Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Мыйзам окутуучулар менен фарисейлердин эки жүздүүлүгү

    23:1 Андан кийин Ыйса элге жана өз шакирттерине мындай деди:

    23:2 «Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Муса пайгамбардын ордун басышты.

    23:3 Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла, сактагыла. Бирок алардын кылганын кылбагыла, анткени алар айткандарын өздөрү аткарышпайт.

    23:4 Көтөрө алгыс оор жүктөрдү таңып, адамдардын ийнине артып коюшат. өздөрү болсо ага колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт.

    23:5 Бардык иштерин элдин көзүнө көрүнүү үчүн жасашат. Чекелери менен колдоруна байлаган мыйзам жазылган кайыш кутучаларынын көлөмүн чоңойтушуп, кийимдерине таккан чачыларын узартышат.

    23:6 Ошондой эле тойлордо төрдө отурууну, синагогаларда алдыңкы орундарда отурууну,

    23:7 үл чогулган жайларда алик алууну жана адамдардын аларга “Устат! Устат!” деп кайрылып турганын жакшы көрүшөт.

    23:8 Ал эми силер “Устат” деп аталбагыла, анткени силердин бир гана Устатыңар бар, Ал – Машайак, силер болсо бир туугансыңар.

    23:9 Жер үстүндө үч кимди “Ата” дебегиле, анткени силердин бир гана Атаңар бар, Ал – асмандагы Атаңар.

    23:10 “Жол башчы” деп да аталбагыла, анткени силердин бир гана Жол башчыңар бар, Ал – Машайак.

    23:11 Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун.

    23:12 Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн басынтса, ал көтөрүлөт.

    Ыйсанын мыйзам окутуучулар менен фарисейлерди ашкерелеши

    23:13 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Асман Падышачылыгына адамдардын кирүүсүнө тоскоолдук кыласыңар. өзүңөр кирбейсиңер, киргиси келгендерди да киргизбейсиңер.

    23:14 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Жесирлердин эй-жайын тонойсуңар, эки жүздүүлөнүп узакка сыйынасыңар. Ошого жараша алчу жазаңар да оор болот.

    23:15 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Ишенимиңерди бир адам болсо да кабыл алышы үчүн, жер-сууну айланып чыгасыңар. Кабыл алгандан кийин, аны өзүңөрдөн эки эсе ашып түшкөн оттуу көл уулуна айландырасыңар.

    23:16 Сокур жол башчылар, силерге кайгы! Силер: “Ийбадаткананы оозанып ант берген үч нерсе эмес, ийбадаткананын алтынын оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – дейсиңер.

    23:17 Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, алтынбы же алтынды ыйык кылган ийбадатканабы?

    23:18 “Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген үч нерсе эмес, курмандыкты оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – деп да айтасыңар.

    23:19 Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, курмандыкпы же курмандыкты ыйык кылган курмандык чалынуучу жайбы?

    23:20 Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген адам курмандык чалынуучу жайды жана анын үстүндөгүнүн баарын оозанып ант берген болот.

    23:21 Ийбадаткананы оозанып ант берген адам ийбадаткананы да, ийбадатканада жашаган Кудайды да оозанып ант берген болот.

    23:22 Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын жана тактыда отурган Кудайды оозанып ант берген болот.

    23:23 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар. Тигини да кылыш керек, бирок муну калтырбаш керек эле!

    23:24 Сокур жол башчылар! Чиркейди чыпкалап саласыңар, төөнү болсо жутуп коёсуңар!

    23:25 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи талап-тоноочулук менен адилетсиздикке толгон.

    23:26 Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот.

    23:27 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар.

    23:28 Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.

    23:29 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын үстелигин жасалгалайсыңар.

    23:30 “Ата-бабаларыбыздын заманында жашаган болсок, аларга окшоп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз”, – дейсиңер.

    23:31 Пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди өзүңөр эле ушинтип күбөлөндүрүп жатпайсыңарбы.

    23:32 Ата-бабаларыңардын кыянат иштерин чегине жеткиргиле.

    23:33 Жыландар, жылан тукумдары! Оттуу көлдөн кантип качып кутуласыңар?

    23:34 Ошон үчүн Мен силерге пайгамбарларды, даанышмандарды жана мыйзам окутуучуларды жиберип жатам. Силер болсо алардын күү бирөөлөрүн өлтүрөсүңөр жана айкаш жыгачка кадайсыңар, күү бирөөлөрүн синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга кууйсуңар.

    23:35 Адилеттүү Абылдын канынан тартып, ийбадаткана менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда силер өлтүргөн Берехия уулу Захариянын канына чейинки адил адамдардын төгүлгөн каны силердин мойнуңарда!

    23:36 Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары ушул муундун башына келет.

    Ыйсанын Иерусалим үчүн кайгыруусу

    23:37 Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүргөн, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.

    23:38 Мына, үйүң эүн калат!

    23:39 Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айтканыңа чейин, Мени көрбөйсүң».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск