Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 28

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    28-БөЛЄМ

    Ыйса Машайактын тирилүүсү жана ошол күнкү окуялар

    28:1 Ишемби күнү өткөндөн кийин, жуманын биринчи күнү таң заардан магдалалык Мариям менен башка Мариям мүрзөнү көргөнү келишти.

    28:2 Ошол учурда катуу жер титирөө болду, анткени Теңирдин бир периштеси асмандан түшүп келди. Ал мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырып, таштын үстүнө отурду.

    28:3 Анын көрүнүшү чагылгандын жарыгындай, кийими кардай аппак эле.

    28:4 Күзөттө тургандардын эрөйү учуп, сенейип катып калышты.

    28:5 Периште болсо аялдарга мындай деп кайрылды: «Коркпогула! Айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем.

    28:6 Ал бул жерде жок. өзү айткандай, Ал тирилди. Келип, Анын жаткан жерин карап көргүлө.

    28:7 Анан тезирүүк барып, Анын шакирттерине: “Ал өлүп, кайра тирилди! Ал силерди Галилеядан тосуп алат, Аны ошол жерден көрөсүңөр”, – деп айткыла. Силерге айтарым ушу».

    28:8 Аялдар мүрзөдөн шашкан бойдон чыгышты да, ары коркуп, ары аябай кубанып, шакирттерге кабарлаганы чуркап жөнөштү.

    28:9 Шакирттерге кабарлаганы бара жатышканда, Ыйса алардын алдынан чыгып: «Салам!» – деди. Алар жакын келип, Ыйсанын бутун кучактай жыгылып, Ага таазим кылышты.

    28:10 Ошондо Ыйса аларга: «Коркпогула. Барып, Менин бир туугандарыма кабар бергиле. Галилеяга барышсын, алар Мени ошол жерден көрүшөт», – деди.

    Мүрзө күзөтчүлөрүн акчага сатып алуу

    28:11 Аялдар жолдо бара жатышканда, күү бир сакчылар шаарга келип, болуп өткөн окуянын баарын башкы ыйык кызмат кылуучуларга айтып беришти.

    28:12 Башкы ыйык кызмат кылуучулар аксакалдар менен кеңешип, аскерлерге көп акча беришти да,

    28:13 мындай дешти: «Силер: “Биз уктап жатканда, шакирттери келип, Анын сөөгүн уурдап кетишти”, – деп айткыла.

    28:14 үгерде бул кабар башкаруучуга жетсе, биз аны ынандырып, силерди чатактан куткарып алабыз».

    28:15 Аскерлер акчаны алышты да, алардын айтканындай кылышты. Ошол сөз бүгүнкү күнгө чейин жүйүттөрдүн арасында айтылып келет.

    Улуу тапшырма

    28:16 Он бир шакирт Ыйса буйругандай, Галилеяга барып, тоого чыкты.

    28:17 Алар Ыйсаны көргөндө, Ага таазим кылышты. Күү бирөөлөрү болсо шектеништи.

    28:18 Ошондо Ыйса аларга жакын келип, мындай деди: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди.

    28:19 Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө.

    28:20 Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга эйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом». Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск