Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы, анын Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүшү

    1:1 Кудайдын Уулу Ыйса Машайактын Жакшы Кабарынын башталышы.

    1:2 Пайгамбарлардын китептеринде: «Мына, Мен Сенден мурун өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт»;

    1:3 «Теңирге жол даярдагыла. Ал үчүн жолдорду түздөгүлө деп, эүн талаада жар салган эн угулат», – деп жазылгандай,

    1:4 чөмүлдүрүүчү Жакан келип, эүн талаада сууга чөмүлдүрүп, мындай деп жар салды: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, сууга чөмүлдүрүлгүлө».

    1:5 Бүт Жүйүт эли жана бардык иерусалимдиктер ага келип, күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясына чөмүлдүрүп жатты.

    1:6 Жакан төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Ал чегиртке менен жапайы бал жечү.

    1:7 Жакан элге мындай деп жар салды: «Менин артымдан менден Күчтүү келе жатат. Мен үңкейип, Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын.

    1:8 Мен силерди сууга чөмүлдүрдүм, Ал болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрөт».

    Ыйсанын сууга чөмүлдүрүлүшү

    1:9 Ошол күндөрдө Галилеянын Назарет шаарынан Ыйса келип, Жакан тарабынан Иордан суусуна чөмүлдүрүлдү.

    1:10 Ал суудан чыкканда, (Жакан) ачылган асманды жана Рухтун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын көрдү.

    1:11 Ошондо асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын» деген эн угулду.

    Ыйсанын сыналуусу

    1:12 Ошол замат Рух Аны чөлгө алып барды.

    1:13 Ыйса чөлдө кырк күн болуп, шайтан тарабынан сыналды. Ал жырткычтар менен бирге болду. Периштелер Ага кызмат кылышты.

    1:14 Жакан камакка алынгандан кийин, Ыйса Галилеяга келип, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө жар салып:

    1:15 «Убакыт келди, Кудайдын Падышачылыгы жакындап калды. Тобо кылгыла, Жакшы Кабарга ишенгиле», – деди.

    Петир менен Андрейдин чакырылышы

    1:16 Ыйса Галилея көлүнүн жүүги менен бара жатып, көлгө тор салып жаткан Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Алар балыкчылар эле.

    1:17 Ошондо Ыйса аларга: «Менин артымдан эүрчигиле, Мен силерди адам кармоочу кылам», – деди.

    1:18 Алар ошол замат торлорун таштап, Анын артынан эүрчип жөнөштү.

    1:19 Бир аз нары баскандан кийин, Ал Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар кайыктын ичинде тор оңдоп отурушкан эле.

    1:20 Ошол замат Ыйса аларды чакырды. Ошондо алар атасы Зебедейди жумушчулары менен кайыкка калтырып, Ыйсанын артынан эүрчип жөнөштү.

    Ыйсанын жиндерди кууп чыгаруусу

    1:21 Алар Капернаумга келишти. Ыйса ишемби күнү синагогага кирип, элди окутту.

    1:22 үл Анын окутуусуна таң калды. Анткени Ыйса аларды мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.

    1:23 Алардын синагогасында жин оорулуу бир адам бар эле. Ал ошол замат:

    1:24 «үй, назареттик Ыйса! Бизде эмне ишиң бар? Сен бизди жок кылганы келдиңби? Сенин ким экениңди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысың!» – деп кыйкырды.

    1:25 Бирок Ыйса жинге: «Єнүңдү бас да, анын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды.

    1:26 Ошондо жин ал адамды калтыратып жана катуу кыйкыртып, анын ичинен чыгып кетти.

    1:27 Бардыгынын эрөйлөрү учуп, бири-бирине: «Бул эмнеси? Бул эмне деген жаңы окутуу?! Ал жиндерге бийлик менен буйрук берип жатат, алар болсо Ага баш ийип жатышат», – дешти.

    1:28 Ал жөнүндөгү кабар Галилеянын туш тарабына тез эле тарап кетти.

    Шымондун кайын энесинин айыгышы

    1:29 Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Жакыпты, Жаканды эүрчитип, түз эле Шымон менен Андрейдин үйүнө келди.

    1:30 Шымондун кайненеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан. Ыйсага дароо ал жөнүндө айтышты.

    1:31 Ошондо Ыйса оорулуунун жанына келип, колунан кармап тургузду. Аял ысытма оорусунан ошол замат айыгып, аларга кызмат кыла баштады.

    Жиндерди кууп чыгаруу жана көптөгөн оорулууларды айыктыруу

    1:32 Күн батып, кеч киргенде, Ага бардык оорулууларды жана жин оорулууларды алып келишти.

    1:33 Шаардын бардык эли эшиктин алдына чогулду.

    1:34 Ыйса ар кандай оорудан азап чеккен көптөгөн адамдарды айыктырды, көптөгөн адамдардын ичинен жиндерди кууп чыгарды, алардын сүйлөшүнө жол берген жок. Анткени жиндер Анын Машайак экендигин билишчү.

    Ыйсанын Галилеяда насаат айтышы

    1:35 үртеси Ыйса таң ата электе туруп, эйдөн чыгып, эүн жерге барып сыйынды.

    1:36 Шымон жана анын жанындагылар Ыйсаны издеп жөнөштү.

    1:37 Аны табышканда: «Бардыгы Сени издеп жатышат!» – дешти.

    1:38 Ыйса аларга: «Жакын жердеги башка кыштактарга, шаарларга баралы. Мен ошол жерлерде да Жакшы Кабар айтышым керек. Анткени Мен ошон үчүн келгем», – деди.

    1:39 Ошентип, Ал бүткүл Галилеяны аралап, алардын синагогаларында элди окутуп, жин оорулуу адамдардан жиндерди кууп чыгарып жүрдү.

    Пес оорулуунун айыгышы

    1:40 Ыйсага пес оорулуу бир адам келип, тизелеп жыгылды да: «үгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.

    1:41 Ыйса боор ооруп, ага колун тийгизди да: «Каалайм, таза бол!» – деди.

    1:42 Ошол замат ал пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

    1:43 Ыйса болсо ага: «үч кимге үч нерсе айтпагын!» – деп, катуу эскертти да:

    1:44 «Барып, ыйык кызмат кылуучуга көрүн, тазаланууң үчүн, Муса буйруган курмандыкты чал. Бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деп, кетирип жиберди.

    1:45 Ал болсо ал жерден кетти да, болгон окуяны элге жая баштады. Ошондуктан Ыйса шаарга ачык кире албай, шаардын сыртындагы эүн жерлерде болду. Ошондо да Ага бардык жерден эл келип жатты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск