Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Плач Иеремии 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кыйраган Иерусалим үчүн кайгыруу

    1:1 Бир кезде көп элдүү болгон шаар жесир аялдай болуп жалгыз отурат! элдердин арасындагы улуу шаар, дубандардын төрөсү салык төлөөчү болуп калды.

    1:2 Түнкүсүн ал катуу ыйлайт, анын көзүнөн жаш куюлат. Аны сүйгөндөрдүн ичинен сооротор үч кимиси жок. Досторунун баары ага чыккынчылык кылышты, ага душман болуп калышты.

    1:3 Жүйүт алааматтын, оор кулчулуктун айынан туткундалып кетти, бутпарастардын арасына көчүп барды, бирок тынчтык таба алган жок, куугунтуктагандардын баары аны тар жерлерде кууп жетишти.

    1:4 Сион жолдору капаланып жатат, себеби майрамга барган үч ким жок. Анын бүт дарбазаларынын алды бош калды. Анын ыйык кызмат кылуучулары эшкүрүп жатышат, анын кыздары кайгыга батты, ал өзү да кайгырып жатат.

    1:5 Ага өзүнүн душмандары башчылык кылып жатат, анын кас адамдары жыргап жашап жатышат, анткени Теңир ага өзүнүн көптөгөн мыйзамсыздыктары үчүн алаамат түшүрдү. Балдары душмандарынын алдына түшүп туткундалып кетишти.

    1:6 Ошентип, Сион кызынан көрк кетти. Анын төрөлөрү жайыт таппаган бугулардай болуп калышты. Алсыраган алар куугунчулардын алдына түшүштү.

    1:7 Иерусалим өзүнүн башына алаамат түшкөн күндөрү, азап чеккен күндөрү өзүнүн мурунку баалуулуктарын үстеди. эли душмандын колунан кырылып жатканда, ага үч ким жардамга келген жок. Душмандары аны карап, анын ишемби күндөрүн шылдыңдап күлүп жатышат.

    1:8 Иерусалим оор күнөөгө батты, ошондуктан жийиркеничтүү болуп калды. Мурда даңктап жүргөндөрдүн баары азыр аны жек көрө карашат, анткени анын жылаңачтыгын көрүштү, ал өзү да эшкүрүнө жүзүн бурат.

    1:9 Анын этегинде ыпыластык бар эле, бирок ал өз келечеги жөнүндө ойлогон эмес, ошондуктан ал өзгөчө кемсинди, анын сооротору жок. «Теңир, менин башыма түшкөн оор күнгө назар сал, анткени душманым салтанат куруп жатат!»

    1:10 Душман анын эң кымбат нерселерине колун сунду. Ал өзүнүн ыйык жайына бутпарастардын кантип кирип жатканын көрүп турат. Сен бутпарастарды өзүңдүн ыйык жамаатыңа кирбесин деп буйругансың.

    1:11 Анын бүт эли нан издеп эшкүрүп жатат, жанына кубат берчү тамак үчүн өзүнүн эң кымбат нерселерин берип жатат. «Теңир, кара, менин кандай кемсингенимди көр!

    1:12 Жол менен өтүп бара жаткандар, силердин башыңарга мындай күн түшпөсүн! Карап көргүлөчү, мен чалдыккан оорудай оору бар бекен? Теңир мага өзүнүн жалындаган каарын төккөн күнү жиберген оорудай оору бар бекен?

    1:13 Жогору жактан Ал менин сөөктөрүмө от жиберди, от сөөктөрүмдү кургатты. Буттарыма тузак тартып, мени көмөлөнттү, мени жакыр жана күн сайын жапа чеккен адам кылды.

    1:14 Менин мыйзамсыздыктарымдын моюнтуругу Анын колунда байланып турат. Алар бири-бирине байланып, мойнума салынды. Ал мени алсыратты. Теңир мени каршы турууга күчүм жетпеген душмандарымдын колуна салып берди.

    1:15 Менин бүт күчтүүлөрүмдү Теңир өз жеримде кулатты. Менин уландарымды жок кылуу үчүн, мага каршы эл чакырды. Кызды, Жүйүт кызын, Теңир жүзүм сыгылуучу жайда тебелегенсип тебеледи.

    1:16 Мен ушул тууралуу ыйлап жатам. Көзүмдүн жашы көл болду, анткени менин жанымды тирилте турган сооротуучу менден алыс. Балдарым кыргынга учурады, анткени душман мени жеңди».

    1:17 Сион өз колун сунуп жатат, бирок анын сооротуучусу жок. Теңир душмандарга Жакыпты курчоону буйрук кылды. Алардын арасында Иерусалим жийиркеничтүү болуп калды.

    1:18 «Теңир адилеттүү, анткени мен Анын сөзүнө моюн сунган эмесмин. Бардык элдер, уккула, менин оорумду көргүлө: кыздарым менен уулдарым туткундалып кетишти.

    1:19 Досторумду чакырдым, бирок алар мени алдап кетишти. Ыйык кызмат кылуучуларым менен аксакалдарым жандарына бир аз кубат алыш үчүн, шаарда нан издеп эшкүрүп жүрүшөт.

    1:20 Теңир, көз кырыңды сал, анткени мен Сага көшөрүп каршы турганым үчүн кыйналып жатам, жаным жай таппай жатат, жүрөгүм эңшерилип кетти. Сырттан кылыч мени балдарымдан ажыратты, ал эми үйүмдөн өлүм конуш алды.

    1:21 Менин онтоп жатканымды угушту, бирок менин сооротуучум жок. Бүт душмандарым менин башыма түшкөн мүшкүл жөнүндө угуп, муну Сен кылганың үчүн кубанып жатышат. Оо, эгерде Сен өзүң алдын ала айткан күндү кел деп буйруй турган болсоң, анда алар да мага окшоп калышат эле!

    1:22 Алардын бардык кыянат иштери Сенин алдыңа келсе экен. Бүт күнөөлөрүм үчүн Сен мени кандай жазаласаң, аларды да ошондой жазала, анткени мен катуу онтоп жатам, жүрөгүм сыздап жатат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск