Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Ыйса Зайтун тоосунда

    24:1 Ыйса ийбадатканадан чыгып кетип бара жатканда, ийбадаткананын имараттарын көрсөтүш үчүн, шакирттери жанына келишти.

    24:2 Ыйса аларга: «Булардын баарын көрүп турасыңарбы? Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат», – деди.

    Теңирдин экинчи жолку келүүсү

    24:3 Ыйса Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына келип: «Бизге айтып берчи, бул качан болот? Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

    24:4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерди бирөө адаштырып кетпес үчүн, сак болгула.

    24:5 Анткени: “Машайак Менмин”, – деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келип, көп адамдарды адаштырышат.

    24:6 Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула! Анткени булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес!

    24:7 Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот.

    24:8 Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана.

    24:9 Ошондо силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.

    24:10 Ошондо көптөр азгырылышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт.

    24:11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, көптөрдү адаштырат.

    24:12 Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат.

    24:13 Акырына чейин чыдаган адам куткарылат.

    24:14 Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет.

    Келе турган улуу кайгы

    24:15 Окуган адам түшүнүп алсын: ошентип, Даниел пайгамбар аркылуу айтылган кыйратуучу жийиркенич ыйык жайда турганын көргөнүңөрдө,

    24:16 Жүйүт аймагындагылар тоолорго качып кетишсин.

    24:17 Ким эйдүн үстүндө болсо, ал үйүнөн бир нерсе алуу үчүн түшпөсүн.

    24:18 Ким талаада болсо, ал кийимдерин алуу үчүн, артка кайтпасын.

    24:19 Ошол күндөрү кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот.

    24:20 Качууңар кышка же ишемби күнүнө туура келип калбас үчүн, сыйынгыла.

    24:21 Анткени ошондо жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот.

    24:22 үгерде ал күндөр кыскартылбаса, үч бир адам куткарылмак эмес. Ал күндөр тандалгандар үчүн гана кыскартылат.

    24:23 үгерде ошондо кимдир бирөө силерге: “Машайак мына, бул жерде” же “Тигине, тигил жерде”, – десе, ишенбегиле.

    24:24 Анткени жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мүмкүн болсо тандалгандарды да адаштыруу үчүн, чоң жышаандарды жана ажайыптарды көрсөтүшөт.

    24:25 Мына, Мен силерге алдын ала айттым.

    24:26 Ошондуктан, эгерде силерге: “Мына, Ал эүн талаада”, – дешсе, чыкпагыла; “Мына, Ал ички бөлмөдө”, – дешсе, ишенбегиле.

    Ыйса Теңирдин даңк менен келүүсү

    24:27 Анткени Адам Уулу чыгыштан батышка чейин жарк этип көрүнгөн чагылган сыяктуу келет.

    24:28 өлүк кайсы жерде болсо, жору-кузгун ошол жерге чогулат.

    24:29 Ошол күндөрдөгү алааматтан кийин күн караңгылап, ай өз жарыгын бербей калат. Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү кыймылдайт.

    24:30 Ошондо асмандан Адам Уулунун жышааны көрүнөт. Жер үстүндөгү бардык элдер боздошот жана Адам Уулунун асмандагы булуттар үстүндө улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

    24:31 Ал чоң сурнай тарткан периштелерин жиберет, алар Кудай тандап алган адамдарды төгөрөктүн төрт бурчунан чогултушат.

    Анжыр дарагына салыштыруу

    24:32 Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары көөп, бүчүр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесиңер.

    24:33 Ошол сыяктуу эле силер да мунун баарын көргөнүңөрдө, аз убакыт калганын, босогодо турганын билсеңер болот.

    24:34 Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

    24:35 Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт.

    24:36 Ал күн жана саат жөнүндө Атамдан башка үч ким билбейт, асмандагы периштелер да билбейт.

    24:37 Адам Уулу келген убакта Нухтун убагындагыдай болот.

    24:38 Топон сууга чейин, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен.

    24:39 Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин ойлонушкан эмес. Адам Уулу келгенде да ошондой болот.

    24:40 Ошондо талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.

    24:41 Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.

    Ыйсанын экинчи жолку келүүсүн күтүү жөнүндө

    24:42 Ошондуктан сергек болгула, анткени Теңириңердин кайсы убакта келерин билбейсиңер.

    24:43 Ууру түндүн кайсы убагында келерин эй эүси билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер.

    24:44 Ошондуктан силер да даяр болгула. Анткени Адам Уулу силер күтпөгөн убакта келет.

    24:45 Кулдардын тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?

    24:46 Кожоюну кайтып келгенде, иштеп жаткан кул бактылуу.

    24:47 Силерге чындыкты айтып коёюн, кожоюн өзүнүн бүт мал-мүлкүн ал кулга ишенип тапшырат.

    24:48 Кулу жаман чыгып, “Кожоюнум жакында келбейт”, – деп ойлоп,

    24:49 жолдошторун уруп-сабап, шарапкорлор менен ичип-жей баштаса,

    24:50 кулдун кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал ойлобогон убакта келет да,

    24:51 аны бөлө чаап, эки жүздүүлөргө тиешелүү жаза менен жазалайт. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск