Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 35

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    35-БөЛЄМ

    Жеремия жана Рейхап тукуму

    35:1 Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин тушунда Жеремияга Теңирден болгон сөз:

    35:2 «Рейхап тукумуна бар, алар менен сүйлөш, аларды Теңир үйүнө, бөлмөлөрдүн бирине алып кел, анан аларга шарап бер».

    35:3 Ошондо мен Хабатсиниянын уулу болгон Жеремиянын уулу Жазанияны жана анын бир туугандарын, уулдарын жана бүт Рейхап тукумун алып чыгып,

    35:4 аларды Теңир үйүнө, Кудайдын кишиси, Игдалия уулу Ханандын уулдарынын бөлмөсүнө алып келдим. Ал бөлмө эшиктин алдында турган сакчы – Шалум уулу Маасейдин бөлмөсүнүн үстүндөгү төрөлөрдүн бөлмөсүнүн жанында эле.

    35:5 Анан Рейхап тукумунун алдына шарапка толгон чөйчөктөр менен кеселерди коюп, аларга: «Шарап ичкиле», – дедим.

    35:6 Бирок алар: «Биз шарап ичпейбиз, анткени биздин атабыз Рейхаптын уулу Жонадап бизге мындай буйрук берген: “Силер да, балдарыңар да кылымдар бою шарап ичпегиле.

    35:7 Yй курбагыла, эрөн сеппегиле, жүзүмзар отургузбагыла, силерде жүзүмзарлар болбосун, бирок жер кезип жүргөн жерде узак убакыт жашаш үчүн, өмүр бою чатырларда жашагыла”.

    35:8 Биз атабыз Рейхаптын уулу Жонадап эмнени буйрук кылса, ошонун баарын аткарып жатабыз. Ал бизге: “өмүрүңөр өткөнчө шарап ичпегиле, аялдарыңар да, уулдарыңар да, кыздарыңар да ичпесин,

    35:9 жашаганга эй курбагыла”, – деген. Ошон үчүн биздин жүзүмзарыбыз да, талаабыз да, айдоо жерибиз да жок.

    35:10 Чатырларда жашап, атабыз Жонадап бизге эмне буйруса, ошонун бардыгына тил алып, аткарып жатабыз.

    35:11 Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерге кирип келгенде, биз: “Жүргүлө, каздимдердин аскерлеринен жана арамейликтердин аскерлеринен качалы, Иерусалимге баралы”, – дедик, ошондуктан мына, биз Иерусалимде жашап жатабыз», – дешти.

    35:12 Ошондо Жеремияга Теңирден сөз болду:

    35:13 Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Бар, Жүйүт эркектери менен Иерусалим тургундарына айт: “Кантип эле силер ушундан Менин сөзүмө тил алыш үчүн, өзүңөргө акыл-насаат алган жоксуңар?” – дейт Теңир.

    35:14 Рейхап уулу Жонадаптын өз уулдарына шарап ичпегиле деп буйрук кылып айткан сөзү аткарылып жатат. Алар ушул күнгө чейин шарап ичишпейт, анткени өз атасынын буйругуна тил алышат. Мен болсо силерге тынымсыз айтып келе жатам, Мен силерге таң заардан айтып келе жатам, бирок силер Мени укпай койдуңар.

    35:15 Мен силерге өзүмдүн бүт кулдарымды – пайгамбарларымды жиберип турдум, Мен аларды таң заардан жиберип турдум. Аларды жиберип: “Ар бириңер өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула, жүрүм-турумуңарды оңдогула, башка кудайлардын артынан түшпөгүлө, аларга кызмат кылбагыла, ошондо Мен силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген ушул жерде жашайсыңар”, – деп айткам, бирок силер кулак салбай койдуңар, Менин тилимди албай койдуңар.

    35:16 Рейхаптын уулу Жонадаптын уулдары атасынын берген буйругун аткарып жатышат, бул эл болсо Мени укпай жатат.

    35:17 Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: Мына, Мен Жүйүт аймагына жана Иерусалимдин бүт тургундарына каршы өзүм айткан бардык алааматты каптатам, анткени Мен аларга айттым, бирок алар укпай коюшту, аларды чакырдым, бирок алар жооп бербей коюшту».

    35:18 Ал эми Рейхап тукумуна Жеремия мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Атаңар Жонадаптын буйругуна тил алганыңар үчүн, анын бардык осуяттарын сактап, бардыгын ал айткандай аткарып жатканыңар үчүн

    35:19 Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: Рейхаптын уулу Жонадаптын тукумунан Менин алдымда турган адам эзүлбөйт”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск