Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Ыйса Пилаттын алдында

    27:1 үртең менен бардык башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар чогулуп, Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, кеңешме өткөрүштү.

    27:2 Алар Аны байлап алып, башкаруучу Понтий Пилатка алып барышты.

    Жүйүттүн өлүмү

    27:3 Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Анын айыпталганын көргөндө өкүнүп, отуз күмүш тыйынды башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга кайта алып келди да:

    27:4 «Күнөөсүз кандын төгүлүшүнө себепкер болуп, күнөө кетирдим», – деди. Алар: «Биздин ишибиз эмне! өзүң бил», – деп коюшту.

    27:5 Жүйүт күмүш тыйындарды ийбадатканага ыргытып жиберип, ал жерден чыкты да, барып, асынып өлдү.

    27:6 Башкы ыйык кызмат кылуучулар тыйындарды жыйнап алып: «Бул – кандын наркы. Муну ийбадаткананын казынасына салууга болбойт», – дешти.

    27:7 өз ара акылдашышты да, бөтөн жерликтердин сөөгүн коюу үчүн, ал тыйынга карапачынын жерин сатып алышты.

    27:8 Ошондон улам ал жер бүгүнкү күнгө чейин «Кандуу талаа» деп аталат.

    27:9 Ошондо Жеремия пайгамбардын «Алар ысрайылдыктардын Аны баалаган баасын – отуз күмүш тыйынды алып,

    27:10 Теңир мага айткандай, карапачынын жерин сатып алышты» деп айткан сөзү аткарылды.

    Пилаттын Ыйсаны суракка алышы

    27:11 Ыйса башкаруучунун алдында турду. Пилат Андан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. «өзүң айтып турасың», – деди Ыйса.

    27:12 Айыптап жаткан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга Ыйса такыр жооп берген жок.

    27:13 Ошондо Пилат Ага мындай деди: «Сага каршы кандай күбөлөндүрүүлөрдү айтып жатышканын угуп жатасыңбы?»

    27:14 Бирок Ыйса анын бир да сөзүнө жооп берген жок. Пилат буга аябай таң калды.

    “Ыйсаныбы же Бараббаныбы?”

    27:15 Пасах майрамы сайын эл каалаган бир туткунду боштондукка чыгарууну башкаруучу адат кылып алган эле.

    27:16 Ошол учурда түрмөдө Барабба деген, атагы чыккан бир туткун бар болчу.

    27:17 Баары чогулганда, Пилат мындай деди: «Кимди бошотушумду каалайсыңар, Бараббаныбы же Машайак аталган Ыйсаныбы?»

    27:18 Анткени Аны көрө албастыктан улам кармап беришкенин Пилат билчү.

    27:19 Пилат сот тагында отурганда, аялынан «Ал адил Адамга тие көрбө, анткени мен түндө түшүмдө Ал үчүн аябай кыйналып чыктым» деген кабар келди.

    27:20 Ошол учурда башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар: «Бараббаны сурагыла, Ыйса өлүм жазасына тартылсын», – деп, элди көндүрүп жатышты.

    27:21 Пилат алардан: «үкөөнүн кимисин бошотуп берүүмдү каалайсыңар?» – деп сурады. «Бараббаны», – дешти алар.

    27:22 «Анда Машайак аталган Ыйсаны эмне кылайын?» деген Пилатка баары бир ооздон: «Ал айкаш жыгачка кадалсын!» – деп жооп беришти.

    27:23 Башкаруучу: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – десе, алар: «Кадалсын!» – деп, ого бетер катуу кыйкырышты.

    27:24 үч нерсе жардам бербестигин, тескерисинче, ызы-чуу күчөп баратканын көргөн Пилат суу алып, элдин алдында колун жууду да, мындай деди: «Бул адил Адамдын каны үчүн Мен күнөөлүү эмесмин. өзүңөр билгиле».

    27:25 үлдин баары: «Анын каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун», – деп жооп беришти.

    27:26 Ошондо Пилат аларга Бараббаны бошотуп берди. Ыйсаны болсо камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.

    Ыйсанын кордолушу

    27:27 Башкаруучунун аскерлери Ыйсаны падыша сарайына алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн Анын тегерегине чогултушту.

    27:28 Ыйсанын кийимин чечип алып, падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапан кийгизишти.

    27:29 Тикенектен таажы өрүп, башына кийгизип, оң колуна таяк карматышты да, алдына тизе бүгүп: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп келекелешти.

    27:30 Ага түкүрүштү, чыбык менен башка чапкылашты.

    27:31 Келекелешкенден кийин, Андан падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапанды чечип алып, өз кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.

    27:32 Жолдо алар киренеялык Шымон деген адамды учуратып, Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту.

    Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

    27:33 Ошентип, алар Голгофа деген жерге келишти. эврей тилиндеги бул сөз «Баш сөөгү» деп которулат.

    27:34 Ага өт кошулган шарап беришти. Ал анын даамын татып көрүп, ичпей койду.

    Мыйзамдын Машайак аркылуу аткарылышы

    27:35 Аны айкаш жыгачка кадап коюшкандан кийин, кийимдери үчүн өкчөмө таш ыргытып, өз ара бөлүп алышты.

    27:36 Андан кийин ошол жерге отуруп, Аны күзөтүштү.

    27:37 Баш жагына «Бул – жүйүттөрдүн Падышасы Ыйса» деп жазылган, Анын айыбын көрсөткөн тактайчаны илип коюшту.

    27:38 Ыйсанын жанына эки кылмышкер да айкаш жыгачка кадалды: бири Анын оң жагына, бири сол жагына.

    27:39 Ал жерден өтүп бара жаткандар баштарын чайкап:

    27:40 «Ии, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу! эгерде Кудайдын Уулу болсоң, куткар өзүңдү! Түш айкаш жыгачтан!» – деп, тилдеп жатышты.

    27:41 Башкы ыйык кызмат кылуучулар да мыйзам окутуучулар жана аксакалдар менен бирге Аны мындай деп шылдыңдашты:

    27:42 «Башкаларды куткарды, өзүн болсо куткара албайт! эгерде Ал Ысрайылдын Падышасы болсо, айкаш жыгачтан түшсүн, ошондо биз Ага ишенели.

    27:43 Ал Кудайдан эмүттөнчү эмес беле. эгерде Ал Кудайга жакса, Кудай Аны куткарып алсын. Анткени Ал: “Кудайдын Уулумун”, – дебеди беле».

    27:44 Анын жанындагы айкаш жыгачтарга кадалган кылмышкерлер да Аны тилдеп жатышты.

    Ыйсанын өлүмү

    27:45 Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.

    27:46 Тогузунчу саат чамасында Ыйса: «үли, эли, лама шабактани?» – деп, катуу кыйкырды. Бул «Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» деп которулат.

    27:47 Ал жерде тургандардын күү бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.

    27:48 Алардын бири дароо жүгүрүп барып, соргуч алып келди. Аны ачуу ичимдикке малып, таяктын учуна илип, Ыйсанын оозуна жакындатты.

    27:49 Күү бирөөлөр болсо: «Коё тур, Илияс келип, Аны куткарар бекен, көрөлү», – деп жатышты.

    27:50 Ыйса дагы бир ирет үнүн катуу чыгарып, жан берди.

    27:51 Ошол учурда ийбадаткананын көшөгөсү жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды. Жер титиреп, аскалар жарылды.

    27:52 Мүрзөлөр ачылып, ыйык маркумдар тирилишти.

    27:53 Алар мүрзөлөрүнөн чыгып, Ыйса тирилгенден кийин, ыйык шаарга кирип, көп адамдарга көрүнүштү.

    27:54 Жүз башы менен бирге Ыйсаны күзөткөн аскерлер жер титирөөнү, болуп жаткан окуяларды көрүшкөндө, эрөйлөрү учуп: «Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу», – дешти.

    27:55 Ал жерде Галилеядан бери Ыйсага кызмат кылып эүрчип келген аялдар да бар эле. Алар алыстан карап турушту.

    27:56 Алардын арасында магдалалык Мариям, Жакып менен Жусуптун энеси Мариям жана Зебедей уулдарынын энеси бар болчу.

    Ыйсаны көргө коюу

    27:57 Кеч киргенде, ариматаялык Жусуп деген бир бай адам келди. Ал да Ыйсанын шакирттеринен эле.

    27:58 Ал Пилатка келип, Ыйсанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүнү буйруду.

    27:59 Жусуп сөөктү алып, таза болотнай менен кепиндеди.

    27:60 Анан ал аны асканын бооруна оюлган өзүнүн жаңы мүрзөсүнө алып барып койду. Мүрзөнүн оозун бир чоң ташты тоголотуп келип жапты да, кетип калды.

    27:61 Магдалалык Мариям менен дагы бир Мариям ошол жерде, мүрзөнүн маңдайында отурушкан.

    Мүрзөнү кайтаруу

    27:62 үртеси, ишемби күнү башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулуп, мындай дешти:

    27:63 «Мырза! Жанагы алдамчынын тирүү кезинде: “Єч күндөн кийин тирилем”, – дегени эсибизге түшүп жатат.

    27:64 Ошондуктан мүрзөнү үч күн кайтарууга буйрук бер. Шакирттери түн жамынып келип, сөөгүн уурдап кетип, элге: “Ал өлүп, кайра тирилди”, – деп айтышпасын. Ошондо бул акыркы калп мурункудан да жаман болот».

    27:65 Пилат аларга: «Сакчыларды алгыла да, барып, каалаганыңардай кайтарып алгыла», – деп койду.

    27:66 Алар барып, ташка мөөр басышты да, мүрзөнүн жанына сакчыларды коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск