Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Жеңилген падышалардын тизмеси

    12:1 Ысрайыл уулдары Иордандын ары жагындагы күн чыгыш тараптагы Арнон дарыясынан Хермон тоосуна чейинки жерлерди, чыгышты карай кеткен бүт түздүктү басып алып, ал жерлердин падышаларын кырып салышты. Ал падышалар булар:

    12:2 Кешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихон. Ал Арнон дарыясынын жүүгиндеги Аройерден тартып, дарыянын ортосунан тартып, амондуктардын чек арасы болгон Жабок дарыясына чейин, Гилаттын жарымын,

    12:3 чыгыштагы Кинерет деңизине чейинки түздүктү, чыгыштагы Бейт-Айешимотко карай кеткен жолдогу Туздуу деңиз деп аталган түздүк деңизин, ал эми түштүктө Пизги тоосунун этегинде жаткан жерлерди эүлечү.

    12:4 Башан падышасы Ог. Ал Аштарот менен эдрейде жашаган репалыктардын акыркы тукуму эле.

    12:5 Ал Хермон менен Салха тоолорун жана Гешур менен Мааха чегине чейинки бүткүл Башан аймагын, Кешпон падышасы Сихондун чегине чейинки Гилаттын жарымын эүлечү.

    12:6 Теңирдин кулу Муса менен Ысрайыл уулдары аларды кырып салышты. Теңирдин кулу Муса ал жерлерди Рубейин, Гат урууларына жана Менашенин жарым уруусуна берди.

    12:7 Жашыя менен Ысрайыл уулдары Иордандын берки бети болгон батыш жагындагы, Лебанон өрөөнүндөгү Баал-Гаттан Сеирге чейин созулуп жаткан Халак тоолоруна чейинки жерлердин падышаларын кыйратышты.

    12:8 Тоолордо, ойдуң жерлерде, түздүктөрдө, тоо этектеринде, чөлдө, түштүктө жашаган хеттиктердин, аморлуктардын, канаандыктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерлерин Жашыя Ысрайыл урууларына бөлүнүшү боюнча мурас кылып бөлүп берген. Жашыя менен Ысрайыл уулдары кыйраткан падышалар булар:

    12:9 Жерихонун падышасы, Бейтелдин жанындагы Айдын падышасы,

    12:10 Иерусалимдин падышасы, Хеброндун падышасы,

    12:11 Жармуттун падышасы, Лакиштин падышасы,

    12:12 үглондун падышасы, Гезердин падышасы,

    12:13 Дебирдин падышасы, Гедердин падышасы,

    12:14 Хорманын падышасы, Араттын падышасы,

    12:15 Либнанын падышасы, Адуламдын падышасы,

    12:16 Макеттин падышасы, Бейтелдин падышасы,

    12:17 Тапуахтын падышасы, Хейпердин падышасы,

    12:18 Апейиктин падышасы, Шарондун падышасы,

    12:19 Мадондун падышасы, Хатсордун падышасы,

    12:20 Шимрон-Мерондун падышасы, Акшаптын падышасы,

    12:21 Таанахтын падышасы, Мегидонун падышасы,

    12:22 Кедештин падышасы, Кармелдин жанындагы Жокнеямдын падышасы,

    12:23 Напат-Дордун жанындагы Доранын падышасы, Гилгалдагы Гоимдин падышасы,

    12:24 Тирсанын падышасы. Бардыгы отуз бир падыша.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск