Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Басылып алына элек жерлер

    13:1 Жашыя аябай карып калган кезде, Теңир мындай деди: «Сен аябай карыдың, бирок эүлеп ала турган жерлер али өтө көп.

    13:2 үүлеп ала элек жерлер булар: бүт Пелишти аймагы менен бүт Гешур жери.

    13:3 Мисирдин чыгышындагы Шихордон тартып, түндүктөгү экрон чегине чейинки, канаандыкы болуп эсептелген жерлердеги пелиштиликтердин Азадагы, Азоттогу, Ашкелондогу, Гаттагы, экрондогу беш падышасы жана абахтыктар.

    13:4 Ал эми түштүктөгү Сидондун Мейарасынан баштап Апейикке чейин, аморлуктардын чегине чейинки бүт Канаан жери,

    13:5 ошондой эле Гебал жери жана Хермон тоосунун алдындагы күн чыгышты карай кеткен Баал-Гаттан Хаматка кире беришке чейинки бүт Лебанон жери.

    13:6 Лебанондон тартып Мисрепот-Майимге чейин жашаган бардык тоолуктарды, бардык сидондуктарды Мен Ысрайыл уулдарынын алдынан кууп чыгарам. Мен сага буйругандай, ал жерди Ысрайылга мурас кылып бөлүп бер.

    13:7 Бул жерди тогуз урууга жана Менашенин жарым уруусуна бөл».

    13:8 Ал эми Рубейин, Гат уруулары, Менаше уруусунун экинчи жарымы Теңирдин кулу Мусанын бөлүп бергени боюнча Иордандын ары жагындагы, чыгышты карай кеткен жерлерден өз элүштөрүн алышты.

    13:9 Арнон дарыясынын жүүгиндеги Аройерден тартып өзөндүн ортосундагы шаар менен Дибонго чейинки бүт Мейдеба түздүгүн,

    13:10 ошондой эле Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун амондуктардын чек араларына чейинки бардык шаарларын,

    13:11 ошондой эле Гилатты жана Гешур менен Мааха аймагын жана Хермондун бардык тоолору менен Салхага чейинки бүт Башан аймагын,

    13:12 Аштарот менен эдрейде бийлик кылган Башан падышасы Огдун бүт аймагын алышты. Ог болсо Муса талкалап кууп чыккан репалыктардан жалгыз калган.

    13:13 Бирок Ысрайыл уулдары Гешур менен Мааханын тургундарын кууп чыгышкан жок. Гешур менен Мааханын тургундары бүгүнкү күнгө чейин ысрайылдыктардын арасында жашашат.

    13:14 Бир гана Леби уруусуна ал элүш бөлүп берген жок, Теңир ага айткандай, ысрайылдыктардын Кудайына чалынган курмандыктар – алардын элүшү.

    Рубейин уруусунун элүшү

    13:15 Рубейин уулдарынан тараган ар бир эй-бүлөгө Муса элүш бөлүп берген.

    13:16 Алардын чеги Арнон дарыясынын жүүгиндеги Аройер, өрөөндүн ортосундагы шаар жана Мейдебанын алдындагы бүт түздүк болду.

    13:17 Кешпон аймагы жана түздүктөгү ага караштуу бардык шаарлар: Дибон, Бамот-Баал, Бейт-Баал-Мейон,

    13:18 Жаас, Кедемот жана Мейпаат,

    13:19 Кирийатайим, Сыбма жана эймек тоосундагы Серет-Ашахар,

    13:20 Бейт-Пейор жана Пизги тоосунун этегиндеги жерлер менен Бейт-Айешимот,

    13:21 түздүктөгү бардык шаарлар, Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун жерлери. Муса аны, ошондой эле Мидиан жол башчылары: эбини, Рекемди, Сурду, Хурду, Ребаны, ал жерлерде жашаган Сихондун төрөлөрүн өлтүргөн.

    13:22 Ысрайыл уулдарынын кылычынан өлгөндөрдүн ичинде Бейордун уулу, көзү ачык Билам да бар эле.

    13:23 Рубейин уулдарынын чек арасы Иордан болгон. Рубейин уулдарынан тараган эй-бүлөлөргө берилген элүш, шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.

    Гат уруусунун элүшү

    13:24 Муса ошондой эле Гат уруусуна, Гат уулдарынан тараган эй-бүлөлөргө элүш берген.

    13:25 Алардын элүшү: Жазер жана бардык Гилат шаарлары менен Рабенин алдындагы Амон уулдарынын Аройерге чейинки жеринин жарымы,

    13:26 Кешпондон тартып Рамат-Миспе менен Бетонимге чейин, Маханайимден тартып Дебир чегине чейинки жерлер.

    13:27 Ошондой эле Бейт-Арам өрөөнү менен Бейт-Нимра, Сукот жана Сапон өрөөндөрү, Кешпон падышасы Сихондун калган жери. Анын элүшү Иордандын чыгышындагы Кинерет деңизине чейинки жерлер эле.

    13:28 Гат уулдарынан тараган эй-бүлөлөрдүн элүшүнө берилген шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.

    Менаше уруусунун түштүктөгү элүшү

    13:29 Муса Менашенин жарым уруусуна да элүш берген, Менашенин жарым уруусундагы ар бир эй-бүлөгө элүш бөлүп берген.

    13:30 Алардын жери: Маханайимден тартып бүт Башан аймагы, Башан падышасы Огдун бүт падышачылыгы, Жайырдын Башандагы бардык шаарчалары, бардыгы болуп алтымыш шаар.

    13:31 Гилаттын жарымы, Аштарот жана эдрей шаарлары – Башан падышасы Огдун карамагындагы шаарлар Менашенин уулу Махирдин уулдарынын жарымына бөлүнгөн.

    13:32 Иордандын аркы өйүзүнөн чыгышка карай кеткен Жерихонун каршысындагы Маап түздүгүнөн Муса берген элүштөр ушулар.

    13:33 Бирок Муса Леби уруусуна элүш бөлгөн эмес, Теңир аларга айткандай, алардын элүшү – ысрайылдыктардын Кудай-Теңири өзү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск