымдын уулдары, Аминин уулдары,

    2:58 бардыгы болуп нетиндер менен Сулаймандын кулдары үч жүз токсон эки.

    2:59 Ысрайылданбы, кайсы уруудан экенин көрсөтө албаган Тейил-Мелахтан, Тейил-Харшадан, Керуп, Адан, Имейерден чыккандар мына булар:

    2:60 Делаянын уулдары, Тобиянын уулдары, Некоданын уулдары алты жүз элүү эки адам.

    2:61 Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынан: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары жана гилаттык Барзелайдын кызына үйлөнүп, ошолордун аты менен аталып калган Барзелайдын уулдары.

    2:62 Алар өздөрүнүн санжырасын издешкен, бирок ал табылган жок. Ошондуктан алар ыйык кызматтан чыгарылган.

    2:63 Тиршапа аларга урим менен тумим аркылуу Кудайдын эркин сураган ыйык кызмат кылуучу чыкмайынча, ыйык тамактан жебеш керектигин айтты.

    2:64 Бардык жамаат биригип кырк эки миң үч жүз алтымыш адам болду.

    2:65 Алардын жети миң үч жүз отуз жети кулу менен күңэнөн тышкары, дагы эки жүз ырчы кыз-жигити болгон.

    2:66 Алардын жети жүз отуз алты аты, эки жүз кырк беш качыры,

    2:67 төрт жүз отуз беш төөсү, алты миң жети жүз жыйырма эшеги болгон.

    2:68 Иерусалимдеги Теңирдин үйүнө келген уруу башчылардын күү бирөөлөрү Теңир үйүн өзүнүн мурунку турган жерине кайра тургузуш үчүн, өз каалоосу менен курмандык кылышты.

    2:69 Байлыктарына жараша, алар курулуш иштери үчүн, анын казынасына алтымыш бир миң драхма алтын, беш миң мина күмүш жана ыйык кызмат кылуучулар кие турган жүз кийим беришти.

    2:70 Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар да, лебилер да, эл да, ырчылар да, дарбазачылар да, нетиндер да өз шаарларында жашап калышты, ошондой эле бүт ысрайылдыктар да өз шаарларында жашап калышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск