Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Кудайдын осуяттары адамдардын салттарынан жогору

    15:1 Ошол убакта Иерусалимден мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсага келип:

    15:2 «үмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардын салтын бузуп жатышат? Алар тамактанардын алдында кол жуу салтын аткарышпайт», – дешти.

    15:3 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Анда эмне үчүн өзүңөр салттарыңардын айынан Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар?

    15:4 Кудай мындай деп осуят кылган: “Ата-энеңди сыйла”, “Ким атасына же энесине тил тийгизсе, ал өлүм жазасына тартылсын”.

    15:5 Силер болсо: “үгерде ким атасына же энесине: "Сенин менден алчу нерсеңдин баары Кудайга багышталган", – десе,

    15:6 ал адам атасына же энесине сый көрсөтпөй койсо да болот”, – дейсиңер. Ошентип, силер өз салттарыңар үчүн Кудайдын осуятын четке кагып койдуңар.

    15:7 үки жүздүүлөр! Ышайа силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган:

    15:8 “Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс.

    15:9 Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын эйрөткөнү – адамдык эрежелер”».

    Адамды арам кыла турган нерсе

    15:10 Анан элди жанына чакырып, аларга мындай деди: «Жакшылап угуп, түшүнүп алгыла.

    15:11 Адамды оозуна кирген нерсе арам кылбайт, оозунан чыккан нерсе арам кылат».

    15:12 Ошондо шакирттери келип, Ага: «Билесиңби, фарисейлер бул сөздү укканда кыжырданышты», – дешти.

    15:13 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк түп-тамыры менен жок кылынат.

    15:14 Аларды жайына койгула. Алар – сокурлардын сокур жол башчылары. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт».

    15:15 Петир Ага: «Бул элгү-насаат аңгемеңди бизге түшүндүрүп берчи!» – деди.

    15:16 Ошондо Ыйса: «Силер да алиге чейин түшүнө элексиңерби?

    15:17 Оозго кирген нерсенин баары ашказанга келип, анан тышка чыгып кетерин билбейсиңерби?

    15:18 Ооздон чыкканы жүрөктөн чыгат, адамды арам кылган мына ушу.

    15:19 Анткени жаман ойлор, киши өлтүрүү, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак жүрөктө пайда болот.

    15:20 Мына ушулар адамды арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин аткарбай тамактануу адамды арам кылбайт».

    Канаандык аялдын кызынын айыгышы

    15:21 Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келди.

    15:22 Ошол аймактардан канаандык бир аял чыгып, Ыйсага: «Мага ырайым кылчы, Теңир, Дөөттүн Уулу! Кызым жин оорусунан катуу кыйналып жатат», – деп кыйкырды.

    15:23 Бирок Ыйса аялга жооп берген жок. Ошондо шакирттери Ага жакын келип: «Аркабыздан калбай кыйкырып келе жатат, аны кетирип жиберчи», – дешти.

    15:24 Ыйса болсо: «Мен Ысрайыл элинин гана жоголгон койлоруна жиберилгем», – деп жооп берди.

    15:25 Аял жакын келип, Анын алдына чөгөлөп: «Теңир! Мага жардам бере көр», – деп өтүндү.

    15:26 Ыйса ага: «Балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес», – деди.

    15:27 Аял Ага: «Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жешет эмеспи», – деди.

    15:28 Ыйса аялга: «Оо аял! Ишенимиң зор экен, тилегениңдей болсун», – деп жооп берди. Ошондо анын кызы дароо айыгып калды.

    Көп оорулуулардын айыгышы

    15:29 Ыйса ал жерден кетип, Галилея көлү тарапка келди. Бир тоого чыгып отурду.

    15:30 Ошондо Анын жанына көп эл келди. Алар чолок, сокур, дудук, майып жана башка оорулуу адамдарды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аларды айыктырды.

    15:31 Дудуктар сүйлөп, буту баспагандар басып, сокурлар көрүп калышты. Муну көргөн эл таң калып, Ысрайылдын Кудайын даңктады.

    Төрт миң адамды тойгузуу

    15:32 Ыйса шакирттерин жанына чакырып алып, мындай деди: «үлди аяп жатам. Єч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге үч нерселери жок. Ачка кетиргим келбей турат, жолдо алсырап калышат го».

    15:33 Шакирттери Ага: «Ушундай эүн жерде ушунча эл тоё турган нанды кайдан табабыз?» – дешти.

    15:34 Ыйса алардан: «Канча наныңар бар?» – деп сурады. «Жети наныбыз, бир аз майда балыгыбыз бар», – дешти алар.

    15:35 Ошондо Ал элге жерге отурууну буйруду.

    15:36 Анан жети нан менен балыктарды алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.

    15:37 Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, жети себет толду.

    15:38 Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны төрт миң эле.

    15:39 үлди таратып жибергенден кийин, Ыйса кайыкка түшүп, Магдала аймагына келди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск