Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Он кыз жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    25:1 Ошондо Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: он кыз колдоруна чырактарын алып, күйөөнү утурлап чыгышат.

    25:2 Алардын бешөө акылдуу, бешөө акылсыз эле.

    25:3 Акылсыздары чырактарын ала чыгышканы менен, майын албай чыгышат.

    25:4 Акылдуулары болсо чырактары менен кошо идиштерине май да ала чыгышат.

    25:5-6 Күйөө кечиккенинен улам, баары эргүлөп, уктап калышат. Бирок түн ортосунда “Күйөө келе жатат, аны тосуп чыккыла” деген кыйкырык чыгат.

    25:7 Ошондо кыздар тура калып, чырактарын оңдошот.

    25:8 Акылсыздары акылдууларга: “Чырактарыбыз өчүп баратат, бизге майыңардан кайрылышкылачы”, – дешет.

    25:9 Акылдуулар: “Бизге да, силерге да жетпей калбашы үчүн, сатуучуларга барып, сатып алгыла”, – дешет.

    25:10 Алар май сатып алганы кеткенде, күйөө келип калат. Даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тоюна киришет, алардын артынан эшиктер жабылат.

    25:11 Андан кийин берки кыздар келип: “Кожоюн! Кожоюн! эшикти ач!” – дешет.

    25:12 Ал: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен силерди тааныбайм”, – деп жооп берет.

    25:13 Ошондуктан сергек болгула, себеби Адам Уулунун келер күнүн да, саатын да билбейсиңер.

    Таланттар жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    25:14 Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир адам бөтөн жерге кетип жатып, кулдарын чакырып, аларга акча-каражатын тапшырат:

    25:15 ар бирөөнүн алына жараша: бирине беш, бирине эки, бирине бир талант берип, жолго чыгат.

    25:16 Беш талант алганы дароо барып, акчаны айландырып, беш талант пайда табат.

    25:17 үки талант алганы да эки талант пайда табат.

    25:18 Бир талант алганы болсо барат да, кожоюнунун акчасын жерге көөмп коёт.

    25:19 Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, кожоюн келип, кулдардан эсеп-кысап талап кылат.

    25:20 Беш талант алганы дагы беш талант алып келип: “Кожоюн! Сен мага беш талант бердиң эле, мына, беш талант пайда таптым”, – дейт.

    25:21 Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.

    25:22 үки талант алганы да келип: “Кожоюн! Сен мага эки талант бердиң эле, мына, эки талант пайда таптым”, – дейт.

    25:23 Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.

    25:24 Бир талант алганы келип: “Кожоюн! Сенин экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган ырайымсыз адам экениңди билгем.

    25:25 Коркконумдан, берген талантыңды жерге көөмп койгом. Мына, бергениңди ал!” – дейт.

    25:26 Кожоюну ага мындай деп жооп берет: “Жаман, жалкоо кул! экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган адам экенимди билесиң.

    25:27 Ошон үчүн менин күмүшүмдү пайызга берип коюшуң керек эле. Мен келип, кирешеси менен алат элем.

    25:28 Мунун колунан талантты алгыла да, он таланты бар кулга бергиле.

    25:29 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, аныкы мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан колунда болгон нерсеси да тартылып алынат.

    25:30 Бул пайдасыз кулду сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”». Ыйса муну айткандан кийин: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун», – деди.

    Ыйса Теңирдин сот жүргүзүүсү

    25:31 Адам Уулу өз атак-даңкы менен, өзүнүн бардык периштелери менен келгенде, өзүнүн даңктуу тактысына отурат.

    25:32 Бардык эл Анын алдына чогулат. Койчу койлорду эчкилерден бөлүп алгандай эле, Ал адамдарды экиге бөлөт.

    25:33 Койлорду өзүнүн оң жагына, эчкилерди сол жагына коёт.

    25:34 Анан Падыша өзүнүн оң жагында тургандарга мындай дейт: “Атамдын батасын алгандар, келгиле. Дүйнө жарала электе эле силер үчүн даярдалган Падышачылыкты мураска алгыла.

    25:35 Анткени Мен ачка болгондо, тамак, суусаганда, суу бердиңер. Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алдыңар.

    25:36 Жылаңач болгонумда, силер Мени кийинттиңер. Ооруганымда, силер Мага келдиңер. Түрмөдө отурганымда, силер Мага келдиңер”.

    25:37 Ошондо адил адамдар Ага мындай деп жооп беришет: “Теңир! Качан биз Сенин ачка болгонуңду көрүп, тамак бердик эле? Качан биз Сенин суусаганыңды көрүп, суу бердик эле?

    25:38 Качан биз Сенин жолоочу болгонуңду көрүп, кабыл алдык эле? Качан биз Сенин жылаңач болгонуңду көрүп, кийинттик эле?

    25:39 Качан биз Сенин ооруп жатканыңды же түрмөдө отурганыңды көрүп, Сага келдик эле?”

    25:40 Падыша аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылганыңар, Мага кылганыңар”.

    25:41 Анан сол жагындагыларга мындай дейт: “Каргышка калгандар, Менин жанымдан кеткиле! Шайтан менен анын жиндери үчүн даярдалган түбөлүк отко түшкүлө.

    25:42 Анткени Мен ачка болгондо, силер Мага тамак берген эмессиңер. Суусаганымда, суу берген эмессиңер.

    25:43 Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алган эмессиңер. Жылаңач болгонумда, кийинткен эмессиңер. Ооруганымда, түрмөдө отурганымда, силер Мага келген эмессиңер”.

    25:44 Ошондо алар Андан: “Теңир! Сенин ачка болгонуңду, суусаганыңды, ооруганыңды, түрмөдө отурганыңды биз качан көрдүк эле, качан Сага кызмат кылбай койдук эле?” – деп сурашат.

    25:45 Ал болсо аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылбаганыңар, Мага кылбаганыңар”.

    25:46 Булар түбөлүккө азап чегишет, адил адамдар болсо түбөлүк өмүргө эү болушат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск