Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Жүзүмдүктөгү жумушчулар жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    20:1 Анткени Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: таң заардан бир кожоюн өзүнүн жүзүмдүгүнө жумушчуларды жалдаганы чыкты.

    20:2 Ал күнүнө бир динарийден төлөп бере турган болуп, жумушчулар менен макулдашкандан кийин, аларды жүзүмдүгүнө жөнөттү.

    20:3 Єчүнчү саат чамасында кайра чыгып, ал базар аянтында жумушсуз жүргөн адамдарды көрдү да,

    20:4 аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди. Алар жүзүмдүккө кетишти.

    20:5 Ал алтынчы жана тогузунчу саат чамасында кайра чыгып, дагы ошондой кылды.

    20:6 Ал он биринчи саат чамасында кайра чыгып, жумушсуз жүргөн дагы бирөөлөрдү көрүп: “Бир күн бою бул жерде бош турганыңар кандай?” – деди.

    20:7 Алар болсо: “Бизди үч ким ишке жалдаган жок”, – деп жооп беришти. Ошондо ал аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди.

    20:8 Кеч киргенде, жүзүмдүктүн эүси чарба иштерин башкаруучусуна: “Жумушчуларды чакырып, аларга, акыркыларынан баштап, биринчилерине чейин, эмгек акыларын бер”, – деди.

    20:9 Он биринчи саат чамасында жалданып иштегендер келип, бир динарийден алышты.

    20:10 Биринчи келгендер көбүрөөк алабыз деп ойлошкон, бирок алар да бир динарийден алышты.

    20:11 Алгандан кийин, кожоюнга нааразы боло башташты.

    20:12 Алар кожоюнга: “Бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. Бирок сен аларды керүүли-кечке күндүн ысыгында иштеген бизге теңеп койдуң”, – дешти.

    20:13 Ошондо жүзүмдүк эүси алардын бирине мындай деди: “Досум, мен сени алдаган жокмун. Сен мени менен бир динарийге макулдашпадың беле?

    20:14 өз акыңды алгын да, кете бергин. Сага канча берсем, акыркы келген буга да ошончо бергим келет.

    20:15 өзүмдүкүн өзүм каалагандай пайдаланууга акым жокпу? Же менин берешендигимди көрө албай жатасыңбы?”

    20:16 Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болот. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».

    Ыйсанын өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө үчүнчү жолу айтышы

    20:17 Иерусалимге бара жаткан жолдо Ыйса он эки шакиртин четке чыгарып алып, мындай деди:

    20:18 «Мына, биз Иерусалимге бара жатабыз. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет. Алар болсо Аны өлтүрүүгө өкүм чыгарышат.

    20:19 Аны бутпарастардын колуна салып беришет, алар болсо Аны шылдыңдашат, сабашат, айкаш жыгачка кадашат. Єчүнчү күнү Ал тирилет».

    үненин суранычы

    20:20 Ошондо Зебедей уулдарынын энеси уулдары менен Ыйсанын жанына келип таазим кылды да, бир нерсе сурамакчы болду.

    20:21 Ыйса аялдан: «үмне каалайсың?» – деп сурады. Аял Ага: «Сенин Падышачылыгыңда бул эки уулумдун бири оң жагыңда, бири сол жагыңда отурса экен. Ушундай буйрук берчи», – деди.

    20:22 Ыйса мындай деп жооп берди: «үмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы? Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлө аласыңарбы?» «Ошенте алабыз», – дешти алар.

    20:23 Ошондо Ыйса аларга: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер. Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр. Бирок оң жагыма же сол жагыма отургузуу Менин колумда эмес. Атам кимге даярдаган болсо, ошол отурат», – деди.

    20:24 Муну уккан берки он шакирт эки бир тууганга ачууланды.

    20:25 Ыйса аларды чакырып алып: «үлге башчылар үстөмдүк кылып, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер.

    20:26 Бирок силердин араңарда мындай болбосун. Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.

    20:27 Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун.

    20:28 Анткени Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылуу үчүн, өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди.

    үки сокурдун айыгышы

    20:29 Алар Жериходон чыгып бара жатышканда, Ыйсанын артынан көп эл эүрчиди.

    20:30 Жол боюнда отурган эки сокур адам Ыйсанын өтүп бара жатканын угуп: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкыра башташты.

    20:31 үлдин тыйганына болбой, алар ого бетер катуу кыйкырып жатышты: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!»

    20:32 Ыйса токтоп, аларды жанына чакырды да: «Менин эмне кылышымды каалайсыңар?» – деп сурады.

    20:33 Алар Ага: «Теңир, көзүбүз көрсө экен», – дешти.

    20:34 Ыйса боор ооруп, алардын көзүнө колун тийгизди. Ошол замат алардын көзү көрүп калды. Анан алар Ыйсанын артынан эүрчип жөнөштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск