Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Чөмүлдүрүүчү Жакандын өлтүрүлүшү

    14:1 Ошол күндөрү дубан акими Ирод Ыйса жөнүндө угуп,

    14:2 өз карамагындагы адамдарына: «Бул – чөмүлдүрүүчү Жакан. Ал тирилиптир, ошондуктан кереметтерди көрсөтүп жатат», – деди.

    14:3 Ирод өзүнүн бир тууганы Филиптин аялы Иродия үчүн Жаканды байлатып, түрмөгө отургуздурган эле.

    14:4 Анткени Жакан ага: «Бул аялды албашың керек болчу», – деп айткан.

    14:5 Ирод Жаканды өлтүргүсү келген, бирок элден корккон. Анткени эл аны пайгамбар деп эсептечү.

    14:6 Ироддун туулган күнү белгиленип жатканда, Иродиянын кызы ортого чыгып бийлеп берди. Анын бийлегени Иродго жагып калгандыктан,

    14:7 ал эмнени гана сурабасын, берерин айтып, ант берди.

    14:8 Кыз болсо энесинин эйрөтүүсү боюнча: «Мага азыр чөмүлдүрүүчү Жакандын башын идишке салдырып келип бер», – деди.

    14:9 Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондугу үчүн, анын сураганын орундатууну буйруду.

    14:10 Жакандын башын алууга түрмөгө киши жиберди.

    14:11 Идишке салынган башты кызга алып келип беришти, кыз болсо аны энесине алып барып берди.

    14:12 Шакирттери келип, анын сөөгүн коюшту. Андан кийин алар барып, Ыйсага кабарлашты.

    14:13 Ыйса муну укканда, өзү жалгыз кайыкка түшүп, эүн жерге сүзүп кетти. Бул жөнүндө уккан адамдар өз шаарларынан чыгып, Анын артынан жөө эүрчишти.

    14:14 Жүүкке чыгып, Ыйса чогулган көп элди көрдү. Аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды.

    Беш миң адамды тойгузуу

    14:15 Кеч киргенде, шакирттери Ыйсанын жанына келип: «Бул эүн жер экен, кеч да болуп кетти. элди тарат, айылдарга барып, өздөрүнө тамак-аш сатып алышсын», – дешти.

    14:16 Ошондо Ыйса аларга: «үлди таратуунун кереги жок, аларга тамак-ашты силер бергиле», – деди.

    14:17 Алар Ага: «Бизде беш нан, эки балык эле бар», – дешти.

    14:18 Ошондо Ыйса: «Аларды бул жерге, Мага алып келгиле», – деди.

    14:19 үлге чөпкө отурууну буйругандан кийин, Ал беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.

    14:20 Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, он эки себет толду.

    14:21 Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны беш миңге жакын эле.

    Ыйсанын суу үстүндө басышы

    14:22 Ошондон кийин Ыйса өзүнүн шакирттерине: «Кайыкка түшүп, Менден мурун наркы өйүзгө өтө бергиле», – деп буйруду. өзү болсо элди таратыш үчүн калып калды.

    14:23 үлди таратып жибергенден кийин, өзү жалгыз сыйынуу үчүн, тоого чыкты. Түн ортосуна чейин Ыйса ал жерде жалгыз болду.

    14:24 Ал убакта кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты.

    14:25 Түнкү төртүнчү күзөт убагында Ыйса көлдүн үстү менен басып, аларга келди.

    14:26 Көлдүн үстүндө басып келе жаткан Ыйсаны көргөн шакирттер коркуп кетип: «Бул – элес!» – деп кыйкырып жиберишти.

    14:27 Бирок Ыйса ошол замат аларга: «Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!» – деди.

    14:28 Петир Ага: «Теңир! эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен басып барайын», – деди.

    14:29 Ыйса ага: «Кел», – деди. Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен басып, Ыйсага жакын барды.

    14:30 Бирок катуу шамалды көргөндө, коркуп кетип, чөгө баштады. Ошондо ал: «Теңир! Мени сакта!» – деп кыйкырды.

    14:31 Ыйса колун сунуп, аны дароо кармап калды. Анан ага: «Ишеними аз, эмнеге шектендиң?» – деди.

    14:32 Алар кайыкка түшкөндөн кийин, шамал басылып калды.

    14:33 Кайыктагылар болсо: «Сен чын эле Кудайдын Уулу экенсиң», – деп, Ага таазим кылышты.

    Генисарет жериндеги оорулуулардын айыгышы

    14:34 Наркы өйүзгө, Генисарет жерине сүзүп өтүштү.

    14:35 Ал жердин тургундары Ыйсаны таанып, тегерек-четтегилердин баарына киши жиберишти. Ошондо Ыйсага оорулуулардын баарын алып келишип,

    14:36 Андан: «Кийимиңдин этегине эле колубузду тийгизүүгө уруксат бер», – деп өтүнүп жатышты. Анын кийимине колун тийгизгендер айыгып жатышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск