Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    14:1 Ысрайыл уулдары Канаан жеринде элүшкө алган жерлер мына ушулар. Бул жерлерди аларга ыйык кызмат кылуучу элазар, Нундун уулу Жашыя жана Ысрайыл урууларынын уруу башчылары бөлүп беришкен.

    14:2 Алар өкчөмө таш ыргытып, Теңир Муса аркылуу буйругандай, тогуз урууга жана Менашенин жарым уруусуна элүш бөлүштүрүштү.

    14:3 Муса эки урууга жана Менашенин жарым уруусуна Иордандын аркы өйүзүнөн элүш бөлдү. Уруулардын ичинен Леби уруусуна элүш бөлгөн жок.

    14:4 Анткени Жусуптун уулдарынан эки уруу тараган, алар: Менаше жана эпрайым уруулары. Ошондуктан алар лебилерге элүшкө жер беришкен жок, алар жашаганга, алардын мал-мүлкүнө тегерек-чети менен шаарларды гана беришти.

    14:5 Жер бөлүштүрүүдө Ысрайыл уулдары Теңир Мусага кандай айтса, так ошондой кылышты.

    Калептин элүшү

    14:6 Жүйүттүн уулдары Гилгалга, Жашыяга келишти. Кеназдык Жепундун уулу Калеп Жашыяга мындай деди: «Кудайдын кишиси Мусага Теңир Кадеш-Барнейиде сен экөөбүз жөнүндө эмне дегенин билесиң.

    14:7 Кудай-Теңирдин кулу Муса мени Кадеш-Барнейиден жер чалып келүүгө жөнөткөндө, кырк жашта элем. Мен ага жооп кылып, жүрөгүмдө болгонду айтып келгем.

    14:8 Мени менен барган бир туугандарым элди коркутуп салган. Мен болсо өз Кудай-Теңиримдин айтканындай кылгам.

    14:9 Муса ошол күнү мындай деп ант берген: “Бутуң баскан жерлер түбөлүккө сенин жана сенин уулдарыңдын элүшү болот, анткени сен менин Кудай-Теңиримдин айтканындай кылдың”.

    14:10 Ошентип, Теңир өзү айткандай, мени аман-үсен сактап келди. Теңир бул сөздү Мусага айткандан бери, Ысрайыл чөлдө жүргөндөн бери кырк беш жыл өттү. Азыр мен сексен бештемин.

    14:11 Бирок мен азыр да, Муса мени жөнөткөн учурдагыдай эле күүлүү-күчтүүмүн. Ошол учурда канчалык күч-кубатым болсо, азыр да согушууга, кирип-чыгууга ошончолук күч-кубатым бар.

    14:12 Ошондуктан ошол күнү Теңир айткан бул тоолуу аймакты мага бер, анткени ал тоодо Анактын уулдары жашарын, алардын шаарлары чоң, чептүү шаарлар экенин ошол күнү уккансың. Балким, Теңир мени менен болор, ошондо Теңир айткандай, мен аларды кууп чыгармын».

    14:13 Жашыя Жепундун уулу Калепке батасын берип, ага Хебронду элүшкө берди.

    14:14 Ысрайылдыктардын Кудай-Теңиринин буйругун так аткаргандыгы үчүн, Хеброн – бүгүнкү күнгө чейин кеназдык Жепундун уулу Калептин элүшү.

    14:15 Хеброн мурда Анактын уулдарынын арасындагы бир алп адамдын атынан Кирийат-Арба деп аталчу. Ошондон кийин өлкөдө тынчтык өкүм сүрдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск