Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Дененин тазалыгы жөнүндөгү мыйзам

    15:1 Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:

    15:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: “Кимдин жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса, ал таза эмес болуп эсептелет.

    15:3 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып таза эмес болуп калган адам жөнүндөгү мыйзам мындай: жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса да, акпай кармалса да, ал таза эмес болуп эсептелет.

    15:4 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши жаткан төшөк таза эмес, ал отурган нерсенин баары таза эмес.

    15:5 Ким анын төшөгүнө тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:6 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши отурган жерге ким отурса, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:7 Ким жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган кишиге колун тийгизсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:8 үгерде жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши таза кишиге түкүрсө, анда ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:9 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши отурган унаадагы орундук кечке чейин таза эмес болот.

    15:10 Ким анын астына салынган кандайдыр бир нерсеге тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот. Ал нерсени ким көтөрсө, кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:11 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши колун жуубай туруп бирөөгө тийгизсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:12 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши колун тийгизген чопо идишти талкалап салыш керек, жыгач идиш болсо, сууга жууш керек.

    15:13 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши ириңинен арылгандан кийин, тазаланыш үчүн, өзүнө жети күн эсептеп алып, кийимдерин жууп, денесин агын сууга жуусун, ошондо ал таза болот.

    15:14 Ал эми сегизинчи күнү ал эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып, Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына келип, аларды ыйык кызмат кылуучуга берет.

    15:15 Ыйык кызмат кылуучу ал канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны жыныстык мүчөсүнөн агып турган ириңинен ошентип тазалайт.

    15:16 Кимдин эрендиги агып кетсе, анда ал бүт денесин сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:17 үрендик түшүп калган кийимди да, булгаарыны да сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:18 үгерде эркек аял менен жатып, эрендиги куюлса, анда экөө тең суу менен жуунсун, алар кечке чейин таза эмес болушат.

    15:19 үгерде аялдын айызы келсе, анда ал тазаланыш үчүн, жети күн эйдө отурсун. Ким ал аялга тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:20 Ал тазаланып жаткан убакта жаткан нерсенин баары таза эмес болуп эсептелет. Ал отурган нерсенин баары таза эмес болуп эсептелет.

    15:21 Ким анын төшөгүнө тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:22 Ким ал аял отурган кандайдыр бир буюмга тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:23 Ким ал аялдын төшөгүндөгү бир нерсеге же ал отурган нерсеге тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:24 үгерде күйөөсү ал аял менен жатса, анда анын таза эместиги күйөөсүнө өтөт. Күйөөсү жети күн таза эмес болот, ал жаткан төшөк да таза эмес.

    15:25 үгерде аялдан айызы келип жатканда эмес, башка убакта көп күнгө чейин кан акса, же ал кан демейдеги айызынан да көп акса, анда ал аял каны агып жатканда, айызы келген убагындагыдай эле, таза эмес болот.

    15:26 Айызы келип жаткан убагындагы төшөк сыяктуу эле, кан агып жаткан убагында аял жаткан төшөк да таза эмес. Айызы келип жаткан убагындагы нерсе сыяктуу эле, кан агып жаткан убагында аял отурган нерсе да таза эмес.

    15:27 Ким аларга тийсе, ал таза эмес, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    15:28 Аял канынан арылгандан кийин, өзүнө жети күн эсептеп алсын, ошондон кийин ал таза болот.

    15:29 Сегизинчи күнү аял жыйын чатырынын кире беришине, ыйык кызмат кылуучуга эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келет.

    15:30 Ыйык кызмат кылуучу канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны денесинен аккан канынан ошентип тазалайт.

    15:31 Алардын арасындагы Менин турагымды булгап, өздөрүнүн таза эместигинен өлбөшү үчүн, Ысрайыл уулдарын таза эместигинен ушинтип арылткыла».

    15:32 Денесинен ириң агып турган, эрендиги агып кетип таза эмес болуп калгандар жөнүндөгү,

    15:33 айызы келген аял жөнүндөгү, таза эмес нерсеси аккан эркек же аял жөнүндөгү, таза эмес аялы менен жаткан эркек жөнүндөгү мыйзам ушул”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск