Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Єйлөнүү тою жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    22:1 Ыйса элгү-насаат аңгемелерин улантты:

    22:2 «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир падыша өзүнүн уулунун үйлөнүү тоюн өткөрмөкчү болот.

    22:3 Ал тойго чакырылгандарды чакырыш үчүн, кулдарын жөнөтөт. Бирок алардын келгиси келбейт.

    22:4 Ошондо ал башка кулдарын жөнөтүп: “Дасторконумду даярдап койдум. Торпокторум, борго байланган малым союлду, баары даяр. Тойго келгиле!” – деп айттырат.

    22:5 Бирок чакырылгандар кайдыгер мамиле кылып, бири талаасына кетсе, бири соода кылганы кетет.

    22:6 Дагы бирөөлөрү кулдарын кармап алып кордоп, өлтүрүп салышат.

    22:7 Муну уккан падыша каарданып, аскерлерин жиберет. Алар канкорлорду өлтүрүп, шаарын күлгө айландырышат.

    22:8 Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Той даяр, бирок чакырылгандар татыктуу эмес болуп чыкты.

    22:9 Ошондуктан тогуз жолдун тоомуна баргыла да, жолуккандардын баарын тойго чакыргыла”.

    22:10 Кулдар жолго чыгышат да, жолуккандардын баарын – жаманын да, жакшысын да чогултушат. Ошентип, той өткөргөн жай мейманга толот.

    22:11 Падыша меймандарды көрүш үчүн кирип, ал жерден той кийимин кийбеген бир адамды көрөт.

    22:12 Ага: “Досум, той кийимин кийбей, бул жерге кантип кирдиң?” – дейт. Тиги адам унчукпайт.

    22:13 Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Колу-бутун байлап, муну сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”.

    22:14 Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».

    Ыйсанын салык төлөө жөнүндө берген жообу

    22:15 Ошондон кийин фарисейлер барып, Ыйсаны сөзүнөн кармоо жөнүндө кеңешишти.

    22:16 Анан алар Ироддун адамдарын жана өз шакирттерин Ыйсага жөнөтүштү. Алар келип: «Устат! Сенин адилеттүү адам экениң бизге белгилүү. Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың. үч кимге жагынбайсың, бет карамалык кылбайсың.

    22:17 Оюңду айтчы, Рим падышасына салык төлөө туурабы же туура эмеспи?» – дешти.

    22:18 Ыйса алардын арам оюн билип: «үки жүздүүлөр! эмнеге Мени сынап жатасыңар?

    22:19 Мага салыкка төлөнүүчү тыйынды көрсөткүлөчү!» – деди. Ага бир динарий алып келип беришти.

    22:20 Ыйса алардан: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» – деп сурады.

    22:21 «Падышаныкы», – деп жооп беришти алар. Ошондо Ыйса аларга: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деди.

    22:22 Алар муну укканда таң калып, Ыйсанын жанынан кетип калышты.

    өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө

    22:23 «өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер ошол күнү Ыйсанын жанына келип, мындай деп сурашты:

    22:24 «Устат! Муса мындай дебеди беле: “Ким бала көрбөй көз жумса, анда анын аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын”.

    22:25 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, бала көрбөй өлүп калды. Аялы инисине калды.

    22:26 үкинчиси, үчүнчүсү, атүгүл, жетинчиси да ошондой болду.

    22:27 Акырында аял да өлдү.

    22:28 өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял бул жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары аялдыкка алышкан».

    22:29 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар.

    22:30 Анткени өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы Кудайдын периштелериндей болуп калышат.

    22:31 Ал эми өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө болсо, Кудайдын

    22:32 “Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын” деген сөзүн окуган жок белеңер? Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы».

    22:33 Буларды уккан эл Анын окутуусуна таң калды.

    Улуу осуят

    22:34 Фарисейлер Ыйсанын садукейлерди сөзгө жыкканын угуп, чогула калышты.

    22:35 Алардын арасындагы бир мыйзам окутуучу Ыйсаны сынап, мындай деп сурады:

    22:36 «Устат! Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы?»

    22:37 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй.

    22:38 Биринчи жана эң маанилүү осуят ушул.

    22:39 үкинчиси ушуга эле окшош: “өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй”.

    22:40 Бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар ушул эки осуятка негизделген».

    Машайак – Дөөттүн Уулу жана Теңири

    22:41 Фарисейлер чогулганда, Ыйса алардан:

    22:42 «Машайак жөнүндө кандай ойдосуңар, Ал кимдин Уулу?» – деп сурады. «Дөөттүн», – деп жооп беришти алар.

    22:43 Ыйса аларга: «Дөөт Ыйык Рухтун жетеги менен Машайакты “Теңирим” деп айткандыгын кандай түшүнөсүңөр? Анткени Дөөт мындай дебеди беле:

    22:44 “Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”.

    22:45 Ошентип, эгерде Дөөт Аны “Теңир” деп атаган болсо, кантип Ал анын Уулу болсун?» – деди.

    22:46 Ошондо үч ким жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып, үч ким Ага суроо берүүгө даабай калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск