Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Ким баарынан чоң?

    18:1 Ошол мезгилде шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Асман Падышачылыгында ким баарынан чоң?» – деп сурашты.

    18:2 Ыйса бир кичинекей баланы чакырып алып, ортого тургузду да, мындай деди:

    18:3 «Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде жаман жолуңардан кайтып, кичинекей балдардай болбосоңор, Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

    18:4 Ошондуктан ким өзүн басынтып, ушул бала сыяктуу болсо, ал Асман Падышачылыгында чоң болот.

    18:5 Ким ушул сыяктуу баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот.

    18:6 Мага ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамды мойнуна тегирмен ташын илип, деңиздин түбүнө чөктүрүп жиберсе, ал үчүн жакшы болмок.

    Азгырыктарга каршы күрөшүү

    18:7 Бул дүйнө өзүнүн азгырыктары үчүн кайгыга кабылат! Анткени азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адам кайгыга кабылат!

    18:8 үгерде колуң же бутуң сени күнөөгө түртсө, анда аны кесе чаап, ыргытып жибер. эки колуң, эки бутуң менен түбөлүк отко ыргытылгандан көрө, колуңдан же бутуңдан ажырап, өмүргө эү болгонуң жакшы.

    18:9 үгерде көзүң сени күнөөгө түртсө, анда аны оюп алып, ыргытып жибер. эки көзүң менен оттуу көлгө ыргытылгандан көрө, жалгыз көзүң менен өмүргө эү болгонуң жакшы.

    18:10 Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кордобогула. Силерге айтып коёюн, алардын асмандагы периштелери Асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.

    Жоголгон кой. Жоголгонду издеген Теңир

    18:11 Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди.

    18:12 Кандай деп ойлойсуңар, эгерде жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебейби?

    18:13 үгерде аны тапса, силерге чындыкты айтып коёюн, жоголбогон токсон тогузуна караганда, ал үчүн көбүрөөк сүйүнөт.

    18:14 Ошол сыяктуу эле Асмандагы Атаңар да бул кичинелердин биринин да жоголушун каалабайт.

    Келечектеги Жыйындын тартиби

    18:15 үгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, баргын да, жекече сүйлөшүп, анын айыбын ач. эгерде сага кулак салса, бир тууганыңды кайтарып алган болосуң.

    18:16 үгерде сага кулак салбаса, жаныңа бир же эки кишини эүрчитип ал. Айтылган ар бир сөз эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталсын.

    18:17 үгерде аларга кулак салбаса, Жыйынга билдир. эгерде Жыйынга да кулак салбай койсо, аны бутпарас жана салык жыйноочу катары эсепте.

    18:18 Силерге чындыкты айтып коёюн, жер үстүндө эмнени байласаңар, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсеңер, асманда да ошол чечилүү болот.

    18:19 Дагы силерге айтарым, жер үстүндө араңардан экөөңөр макулдашып алып, асмандагы Атамдан бир нерсе жөнүндө сурасаңар, сураганыңарды аласыңар.

    18:20 Кайсы жерде Менин ысымым үчүн эки же андан көп адам чогулса, Мен да ошол жерде, алардын арасындамын».

    Ырайымдуу падыша жана ырайымсыз кул жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    18:21 Ошондо Петир Ыйсанын жанына келип: «Теңир, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» – деп сурады.

    18:22 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Сага айтып коёюн, жети жолу эмес, жетимиштен жети жолу.

    18:23 Ошондуктан Асман Падышачылыгын кулдары менен эсептешмекчи болгон падышага салыштырса болот.

    18:24 үсептеше баштаганда, падышанын алдына он миң талант карыз болгон бир кулду алып келишти.

    18:25 Карызынан кутулууга анын үч нерсеси жок болгондуктан, падыша анын өзү, аялы, балдары жана колунда болгону сатылып, карызы төлөнүүсүн буйруду.

    18:26 Ошондо ал кул падышанын алдына жыгылып: “Падышам, күтө тур, бардыгын төлөп берем”, – деди.

    18:27 Падыша кулуна ырайым кылып, анын карызын кечирди да, аны бошотуп жиберди.

    18:28 Ал кул болсо тышка чыгып, өзүнө жүз динарий карыз болгон башка кулду кармап алып: “Карызыңды бер”, – деп муунтту.

    18:29 Ал кул болсо бутуна жыгылып: “Күтө тур, баарын төлөп берем”, – деп жалынды.

    18:30 Бирок ал күткүсү келген жок. Барды да, карызын бергенче, аны түрмөгө каматып салды.

    18:31 Муну көргөн кулдар аябай капа болушту да, падышага келип, болгон окуяны айтып беришти.

    18:32 Ошондо падыша кулун чакыртты да: “үй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңдан улам, бүт карызыңды кечирдим эле.

    18:33 Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылсаң болбойт беле?” – деди.

    18:34 Падыша каарданып, бүт карызын бергенче, аны жазалоочулардын колуна тапшырды.

    18:35 үгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск