Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Ыйсанын ишемби күнү бир колу шал болуп калган адамды айыктырышы

    3:1 Ыйса кайрадан синагогага келди. Ал жерде бир колу шал болуп калган адам бар эле.

    3:2 Ыйсаны айыпташ үчүн, «Ал бул адамды да ишемби күнү айыктырар бекен», – деп, карап турушту.

    3:3 Ыйса болсо бир колу шал болуп калган адамга: «Ортого чык!» – деди да,

    3:4 тигилерден: «Ишемби күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же өлтүрүү керекпи?» – деп сурады. Алар унчугушкан жок.

    3:5 Ошондо Ыйса аларга ачуулана карап, жүрөктөрүнүн катуулугуна кайгырып, жанагы кишиге: «Колуңду сун», – деди. Ал колун сунду. Ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

    3:6 Фарисейлер сыртка чыгары менен, Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө Иродду жактоочулар менен кеңешишти.

    Ыйса Галилеяда

    3:7 Ыйса шакирттери менен көл тарапка кетти. Ошондо Галилея, Жүйүт, эдом аймагындагы,

    3:8 Иерусалим шаарындагы, Иордандын наркы өйүзүндөгү көп эл Анын артынан барды. Анын кылган иштери жөнүндө уккан Тир жана Сидон аймактарындагы эл Ага агылып келип жатты.

    3:9 Ошондо Ыйса көпчүлүктүн арасында кысылып калбаш үчүн, өзүнө бир кайыкты даярдап коюуну шакирттерине дайындады.

    3:10 Анткени Ыйса көп кишилерди айыктыргандыктан, оорулуулардын бардыгы Ага колдорун тийгизүү үчүн, жүткүнүп жатышкан эле.

    3:11 Жиндер Ыйсаны көргөндө, Анын алдына жыгылып: «Сен Кудайдын Уулусуң!» – деп кыйкырып жатышты.

    3:12 Бирок Ыйса алардын өзү жөнүндө жарыялоосуна катуу тыюу салды.

    Он эки шакирттин тандалышы

    3:13 Андан кийин Ал тоого чыкты да, өзү кимдерди кааласа, ошолорду өзүнө чакырды. Алар Ыйсага келишти.

    3:14 өзүнүн жанына алып жүрүш үчүн жана насаат айтууга жөнөтүш үчүн, Ал он эки кишини тандады да,

    3:15 аларга оорулууларды айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди.

    3:16 Ыйса тандаган он эки киши мына булар: «Петир» деген да ысым коюлган Шымон,

    3:17 Бойанергес, башкача айтканда, «Чагылгандай чартылдагандар» деген да ысым коюлган Зебедей уулдары Жакып менен Жакан;

    3:18 Андрей, Филип, Барталамей, Матай, Томас, Алпей уулу Жакып, Тадай, кааналык Шымон,

    3:19 Ага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот.

    Бир туугандарынын Ыйса үчүн тынчсызданышы

    3:20 Алар эйгө келишкенде, кайрадан көп эл чогулуп калды. Ошондуктан алар тамактана да албай калышты.

    3:21 «Ал акылынан айнып калыптыр», – деп айтып жатышканын уккан жакындары Аны алып кеткени келишти.

    Мыйзам окутуучулардын Ыйсаны жамандашы

    3:22 Иерусалимден келген мыйзам окутуучулар болсо: «Анын ичинде Белзебул бар. Жиндерди Ал жиндердин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.

    3:23 Ошондо Ыйса мыйзам окутуучуларды жанына чакырып, аларга элгү-насаат аңгеме менен мындай деп сүйлөдү: «Шайтан шайтанды кантип кууп чыгарсын?

    3:24 үгерде падышачылык ич ара бөлүнсө, анда ал падышачылык кулайт.

    3:25 үгерде эй-бүлө ич ара бөлүнсө, анда ал эй-бүлө бузулат.

    3:26 үгерде шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып бөлүнсө, анда ал тура албайт, анын күнү бүтөт.

    3:27 Күчтүү адамды байлап салмайынча, анын үйүнө кирип, мал-мүлкүн уурдоо мүмкүн эмес. Аны байлап салгандан кийин гана үйүн тоноп кетсе болот.

    3:28 Силерге чындыкты айтып коёюн, адам баласынын бардык күнөөлөрү жана акарат келтирип айткан сөздөрү кечирилет,

    3:29 бирок ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, ал түбөлүккө кечирилбейт, түбөлүккө күнөөлүү болот».

    3:30 Ыйса бул сөздөрдү «Анын ичинде жин бар» деп айтышкандыгы үчүн айтты.

    Машайактын чыныгы туугандары

    3:31 энеси менен бир туугандары келип, сырттан Ыйсаны чакыртышты.

    3:32 Анын тегерегинде эл отурган эле. Ошондо Ага: «үнең, инилериң, карындаштарың сыртта Сени чакырып жатышат», – дешти.

    3:33 Ыйса аларга: «Менин энем жана бир туугандарым ким?» – деди да,

    3:34 айланасында отургандарды тегерете карап: «Мына, менин энем, мына, Менин бир туугандарым.

    3:35 Анткени ким Кудайдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым жана энем!» – деп жооп берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск