Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Ыйсанын Иерусалимге салтанаттуу түрдө кириши

    21:1 Иерусалимге жакын жердеги, Зайтун тоосунун этегиндеги Бейтфагия айылына келишкенде, Ыйса эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

    21:2 «Айылга кирcеңер, байланып турган бир ургаачы эшекти, кодикти, көрөсүңөр. Чечип алып, Мага алып келгиле.

    21:3 үгерде бирөө бирдеме десе, “Булар Теңирге керек” дегиле. Ошондо ал дароо берет».

    21:4 Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздөрдүн аткарылышы үчүн болду:

    21:5 «Сион кызына: “Сага өзүңдүн момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет”, – деп айткыла».

    21:6 Шакирттер барып, Ыйса буйругандай кылышты.

    21:7 Ургаачы эшекти, кодикти, алып келип, үстүнө чапандарын салып, Ыйсаны мингизишти.

    21:8 үлдин көпчүлүгү өздөрүнүн кийимдерин, айрымдары болсо дарактардын бутактарын кесип алып, жолго төшөп жатышты.

    21:9 Ыйсанын алды-артындагы эл: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш! эң Жогорудагыга даңк!» – деп, кыйкырып келе жатты.

    21:10 Ыйса Иерусалимге киргенде, бүт шаар кыймылга келип: «Бул ким?» – деп сурап жатты.

    21:11 үл болсо: «Бул – Галилеянын Назарет шаарынан чыккан Ыйса пайгамбар», – деп жооп берип жатты.

    Ыйсанын ийбадатканадан сатуучуларды кууп чыгуусу

    21:12 Ыйса ийбадатканага кирип, андагы сатуучулар менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн сатып отургандардын орундуктарын көңтөрүп таштады.

    21:13 Аларга мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм сыйынуу үйү деп аталат”, – деп жазылган. Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып жатасыңар».

    21:14 Ийбадатканада Ыйсанын жанына сокурлар жана майыптар келди. Ыйса аларды айыктырды.

    21:15 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйса кылып жаткан ажайып иштерди, ийбадатканада: «Дөөттүн Уулуна даңк!» – деп кыйкырып жаткан балдарды көргөндө, кыжырданышып, Ыйсага:

    21:16 «Булардын эмне деп жатканын угуп жатасыңбы?» – дешти. Ыйса аларга: «Ооба! эмне, силер “Наристелер менен эмчектеги балдарга өзүңдү даңктаттың” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?» – деди да, ал жерден кетип калды.

    21:17 Шаардан чыгып, Бетанияга келип, түндү ошол жерде өткөрдү.

    Куурап калган анжыр дарагы

    21:18 үртең менен шаарга кайтып келе жатканда, Ыйса ачка болду.

    21:19 Жолдун жүүгиндеги анжыр дарагын көрүп, анын жанына келди. Жалбырагынан башка үч нерсеси жок экенин көрүп, даракка мындай деди: «Мындан ары сенде үч качан жемиш болбосун». Анжыр дарагы ошол замат куурап калды.

    21:20 Муну көргөн шакирттер: «Анжыр дарагынын тез эле куурап калганы кандай?» – деп таң калышты.

    21:21 Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде ишенимиңер болсо, шектенбесеңер, анда анжыр дарагына кылынганды гана эмес, мына бул тоого да: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, – десеңер, айтканыңардай болот.

    21:22 Ишеним менен сыйынсаңар, сураганыңардын баарын аласыңар».

    Ыйсанын бийлиги жөнүндө

    21:23 Ыйса ийбадатканага келип, элди окутуп жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жанына басып келип: «Муну Сен кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Мындай бийликти Сага ким берди?» – деп сурашты.

    21:24 Ыйса аларга мындай деди: «Мен да силерге бир суроо берейин. эгерде Мага жооп берсеңер, Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтам.

    21:25 Жакандын чөмүлдүрүүсү кимден эле: Кудайданбы же адамданбы?» Алар өз ара акылдашып: «үгерде Кудайдан десек, анда Ал бизге: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – дейт,

    21:26 “Адамдардан”, – десек, элден коркобуз. Анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет», – дешти.

    21:27 Анан Ыйсага: «Билбейбиз», – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды Мен да силерге айтпайм», – деди.

    үки уул жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    21:28 «Кандай деп ойлойсуңар? Бир адамдын эки уулу болгон экен. Ал биринчисине келип: “Уулум, барып, жүзүмдүгүмдө иштегин”, – дейт.

    21:29 Бирок ал: “Барбайм”, – деп коюп, кийин анысына өкүнүп, иштегени барат.

    21:30 үкинчи уулуна келип, ошону эле айтат. Анысы: “Баратам, кожоюн”, – деп коюп, барбай коёт.

    21:31 үкөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды?» «Биринчиси», – деп жооп беришти. Ыйса аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышачылыгына силерден мурун барышат.

    21:32 Анткени Жакан силерге туура жолду көрсөткөнү келген, бирок силер ага ишенген жоксуңар. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар ага ишеништи. Муну көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ишенген жоксуңар.

    Жүзүмчүлөр жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    21:33 Дагы бир элгү-насаат аңгемени угуп алгыла. Бир кожоюн жүзүм багын отургузат. Аны дубал менен курчап, жүзүм сыгылуучу жай жасап, күзөт мунарасын салат. Анан жүзүмдүгүн жүзүмчүлөргө тапшырып, өзү башка жакка кетет.

    21:34 Түшүм жыйноо убагы жакындаганда, жүзүм жемишинен алдыртыш үчүн, кулдарын жумшайт.

    21:35 Жүзүмчүлөр болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабашат, бирин өлтүрүшөт, бирин таш бараңга алышат.

    21:36 Ошондо ал мурункудан да көп кулун жөнөтөт. Жүзүмчүлөр аларга да ошондой эле мамиле кылышат.

    21:37 Акырында кожоюн: “Уулумдан уялышар”, – деп, уулун жөнөтөт.

    21:38 Бирок жүзүмчүлөр анын уулун көрүшкөндө, өз ара: “Бул – мурасчы. Жүргүлө, аны өлтүрүп, мурасына эү бололу”, – дешет.

    21:39 Аны кармап алып, жүзүмдүктүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат.

    21:40 Жүзүмдүктүн кожоюну кайтып келгенде, бул жүзүмчүлөрдү эмне кылат?»

    21:41 Алар Ага: «Бул зулумдарга ал азаптуу өлүм өкүмүн чыгарат, жүзүмдүктү болсо түшүмүн өз маалында жыйнап бере турган жүзүмчүлөргө тапшырат», – деп жооп беришти.

    21:42 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Ыйык Жазуудагы “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды. Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?

    21:43 Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет.

    21:44 Ал ташка жыгылган адам өлөт. Ал эми ал таш кимдин үстүнө куласа, аны басып өлтүрөт».

    21:45 Бул элгү-насаат аңгемелерди уккан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсанын өздөрү жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.

    21:46 Алар Ыйсаны колго түшүрүүгө аракет кылышты, бирок элден коркушту. Анткени эл Аны пайгамбар деп эсептечү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск