Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Плач Иеремии 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Иерусалимдин жазалангандыгы жөнүндө

    2:1 Теңир Сион кызына өзүнүн каарынын кара булутун каптатты! Ысрайылдын көркүн асмандан жерге кулатты, өзү каарданган күнү өзүнүн буттары турган жерди эсине алган жок.

    2:2 Теңир Жакыптын бардык турак жайларын талкалады, аяган жок. Теңир каарданып, Жүйүт кызынын чептерин кыйратып, жерге кулатты, анын падышачылыгын жана төрөлөрүн четке какты.

    2:3 Катуу каарданып, Ысрайылдын бүт мүйүздөрүн сындырды. Душманга каршы сунулган өзүнүн оң колун тартып алды, тегерегиндегинин баарын жалмаган, алоолонгон оттой болуп, Жакыпка каршы жалындады.

    2:4 Душмандай болуп өз жаасын тартты, жоодой болуп өзүнүн оң колун каршы сунду, көздү суктанткандардын баарын өлтүрдү. Сион кызынын жыйын чатырына өзүнүн каарын оттой төктү.

    2:5 Теңир душмандай болуп калды, Ысрайылды жок кылды, анын бүт үйлөрүн кыйратты, анын чептерин талкалады, Жүйүт кызынын кайгысы менен ыйын көбөйттү.

    2:6 Бактын тосмосун алып салгандай, Ал өз коргонун алып салды. өзүнүн жамааты чогулган жайды талкалады. Теңир Сиондо өткөрүлүүчү майрамдар менен ишемби күндөрдү үстен чыгарууга мажбур кылды. Катуу каарданып, падышаны жана ыйык кызмат кылуучуну четке какты.

    2:7 Теңир өзүнүн курмандык чалынуучу жайын четке какты, өзүнүн ыйык жайынан өзүнүн жүрөгүн буруп кетти, анын үйлөрүнүн дубалдарын душмандардын колуна салып берди. Теңирдин үйүндө алар майрам күндөгүдөй дуулдап жатышты.

    2:8 Теңир Сион кызынын дубалдарын кыйратууга чечим чыгарды, аркан тартты, өз колун тартып алган жок, кыйратуусун токтоткон жок. Сырткы чептерин талкалады, дубалдарын кошо кыйратты.

    2:9 Анын дарбазалары жерге матырылып калды. Теңир алардын кулпуларын талкалады, сындырды. Анын падышасы да, төрөлөрү да бутпарастардын арасында. Алар үчүн мыйзам жок болуп калды, анын пайгамбарлары Теңирден көрүнүш көрбөй калышты.

    2:10 Сион кызынын карылары баштарына күл чачып, зумбал курчанып, жерде унчукпай отурушат. Иерусалим кыздары баштарын жерге салышты.

    2:11 Көз жашымды төгө берип, көзүм начарлап калды, жаным кыйналып жатат, өз элимдин кызынын кырылганынан улам боорум эзилип, жерге төгүлүп жатат. Анткени балдар менен эмчектеги ымыркайлар ачарчылыктан шаардын көчөлөрүндө өлүп жатышат.

    2:12 Алар шаардын көчөлөрүндө жарадарларга окшоп өлүп бара жатып, энелерине: «Нан менен шарап кана?» – деп, энелеринин кучагында жан берип жатышат.

    2:13 Мен сага эмнени айтсам болот, сени эмнеге салыштырсам болот, Иерусалим кызы? Кыз, Сион кызы, сооротуш үчүн сени эмнеге окшоштурсам болот? Анткени сенин жараатың деңиздей чоң. Сени ким сакайта алат?

    2:14 Пайгамбарларың сага пайдасыз, жалган нерселерди айтышты, сени туткундалып кетүүдөн алдын ала сактап калыш үчүн мыйзамсыз иштериңди ачышкан жок. Сенин куугунтукталып кетүэңө себеп болгон жалган аяндарды айтышты.

    2:15 Жолдо өтүп бара жаткандардын бардыгы сени көрүп, алакандарын шак коюп жатышат. Ышкырып, баштарын чайкап: «Сулуулуктун жеткилеңдиги, бүт жер жүзүнүн кубанычы деген шаар ушулбу?» – деп, Иерусалим кызы жөнүндө айтып жатышат.

    2:16 Душмандарыңдын бардыгы ооздорун араандай ачып, ышкырып, тиштерин кычыратып: «Аны биз жуттук, биз ушул күндү гана күткөнбүз, күткөнүбүз келди, көзүбүз менен көрдүк», – деп жатышат.

    2:17 Теңир эмнени белгилесе, ошону жүзөгө ашырды. өзүнүн байыркы күндөрү айткан сөзүн аткарды, аёосуз талкалады. Душмандын сени жеңип кубануусуна жол берди, душмандарыңдын мүйүзүн жогору көтөрдү.

    2:18 Алардын жүрөгү Теңирге кайрылып ыйлап жатат. Оо Сион кызынын дубалы! Көз жашыңды күнү-түнү дарыядай агыз, жаныңды жай алдырба, көзүңдүн каректерин эс алдырба.

    2:19 Тур, түн ичинде кайрыл, ар бир күзөт маалы башталганда кайрыл: Теңирдин алдында жүрөгүңдү суудай төк. Көчөлөрдүн булуң-бурчтарында ачарчылыктан өлүп жаткан балдарыңдын жаны үчүн Ага колуңду сун.

    2:20 «Кара, Теңир, көр, Сен кимге ушундай кылдың? Аялдар өз балдарын, эмчек берип баккан өз наристелерин жеп жатышат. Теңирдин ыйык жайында ыйык кызмат кылуучуну жана пайгамбарды өлтүрүп жатышат.

    2:21 Балдар менен карылар жерде, көчөлөрдө жатышат. Кыздарым менен уландарым кылычтан өлүштү. Сен аларды өзүң каарданган күнү өлтүрдүң, аёосуз сойдуң.

    2:22 Сен мага коркунучтарды, майрамга чакыргандай, туш тараптан чакырдың. Теңир каарын төккөн күнү үч ким качып кутулган жок, үч ким тирүү калган жок. Багып өстүргөнүмдүн баарын өзүмдүн душманым жок кылды».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск