Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Шал оорулуунун айыгышы

    2:1 Бир нече күндөн кийин Ыйса кайрадан Капернаумга келди. Анын эйдө экендиги маалым болор замат,

    2:2 көп эл чогулуп калды, ал эмес, эшиктин алдында да орун калбай калды. Ыйса болсо элге Кудайдын сөзүн айтып жатты.

    2:3 Ошондо төрт киши Ага бир шал оорулууну көтөрүп келди.

    2:4 Алар элдин көптүгүнөн Ыйсага жакын бара алышпай, эйдүн чатырын ачышты да, Ал турган эйдүн төбөсүн тешип, шал оорулууну төшөгү менен түшүрүштү.

    2:5 Алардын ишенимин көргөн Ыйса шал оорулууга: «Балам, күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

    2:6 Бул жерде бир нече мыйзам окутуучулар отурушкан эле.

    2:7 Алар: «үмне үчүн Ал ушинтип айтып жатат? Ал Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» – деп ойлошту.

    2:8 Ошол замат Ыйса руху менен алардын оюн билип: «үмне үчүн ушинтип ойлоп жатасыңар?

    2:9 Шал оорулууга кайсынысын айткан оңой: “Күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, баргын” дегенби?

    2:10 Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн, – деди да, анан шал оорулууга –

    2:11 Сага айтамын: Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.

    2:12 Ал ошол замат ордунан турду да, төшөгүн көтөрүп алып, бардыгынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Ошондо бардыгы таң калып: «Биз үч качан мындай нерсени көргөн эмес элек!» – деп, Кудайды даңкташты.

    Лебинин (Матайдын) чакырылышы

    2:13 Ыйса кайрадан көлдүн жүүгине келди. Ошондо элдин баары Анын жанына келди. Ал элди окутту.

    2:14 Ал кетип бара жатып, бажыканада отурган Алпей уулу Лебини көрүп, ага: «Менин артымдан эүрчи», – деди. Леби ордунан туруп, Анын артынан эүрчип жөнөдү.

    2:15 Ыйса Лебинин үйүндө шакирттер, салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондо отурду. Анткени Анын артынан эүрчигендер көп болчу.

    2:16 Фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Ыйсанын күнөөкөрлөр жана салык жыйноочулар менен тамактанып отурганын көрүшүп, Анын шакирттеринен: «үмне үчүн Ал салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен чогуу тамактанып жатат?» – деп сурашты.

    2:17 Муну уккан Ыйса аларга: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек. Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим», – деди.

    Орозо жөнүндө суроо

    2:18 Жакандын шакирттери менен фарисейлер орозо кармашчу. Алар Ыйсага келип: «Жакандын жана фарисейлердин шакирттери орозо кармашат, эмне үчүн Сенин шакирттериң орозо кармашпайт?» – деп сурашты.

    2:19 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Күйөө үйлөнүү тоюндагылардын жанында болгондо, алар орозо кармашмак беле? Алар орозо кармашпайт, азырынча Күйөө алардын жанында!

    2:20 Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган да күндөр келет, алар ошол күндөрү орозо кармашат.

    Кийим жана чанач жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    2:21 үч ким эски кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт. Анткени жаңы кездемеден салынган жамаачы эски кийимден чычылып калат да, жыртык ого бетер чоңоюп кетет.

    2:22 үч ким эски чаначка жаңы шарап куйбайт. Анткени чанач айрылып, шарап төгүлөт, чанач жараксыз болуп калат. Тескерисинче, жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек».

    Ыйса – ишемби күндүн да Кожоюну

    2:23 Ишемби күндөрүнүн биринде Ыйса эгин талаасынан өтүп бара жатты. Анын шакирттери жолдо бара жатканда, буудайдын баштарын эзүп ала башташты.

    2:24 Ошондо фарисейлер Ыйсага: «Карачы, эмне үчүн алар ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатышат?» – дешти.

    2:25 Ыйса аларга: «Дөөт муктаж болуп, өзү да, жанындагылар да ачка болушканда, эмне кылганын силер таптакыр окуган жок белеңер?

    2:26 Ыйык кызмат кылуучу Абыйатардын убагында ал Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка үч кимге жегенге болбой турган нан курмандыгынан жеп, жанындагы кишилерге да бербеди беле», – деди.

    2:27 Анан аларга: «Адам ишемби күн үчүн эмес, ишемби күн – адам үчүн!

    2:28 Ошондуктан Адам Уулу – ишембинин да кожоюну», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск