Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Теңирдин көрүнүшүнүн өзгөрүлүшү

    17:1 Алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды эүрчитип, бир бийик тоого чыкты.

    17:2 Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими аппак болуп калды.

    17:3 Анан аларга Ыйса менен сүйлөшүп жаткан Муса менен Илияс көрүндү.

    17:4 Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: «Теңир! Бул жерде болгонубуз жакшы экен. эгерде кааласаң, бул жерге үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди».

    17:5 Петир сүйлөп жаткан учурда, жаркыраган бир булут аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!» деген эн чыкты.

    17:6 Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты.

    17:7 Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип: «Тургула, коркпогула!» – деди.

    17:8 Алар баштарын көтөрүп, Ыйсадан башка үч кимди көрүшкөн жок.

    17:9 Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса аларга: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, бул көрүнүш жөнүндө үч кимге айтпагыла», – деди.

    17:10 Шакирттери Андан: «үмне үчүн мыйзам окутуучулар: “Илияс пайгамбар Машайактан мурун келиши керек”, – деп айтышат?» – деп сурашты.

    17:11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Туура, адегенде Илияс келип, бардык нерсени өз ордуна коюшу керек.

    17:12 Бирок силерге айтып коёюн, Илияс келген. Бирок аны таанышпай, ага ойлоруна келгендей мамиле кылышты. Ошол сыяктуу эле Адам Уулу да алардын колунан азап чегет».

    17:13 Ошондо шакирттер Анын чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.

    Жин оорулуунун айыгышы

    17:14 Алар элдин арасына келишкенде, бир адам Ыйсанын алдына келип, чөгөлөп:

    17:15 «Теңир! Менин уулума ырайым кыла көр! Анын элирмеси бар, аябай кыйналат. Бирде отко, бирде сууга боюн таштап жиберет.

    17:16 Аны Сенин шакирттериңе алып келсем, алар айыктыра албай коюшту», – деди.

    17:17 Ошондо Ыйса: «Оо ишенимсиз, бузулган муун! Качанга чейин силер менен болом? Качанга чейин силерге чыдайм? Баланы бул жерге, Мага алып келгиле», – деди.

    17:18 Ыйса буйрук берери менен, баладан жин чыгып кетти. Бала ошол замат айыгып калды.

    17:19 Ыйса жалгыз калганда, шакирттер келип: «үмне үчүн биз жинди кууп чыгара албай койдук?», – деп сурашты.

    17:20 Ыйса аларга: «Ишенимиңердин аздыгынан улам! Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде силердин сары кычы данындай эле ишенимиңер болсо, бул тоого: “Бул жерден тиги жерге жыл”, – десеңер, ал жылат. Силер үчүн мүмкүн болбогон үч нерсе болбойт.

    17:21 Жиндерди сыйынуу жана орозо менен гана кууп чыгарууга болот», – деди.

    Ыйсанын өзүнүн өлөрүн жана тирилерин дагы бир жолу айтышы

    17:22 Галилеяда жүрүшкөн кезде, Ыйса аларга: «Адам Уулун адамдардын колуна салып беришет.

    17:23 Аны өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет», – деди. Шакирттер буга абдан капа болушту.

    Ийбадаткана салыгы

    17:24 Капернаумга келишкенде, дидрахма жыйнаган салык жыйноочулар Петирге келип: «Силердин Устатыңар дидрахма береби?» – деп сурашты.

    17:25 «Берет», – деп жооп берип, Петир эйгө кирди. Ал үч нерсе айта электе эле, Ыйса андан: «Кандай деп ойлойсуң, Шымон, бул дүйнөдөгү падышалар алык-салыкты кимден алышат: өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» – деп сурады.

    17:26 «Бөтөн кишилерден», – деди Петир. Ыйса ага: «Демек, уулдары салык төлөшпөйт экен да.

    17:27 Бирок салык жыйноочулар кыжырланбашы үчүн, көлгө барып, кайырмак сал. Кармаган биринчи балыгыңды тартып алып, оозун ачсаң, статирди көрөсүң. Аны алып, экөөбүз үчүн берип кой», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск