Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө чыгарылган чечим

    26:1 Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса шакирттерине мындай деди:

    26:2 «үки күндөн кийин Пасах майрамы болорун билесиңер. Адам Уулун айкаш жыгачка кадаш үчүн, адамдардын колуна салып беришет».

    26:3 Ошол убакта башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар Кайапа деген башкы ыйык кызматчынын үйүнө чогулуп,

    26:4 Ыйсаны амалкөйлүк менен колго түшүрүп, өлтүрүү жөнүндө кеңешишти.

    26:5 Бирок алар: «үл козголоң чыгарбашы үчүн, муну майрам күндөрү ишке ашырууга болбойт», – дешти.

    Мариям Ыйсанын башына жыпар жыттуу майды куят

    26:6 Ыйса Бетаниядагы пес оорулуу Шымондун үйүндө эле.

    26:7 Бир аял айнек идишке кымбат баалуу жыпар жыттуу май алып келип, дасторкондо отурган Ыйсанын башына куйду.

    26:8 Шакирттери муну көргөндө: «Мындай ысырапчылыктын эмне кереги бар.

    26:9 Муну кымбат баада сатып, акчасын жакырларга таратып берсе болот эле да», – деп, нааразы болушту.

    26:10 Ыйса муну билип, аларга мындай деди: «үмнеге аялды оңтойсуздандырып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш кылды.

    26:11 Анткени Мен силер менен дайыма эле боло бербейм, жардылар болсо дайыма жаныңарда болот.

    26:12 Жыпар жыттуу майды денеме куюу менен, ал Мени көргө коюуга даярдады.

    26:13 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат».

    Жүйүт Искариоттун Ыйсага чыккынчылык кылышы

    26:14 Ошондо он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот башкы ыйык кызмат кылуучуларга барып:

    26:15 «Аны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» – деди. Алар ага отуз күмүш тыйын сунуш кылышты.

    26:16 Ошол убакыттан тартып, Жүйүт Ыйсаны алардын колуна салып берүү үчүн, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

    Пасах тамагын даярдоо

    26:17 Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнү шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Пасах тамагын Сага кайсы жерге даярдап берүүбүздү каалайсың?» – деп сурашты.

    26:18 Ыйса аларга мындай деди: «Шаардагы баланчаныкына баргыла да: “Устат мындай дейт дегиле: "Менин убактым келип калды. Шакирттерим менен чогуу сеникинде Пасах майрамын өткөрөм"”».

    26:19 Шакирттер Ыйса буйругандай кылып, Пасах тамагын даярдашты.

    Акыркы Кечки Тамак

    26:20 Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен дасторконго отурду.

    26:21 Тамак ичип отурушканда, Ыйса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат», – деди.

    26:22 Буга аябай капа болгон алардын ар бири: «Мен эмесминби, Теңир?» – деп сурай баштады.

    26:23 Ыйса аларга: «Мени менен бирге табакка колун салган адам Мага чыккынчылык кылат, – деп жооп берди.

    26:24 Дегинкиси, Адам Уулу жөнүндө Ыйык Жазууда кандай жазылса, ошондой болуп жатат. Бирок Адам Уулуна чыккынчылык кылган адамга кайгы. Ал адам төрөлбөй эле койсо жакшы болмок».

    26:25 Ошондо чыккынчылык кылган Жүйүт да: «Мен эмесминби, Устат?» – деп сурады. Ыйса ага: «өзүң айтып жатасың», – деди.

    Теңир осуят кылган Кечки Тамак

    26:26 Тамак ичип отурушканда, Ыйса нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Андан кийин нанды сындырып, шакирттерине берип жатып: «Алгыла, жегиле. Бул Менин Денем», – деди.

    26:27 Анан чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деди: «Баарыңар мындан ичкиле.

    26:28 Анткени бул – көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным.

    26:29 Силерге айтып коёюн, Атамдын Падышачылыгында силер менен жаңы шарап ичер күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм».

    Ыйсанын Петирдин баш тартарын алдын ала айтышы

    26:30 Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.

    26:31 Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган.

    26:32 Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам».

    26:33 Петир Ага: «Баары Сенден шектенишсе да, Мен үч качан шектенбейм», – деди.

    26:34 Ыйса ага мындай деди: «Сага чындыкты айтып коёюн, ушул түнү, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч ирет баш тартасың».

    26:35 Петир Ага: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты.

    Ыйса Гетсемани багында

    26:36 Анан Ыйса шакирттери менен Гетсемани деген жерге келип, аларга: «Мен тигил жакка барып сыйынып келгиче, ушул жерде отура тургула», – деди.

    26:37 Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына эүрчитип алды. Анын көңүлү чөгүп, жаны кейип турду.

    26:38 Ыйса аларга: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула», – деди.

    Биринчи сыйынуу

    26:39 Анан Ал бир аз нарыраак барып, жүзтөмөндөп жыгылып, сыйына баштады: «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун».

    26:40 Кайтып келип, шакирттеринин уктап жатканын көрдү да, Петирге мындай деди: «Жада калса, бир саат Мени менен бирге сергек болуп тура албадыңарбы?

    26:41 Азгырылып кетпеш үчүн, сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз».

    үкинчи сыйынуу

    26:42 Анан четке чыгып, дагы сыйынды: «Ата! Бул чөйчөктүн Менден кыя өтүп кетиши мүмкүн эмес болсо, эгерде Мен андан ичишим керек болсо, анда Сен каалагандай болсун».

    26:43 Кайтып келип, алардын кайра уктап калганын көрдү, анткени аларды уйку басып жаткан эле.

    Єчүнчү сыйынуу

    26:44 Нарыраак барып, ошол эле сөздөрдү айтып, үчүнчү ирет сыйынды.

    26:45 Анан шакирттеринин жанына келип, мындай деди: «Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы? Мына, убакыт келип калды, Адам Уулун күнөөкөрлөрдүн колуна салып беришет.

    26:46 Тургула, кетели. Мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам жакын келип калды».

    Жүйүттүн Ыйсаны кармап бериши

    26:47 Ал сөзүн айтып бүткүчө, он эки шакирттин бири Жүйүт келип калды. Анын жанында башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жиберген, кылыч, союл көтөргөн бир топ адам бар эле.

    26:48 Ыйсага чыккынчылык кылуучу болсо: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол. Ошону кармагыла», – деди да,

    26:49 ошол замат Ыйсанын жанына келип: «Салам, Устат!» – деп, Аны өптү.

    26:50 Ыйса болсо ага: «Досум, эмне үчүн келдиң?» – деди. Ошондо жиберилген адамдар жакын келип, Аны кармап алышты.

    26:51 Ыйсанын жанында жүргөндөрдүн бири кылычын сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын шылый чапты.

    26:52 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт.

    26:53 Же, эмне, Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер.

    26:54 Ушундай болуш керек экендигин билдирген Ыйык Жазуулар анда кантип аткарылмак?»

    26:55 Анан элге кайрылып: «Каракчыны кармачудай болуп, Мени кармаш үчүн, кылыч, союл алып чыктыңарбы? Күн сайын ийбадатканада элди окутуп, силер менен отурганымда, Мени кармаган жок элеңер.

    26:56 Пайгамбарчылыктардын аткарылышы үчүн ушундай болду», – деди. Ошондо шакирттери Аны таштап, качып кетишти.

    Ыйса Кайапанын жана аксакалдардын алдында

    26:57 Ыйсаны туткундагандар Аны башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапанын алдына алып барышты. Ал жерге башкы ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар чогулушкан эле.

    26:58 Петир Аны алыстан эүрчип, башкы ыйык кызмат кылуучунун короосуна чейин келди. Аягы эмне менен бүтөр экен деп, ичкери кирип, сакчылардын жанына отурду.

    26:59 Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана синедриондогулардын баары жалган күбөлөндүрүү издешти.

    26:60 Жалаа жабуучулар көп келгени менен, Ыйсага айып коё алышкан жок. Акырында эки адам келип, мындай деди:

    26:61 «Бул Адам: “Мен Кудайдын ийбадатканасын бузуп, аны кайра үч күндүн ичинде тургуза алам”, – деп айткан».

    26:62 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ордунан туруп: «үмне жооп бербейсиң? Булардын Сага каршы айткан айыптоолоруна эмне дейсиң?» – деди.

    26:63 Ыйса эндөгөн жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ага: «Тирүү Кудайдын алдында айт, Теңирдин Уулу Машайак Сенсиңби?» – деди.

    26:64 Ыйса Ага: «өзүң айтып турасың. Бирок Мен айтып коёюн, Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булут үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», – деди.

    26:65 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Мына, Анын Кудайга акарат келтиргенин азыр өзүңөр уктуңар!

    26:66 Буга эмне дейсиңер?» Алар: «өлүм жазасына татыктуу», – деп жооп беришти.

    26:67 Ошондо Анын бетине түкүрүштү, сабашты. Күү бирөөлөр жаакка чаап:

    26:68 «Кана, пайгамбарчылык кылчы, Машайак, Сени ким урду?» – дешти.

    Петирдин Ыйсаны танып кетиши

    26:69 Сыртта, короодо отурган Петирдин жанына бир күң келип: «Сен да галилеялык Ыйса менен чогуу жүрбөдүң беле», – деди.

    26:70 Бирок Петир баарынын алдында: «Сенин эмнени айтып жатканыңды билбейм», – деп танып койду.

    26:71 Дарбазадан чыкканда, аны башка бир күң көрүп, ошол жерде тургандарга: «Бул да назареттик Ыйса менен чогуу жүргөн болчу», – деди.

    26:72 Петир карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деп, дагы танып койду.

    26:73 Бир аз убакыттан кийин, ошол жерде тургандар Петирге келип: «Чын эле, сен да ошолордон экенсиң. Сүйлөгөнүңөн эле билинип турат», – дешти.

    26:74 Петир ого бетер карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деди. Ошол маалда короз кыйкырды.

    26:75 Ыйсанын «Короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзү Петирдин эсине түштү. Ошондо ал сыртка чыгып, өксөп ыйлады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск