Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Жышаан көрүүнү каалаган фарисейлер

    16:1 Фарисейлер менен садукейлер Ыйсанын жанына келишти да, Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышты.

    16:2 Ыйса болсо аларга: «Кеч киргенде, силер: “Күн кызарып батып бара жатат, эртең күн ачык болот”, – дейсиңер.

    16:3 үртең менен болсо: “Асман түнөрүп турат, күн бузулат окшойт”, – дейсиңер. Анткорлор! Асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, анан убакытка байланыштуу жышаандарды айырмалап биле албайсыңар.

    16:4 Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт», – деди да, ал жерден кетип калды.

    16:5 Алар наркы өйүзгө сүзүп өтүштү. Шакирттер болсо нан алып алууну унутуп калышкан эле.

    Фарисейлердин жана садукейлердин окутуусунан сак болуу

    16:6 Ыйса аларга: «Фарисейлердин жана садукейлердин ачыткысынан сак болгула», – деди.

    16:7 Алар болсо: «Нан албаганыбыз үчүн ушинтип айтып жатат го», – деп ойлошту.

    16:8 Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: «Ишеними аздар! эмнеге нан алып албаганыңар жөнүндө ойлоп жатасыңар?

    16:9 Дагы эле түшүнө элексиңерби? Беш нанга беш миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?

    16:10 Жети нанга төрт миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?

    16:11 Кантип түшүнгөн жоксуңар? Мен силерге: “Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула”, – дегенимде, нан жөнүндө айткан жокмун».

    16:12 Анын нандын ачыткысынан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сактандырганын шакирттер ошондо түшүнүштү.

    Петирдин Ыйсаны Машайак катары таанышы

    16:13 Ыйса Филиптин шаары Кейсареяга келгенде, шакирттеринен: «Адамдар Мени, Адам Уулун, ким деп эсептешет?» – деп сурады.

    16:14 Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс”, – деп, дагы бирөөлөр: “Жеремия же пайгамбарлардын бири”, – деп эсептешет», – деп жооп беришти.

    16:15 Ыйса алардан: «А силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады.

    16:16 Шымон Петир Ага: «Сен тирүү Кудайдын Уулу Машайаксың», – деп жооп берди.

    Жыйын жөнүндөгү биринчи Жакшы Кабар

    16:17 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бактылуусуң сен, Жунус уулу Шымон! Муну сага адам эмес, Асмандагы Атам ачып берди.

    16:18 Мен да сага айтып коёюн, сен Петирсиң. Мен өз Жыйынымды ушул таштын үстүнө курам, аны өлүм да жеңе албайт.

    16:19 Сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем. Жер үстүндө эмнени байласаң, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсең, асманда да ошол чечилүү болот».

    16:20 Анан Ыйса өзүнүн Машайак экендигин үч кимге айтпоону шакирттерине эскертти.

    Ыйсанын өзүнүн өлөрүн жана тирилерин шакирттерине айтышы

    16:21 Ошол мезгилден тартып, Ыйса өзүнүн Иерусалимге баруусу, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан көп азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү, үчүнчү күнү тирилүүсү керектигин шакирттерине айта баштады.

    16:22 Петир Аны четке алып чыгып: «өзүңдү ая, Теңир! Бул Сенин башыңа түшпөсүн», – деп, каршы боло баштады.

    16:23 Ыйса болсо Петирди карап: «Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң – Кудайдын эмес, адамдын ойлору», – деди.

    16:24 Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ким Мени эүрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан эүрчисин.

    16:25 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

    16:26 үгерде адам бүт дүйнөгө эү болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?

    16:27 Адам Уулу периштелери менен бирге өз Атасынын даңкы менен келет, ошондо ар кимге ишине жараша тиешелүүсүн берет.

    16:28 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын күү бирөөлөрү өз Падышачылыгы менен келген Адам Уулун көрмөйүнчө, өлүшпөйт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск