Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    19:1 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндөн кийин, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө, Жүйүт аймагына келди.

    19:2 Аны көп эл эүрчип алды. Ыйса ал жерде оорулууларды айыктырды.

    Ажырашуу жөнүндө

    19:3 Ыйсанын жанына фарисейлер келишти да, Аны сынап: «үркек ар кандай себептен улам аялы менен ажырашса болобу?» – деп сурашты.

    19:4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер?

    19:5 Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.

    19:6 үми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын».

    19:7 Алар Ыйсага: «Анда эмне үчүн Муса талак кат берип, аялын кетирсе боло тургандыгы жөнүндө айтты эле?» – дешти.

    19:8 Ыйса аларга: «Таш боор болгонуңардан улам, Муса аялыңарды кетирүүгө уруксат берген. Бирок башында мындай эмес болчу.

    19:9 Бирок Мен силерге айтып коёюн, ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот», – деди.

    19:10 Шакирттери Ыйсага: «үгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгон жакшы», – дешти.

    19:11 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Бул сөздү ар бир эле адам кабыл ала албайт. Кимге берилсе, ошол гана кабыл ала алат.

    19:12 Анткени жыныстык байланышка тубаса жараксыз адамдар бар. Адамдар тарабынан бычылгандар да бар, Асман Падышачылыгы үчүн өздөрүн өздөрү ошондой кылгандар да бар. Кабыл ала алган адам кабыл алсын».

    Ыйсанын балдарга бата бериши

    19:13 Колун коюп сыйынсын деп, күү бирөөлөр Ыйсанын жанына балдарын алып келишти. Шакирттер болсо аларга тоскоолдук кылышты.

    19:14 Ыйса аларга: «Балдарды коё бергиле, алардын Мага келүүсүнө тоскоолдук кылбагыла. Анткени Асман Падышачылыгы ушундайлардыкы», – деди.

    19:15 Балдардын үстүнө колун коюп сыйынгандан кийин, Ыйса ал жерден кетти.

    Ыйса жана бай жигит

    19:16 Бир жигит келип, Ыйсадан: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө эү болуш үчүн, кандай жакшы иш кылуум керек?» – деп сурады.

    19:17 Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка үч ким жакшы эмес. Түбөлүк өмүргө эү болууну кааласаң, Анын осуяттарын аткар», – деди.

    19:18 «Кайсы осуяттарды?» – деди ал. Ыйса ага мындай деди: «Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, бирөөгө жалаа жаппа,

    19:19 ата-энеңди сыйла, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй».

    19:20 Ошондо жигит Ага: «Мунун баарын мен жаш күнүмдөн бери сактап келем. Мага дагы эмне жетишпейт?» – деди.

    19:21 Ыйса ага: «үгерде жеткилең болууну кааласаң, бар да, мал-мүлкүңдүн баарын сатып, жардыларга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан эүрчи», – деди.

    19:22 Бул сөздү укканда, жигит капаланып кетип калды. Анткени анын мал-мүлкү көп эле.

    19:23 Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кыйын.

    19:24 Дагы айтарым, бай адамдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак».

    19:25 Муну уккан шакирттер аябай таң калышып: «Анда ким куткарылат?» – дешти.

    19:26 Ыйса болсо аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, ал эми Кудай бардыгын кыла алат», – деди.

    үлчилердин сыйлыгы

    19:27 Ошондо Петир мындай деди: «Мына, биз баарын таштап, Сени эүрчип жүрөбүз. Бул үчүн эмне алабыз?»

    19:28 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, жаңы жашоодо Адам Уулу өзүнүн улуу тактысына отурганда, Мени эүрчип жүргөн силер да он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусуна бийлик жүргүзөсүңөр.

    19:29 Менин ысымым үчүн эй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт.

    19:30 Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск