Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 38

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    38-БөЛЄМ

    Жүйүт жана Тамар

    38:1 Ошол убакта Жүйүт өз бир туугандарынан бөлүнүп кетип, адуламдык Хира деген кишинин жанына отурукташты.

    38:2 Жүйүт ал жерден Шуа деген канаандык кишинин кызын көрдү. Аны аялдыкка алып, ага жакындады.

    38:3 Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Жүйүт анын атын эйир койду.

    38:4 Дагы боюна бүтүп, уул төрөдү. Анын атын Онан койду.

    38:5 Анан дагы уул төрөп, анын атын Шейла койду. Аны төрөгөн учурда Жүйүт Хезипте болчу.

    38:6 Анан Жүйүт тун уулу эйирге аял алып берди. Анын аты Тамар эле.

    38:7 Жүйүттүн тун уулу эйир Теңирге жакпагандыктан, Теңир аны өлтүрүп салды.

    38:8 Ошондо Жүйүт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага үйлөнүп, бир тууганыңдын тукумун ула».

    38:9 Онан ал тукумдун өзүнүкү болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш үчүн, уругун жерге агызып салчу.

    38:10 Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болгондуктан, Ал аны да өлтүрүп салды.

    38:11 Ошондо Жүйүт келини Тамарга: «Уулум Шейла эр жеткиче, өз атаңдыкында жесир катары жашап тур», – деди. «Ал да улуу агаларындай болуп өлүп калбасын», – деп ойлоду Жүйүт. Тамар кетип, өз атасыныкында жашап калды.

    38:12 Көп убакыт өткөндөн кийин Шуанын кызы – Жүйүттүн аялы өлдү. Жүйүт сооронгондон кийин, койлорун кыркып жаткандарга өзү менен кошо досу адуламдык Хираны алып, Тимнага кетти.

    38:13 Ошондо Тамарга: «Кайын атаң Тимнага койлорун кырктырганы келе жатат», – деп кабарлашты.

    38:14 Тамар үстүндөгү жесирдин кийимин чечип, чүмбөт жамынып, кымтыланып алып, Тимнага баруучу жолго, эйнайим дарбазасынын жанына отуруп алды. Анткени Шейла эр жетсе да, өзүнүн ага аялдыкка алып берилбегенин көрдү.

    38:15 Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду. Анткени аял жүзүн жаап алган эле.

    38:16 Жүйүт ага кайрылып келип: «Мен сени менен жатайын», – деди. Анткени келини экенин билген жок. Тамар андан: «Мени менен жатсаң, мага эмне бересиң?» – деп сурады.

    38:17 «Короомдон бир улак берип жиберейин», – деди Жүйүт. Тамар андан: «Улагыңды берип жибергенче, күрөөгө бирдеме калтырасыңбы?» – деп сурады.

    38:18 «Күрөөгө эмне берейин?» – деп сурады Жүйүт. «Мөөрүңдү, куруңду, колуңдагы таягыңды бер», – деди Тамар. Ал анын сураганын берип, ага жакындады. Андан Тамардын боюна бүттү.

    38:19 Тамар турду да, чүмбөтүн алып таштап, жесирдин кийимин кийди.

    38:20 Жүйүт болсо адуламдык досунан улакты берип жиберип, аялдан күрөөнү алдырмакчы болду, бирок ал аялды таппай койду.

    38:21 Ал ошол жердин тургундарынан: «үйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти.

    38:22 Ал досу Жүйүткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.

    38:23 Ошондо Жүйүт: «Мейли, мен бергендерди ала берсин, элге күлкү болбосок эле болду. Мен улакты берип жибердим, бирок сен аны таппай келдиң», – деди.

    38:24 Арадан үч айга жакын убакыт өткөндөн кийин, Жүйүткө мындай дешти: «Келиниң Тамар бузулуп кетиптир, атүгүл, анын боюна да бүтүп калыптыр». Ошондо Жүйүт: «Аны элдин алдына алып чыгып, өрттөп жибергиле», – деди.

    38:25 Тамарды алып жөнөшкөндө, ал кайын атасына мындай деп айттырды: «Бул буюмдар кимдики болсо, ошондон боюма бүттү». Анан мындай деди: «Бул мөөр, кур, таяк кимдики экенин таанычы».

    38:26 Жүйүт таанып: «Ал мага караганда адилеттүүрөөк, анткени мен аны уулум Шейлага алып берген эмесмин», – деди. Андан кийин ал ага жакындаган жок.

    38:27 Төрөт учурунда аялдын боюнда эгиз бала бар экени билинди.

    38:28 Аял төрөп жатканда, кол көрүндү. Аначы кемпир: «Бул биринчи чыкты», – деп, анын колуна кызыл жип байлап койду.

    38:29 Бирок ал колун кайра тартып алды. Ошондо анын бир тууганы чыкты. Аначы кемпир ага: «Сен кантип биринчи чыктың?» – деди. Анын атын Перес коюшту.

    38:30 Андан кийин колуна кызыл жип байланган бир тууганы чыкты. Анын атын Зерак коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск