Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 28

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    28-БөЛЄМ

    Жеремия менен Ханания

    28:1 Ошол эле жылы, Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын алгачкы жылдарында, падышачылыгынын төртүнчү жылынын бешинчи айында Гибондон чыккан пайгамбар – Азур уулу Ханания мага Теңир үйүндө, ыйык кызмат кылуучулардын жана бүт элдин көз алдында мындай деди:

    28:2 «Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: “Бабыл падышасынын моюнтуругун кыйратам.

    28:3 үки жылдан кийин Мен бул жерге Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерден Бабылга алып кеткен Теңир үйүнүн идиштеринин баарын кайра алып келем.

    28:4 Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана Бабылга туткундалып кеткен бүт жүйүт элин бул жерге кайра алып келем, – дейт Теңир. – Анткени Бабыл падышасынын моюнтуругун кыйратам”».

    28:5 Ошондо Жеремия пайгамбар Теңир үйүндө турган ыйык кызмат кылуучулардын көз алдында жана бүт элдин көз алдында Ханания пайгамбарга айтты:

    28:6 Жеремия пайгамбар мындай деди: «Оомийин, Теңир муну ошондой кылсын! Теңир үйүнүн идиштери менен бүт туткундардын Бабылдан бул жерге кайра келиши тууралуу пайгамбарчылык кылып айткан сенин сөздөрүңдү Теңир иш жүзүнө ашырсын!

    28:7 Бирок бул сөздү угуп ал, мен аны сага жана бүт элге угуза айтам:

    28:8 Менден мурунку жана сенден мурунку пайгамбарлар көп жерлерге жана улуу падышачылыктарга согуш, алаамат, жугуштуу оору болорун алдын ала айтып келишкен.

    28:9 үгерде кайсы бир пайгамбар тынчтык болорун алдын ала айткан болсо, анда ошол пайгамбардын айткан сөзү орундалганда гана аны чыны менен Теңир жиберген пайгамбар деп эсептешкен».

    28:10 Ошондо Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнунан моюнтурукту чечип алып, талкалап салды.

    28:11 Ханания бүт элдин көз алдында мына бул сөздөрдү айтты: «Теңир мындай дейт: “үки жылдан кийин бүт элдердин мойнунан Бабыл падышасы Небухаданасар салган моюнтурукту чечип алып, так ушундай кылып талкалайм”». Анан Жеремия өз жолу менен кетти.

    28:12 Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнундагы моюнтурукту талкалап салгандан кийин, Жеремияга Теңирден мындай сөз болду:

    28:13 «Бар, Хананияга айт: Теңир мындай дейт де: “Сен жыгач моюнтурукту талкалап салдың, эми анын ордуна темир моюнтурук жасайсың”.

    28:14 Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылдырыш үчүн, ушул элдердин баарынын мойнуна темир моюнтурук салам, ошондо алар ага кызмат кылышат, атүгүл, Мен ага талаа жырткычтарын да бердим”».

    28:15 Ошондо Жеремия пайгамбар Ханания пайгамбарга мындай деди: «Кулак сал, Ханания. Сени Теңир жиберген эмес, сен болсо бул элди жалган эмүттөндүрүп жатасың.

    28:16 Ошондуктан Теңир мындай дейт: “Мына, Мен сени жер бетинен жок кылам. Сен ушул эле жылы өлөсүң, анткени сен Теңирге каршы сүйлөдүң”».

    28:17 Ханания пайгамбар ошол эле жылы, жетинчи айда өлдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск