Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 34

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    34-БөЛЄМ

    Ситкияга айтылган пайгамбарчылык

    34:1 Бабыл падышасы Небухаданасар, анын бүт аскерлери жана жер үстүндө анын кол астында турган бардык падышачылыктар, бардык элдер Иерусалимдин жана Жүйүттүн бардык шаарларынынын тургундары менен согушуп жатканда, Жеремияга Теңирден болгон сөз:

    34:2 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Бар, Жүйүт падышасы Ситкияга мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен бул шаарды Бабыл падышасынын колуна салып берип жатам, ал аны өрттөп жиберет.

    34:3 Сен анын колунан кутулбайсың, сөзсүз колго түшөсүң, анын колуна салынып берилесиң, сен Бабыл падышасын өз көзүң менен көрөсүң, аны менен оозмо-ооз сүйлөшөсүң, анан Бабылга кетесиң”.

    34:4 Ошондой болсо да, Жүйүт падышасы Ситкия, Теңирдин сөзүн ук! Сен тууралуу Теңир мындай дейт: “Сен кылычтан өлбөйсүң.

    34:5 Сен тынчтыкта өлөсүң, сага чейин падышачылык кылган мурунку падышалар – сенин ата-бабаларың үчүн жыпар жыттуу зат түтөтүшкөндөй эле, сен үчүн да жыпар жыттуу зат түтөтүп, сени: "Оо, кайран падышам", – деп жоктоп ыйлашат, анткени бул сөздү Мен айтып жатам“», – дейт Теңир.

    34:6 Жеремия пайгамбар бул сөздөрдүн баарын Жүйүт падышасы Ситкияга Иерусалимде айтып берди.

    34:7 Бул арада Бабыл падышасынын аскерлери Иерусалимдин жана Жүйүттүн калган бардык шаарларынын тургундары менен, Лакиш жана Азейканын тургундары менен согушуп жатты. Анткени Жүйүт шаарларынын ичинен, чептүү шаарлар катары, ушул шаарлар гана калган эле.

    Кулдарды эркиндикке чыгаруу жөнүндөгү келишимдин бузулушу

    34:8 Ситкия падыша Иерусалимде жашаган бүт эл менен келишим түзгөндөн кийин, Жеремияга Теңирден сөз болду. Ал келишим мындай эле: эркиндик жарыялансын,

    34:9 ар бир адам өзүнүн эврей кулун, өзүнүн эврей күңэн эркиндикке чыгарсын, алардын үч кимиси өз бир тууганын – жүйүттү кулдукта кармабасын.

    34:10 Ошондо келишимге кирген бардык төрөлөр менен бардык эл ар бир кулду жана ар бир күңдү эркиндикке чыгарганга, мындан ары аларды кулдукта кармабаганга макул болушту. Ошентип, алар макул болушуп, аларды коё беришти.

    34:11 Бирок ошондон кийин алар оюн өзгөртүшүп, эркиндикке чыгарган кулдары менен күңдөрүн кайра алышып, аларды кайрадан кул жана күң болууга мажбур кылышты.

    34:12 Ошондо Жеремияга Теңирден сөз болду:

    34:13 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен, кулчулуктун үйүнөн алып чыкканда, алар менен мындай деп келишим түзгөм:

    34:14 “Жетинчи жылдын аягында сага өзүн өзү саткан эврей бир тууганыңды боштондукка чыгар. Ал сага алты жыл кызмат кылсын, анан аны эркиндикке чыгар”. Бирок силердин ата-бабаларыңар Менин тилимди алышкан жок, Мага кулак төшөшкөн жок.

    34:15 Азыр силер кайрылып, Менин көз алдымда адилеттик кылдыңар, ар бириңер өз жакыныңарга азаттык жарыяладыңар, Менин ысымым менен аталган эйдө, Менин алдымда келишим түздүңөр.

    34:16 Бирок андан кийин силер оюңарды өзгөртүп, Менин ысымымды булгадыңар, кайда барууну кааласа, ошол жакка барсын деп, азаттыкка чыгарган кулдарыңарды, күңдөрүңөрдү кайра алып келип, аларды кул болууга жана күң болууга мажбурлап жатасыңар».

    34:17 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Силер Менин ар бир адам өз бир тууганына жана өз жакынына азаттык жарыяласын деген сөзүмдү укпай койдуңар. Мына ошон үчүн Мен, – дейт Теңир, – силерге каршы кылычка, жугуштуу ооруга, ачарчылыкка эркиндик жарыялайм. Силерди жер жүзүнүн бардык падышачылыктарынын эрөйүн учурган коркунучка айландырам.

    34:18 Бир букачарды экиге бөлүп, ошонун ортосунан өтүп, Менин алдымда өздөрү түзгөн Менин келишимимдин сөздөрүн аткарбай, Менин келишимимди бузган

    34:19 Жүйүт төрөлөрү менен Иерусалим төрөлөрүн, эбнухтарды, ыйык кызмат кылуучуларды жана экиге бөлүнгөн букачардын ортосунан өткөн бул жердин бүт элин

    34:20 өздөрүнүн душмандарынын колуна, аларды өлтүргүсү келгендердин колуна салып берем. Ошондо алардын өлүктөрү асман канаттуулары менен жерде жашаган жырткычтарга азык болот.

    34:21 Жүйүт падышасы Ситкияны жана анын төрөлөрүн өздөрүнүн душмандарынын колуна, аларды өлтүргүсү келгендердин колуна жана силерден чегинген Бабыл падышасынын аскерлеринин колуна салып берем.

    34:22 Мына, Мен буйрук берем, – дейт Теңир, – аларды бул шаарга кайра алып келем, ошондо алар бул шаарга кол салып, аны каратып алып, өрттөп жиберишет. Ошентип, Мен Жүйүт аймагынын шаарларын эл жашабаган чөлгө айлантам».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск