Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Падышалардын жеңилиши

    11:1 Мына ушуларды уккан Хатсор падышасы Жабин Мадон падышасы Жобапка, Шимрон падышасы менен Акшап падышасына,

    11:2 түндүк тараптагы тоодо, Кинереттин түштүк тарабындагы түздүктө, ойдуңдарда, күн батыштагы Напат-Дордо жашаган падышаларга,

    11:3 чыгышта, деңиз жакта жашаган канаандыктарга, тоодо жашаган аморлуктарга, хеттиктерге, периздиктерге, жебустуктарга жана Хермон тоосунун этегиндеги Миспа жеринде жашаган хибиликтерге чабармандарын жөнөттү.

    11:4 Ошондо алар бүт кошууну менен, көптүгү деңиз жүүгиндеги кумдай болгон көп сандаган эли менен жөнөштү. Аттар да, аттарга чегилген майдан арабалар да өтө көп эле.

    11:5 Бул падышалардын баары Ысрайыл эли менен салгылашыш үчүн чогулуп, Мейром суусунун боюна жайгашышты.

    11:6 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Булардан коркпо, анткени эртең ушул убакта мен булардын бардыгын Ысрайыл уулдарынын колуна салып берип кырдыртам. Булардын аттарынын тарамыштарын кесип, арабаларын өрттөп салгыла».

    11:7 Жашыя согушка жарактуу бардык эл менен Мейром суусунун жүүгинде аларга капыстан кол салды.

    11:8 Теңир аларды ысрайылдыктардын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды кырышты, улуу Сидонго чейин, Мисрепот-Майимге чейин, чыгышты карай кеткен Миспе өрөөнүнө чейин кууп барышты, алардан үч ким тирүү калган жок, үч ким качып кутулган жок.

    11:9 Жашыя Теңир айткандай кылды: аттарынын тарамыштарын кесип, майдан арабаларын өрттөп жиберди.

    11:10 Анан Жашыя кайтып келип, Хатсорду басып алып, падышасын кылыч менен өлтүрдү (Хатсор болсо бул падышачылыктарды башкарып турчу).

    11:11 Ал жерде жашаган бардык адамдарды кылычтап кырып салды, бир да жан тирүү калган жок, Хатсорду болсо өрттөп жиберди.

    11:12 Кудай-Теңирдин кулу Муса буйругандай, Жашыя бул падышаларды бардык шаарлары менен каратып алып, аларды кылычтап кырып салды.

    11:13 Бирок ысрайылдыктар бийик жерде турган шаарларды өрттөшкөн жок. Жашыя Хатсорду гана өрттөп жиберди.

    11:14 Бул шаарлардагы мал-мүлктү Ысрайыл уулдары талап алышты. Кишилерин болсо кылычтап кырышты, бардыгын тукум курут кылышты, бирин да тирүү калтырышкан жок.

    11:15 Теңир өз кулу Мусага кандай буйруса, Муса Жашыяга так ошондой буйрук кылган, Жашыя болсо Муса айткандай кылды. Жашыя Теңирдин Мусага буйругандарынын бирин да аткарбай койгон жок.

    Нундун уулу Жашыя басып алган жерлер

    11:16 Ошентип, Жашыя тоодогу, түштүктөгү жерлерди, Гошен жерин ойдуңдары, түздүктөрү менен, Ысрайыл тоолорун жанында жаткан түздүктөрү менен басып алды.

    11:17 Ал Сеирди карай созулган Халак тоосунан Хермон тоосуна чейинки, Лебанон өрөөнүндөгү Баал-Гатка чейинки жерлерди кыйратып, алардын падышаларын кырып салды.

    11:18 Жашыя ушул падышалардын баары менен көпкө чейин салгылашты.

    11:19 Хибиликтер жашаган Гибондон башка үч бир шаар Ысрайыл уулдары менен келишим түзгөн жок. Бардык шаарларды күч менен басып алышты.

    11:20 Анткени алардын жүрөгүнүн таш болуп калышы, Ысрайылга согуш менен каршы чыгышы Теңирден болду. Бул алардын кыргынга учурашы үчүн, аларга ырайым кылынбашы үчүн, Теңир Мусага буйругандай, тукум курут болушу үчүн болду.

    11:21 Ошол эле учурда Жашыя тоолордо, Хеброндо, Дебирде, Анапта, Жүйүттүн тоолорунда жана Ысрайыл тоолорунда жашаган анактыктарды түгөл талкалады. Жашыя аларды шаарлары менен кошо тыптыйпыл кылып салды.

    11:22 Ысрайыл уулдарынын жеринде анактыктардан бир да жан калган жок, Азада, Гатта жана Азотто гана калды.

    11:23 Ошентип, Теңир Мусага айткандай, Жашыя бардык жерди басып алды. Жашыя ал жерлерди Ысрайыл урууларына бөлүп берди. Согуш токтоп, жер үстүндө тынчтык өкүм сүрдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск