Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Михей 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Теңирдин жер үстүндөгү падышачылыгы

    4:1 Акыркы күндөрдө мындай болот: Теңир үйү турган тоо тоолордун башына коюлат, ал адырлардан жогору көтөрүлөт, элдер ага агылып келишет.

    4:2 Көп элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге өзүнүн жолдорун эйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет.

    4:3 Ал көп элдерди соттойт, алыскы өлкөлөрдөгү көптөгөн уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга эйрөнүшпөйт,

    4:4 тескерисинче, ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды үч ким коркутпайт, анткени муну Себайот Теңир өзү айтты.

    4:5 Анткени бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты үчүн жашайт. Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз.

    Ысрайылдын туткундан кайтып келери жөнүндө

    4:6 «Ошол күнү, – дейт Теңир, – аксагандарды чогултам, куулуп кеткендерди, өзүм кимдин башына алаамат түшүрсөм, ошолорду чогултам.

    4:7 Аксагандарды калдык кылам, алыска чачырап кеткендерди күчтүү эл кылам, Теңир Сион тоосунда азыр жана түбөлүккө алардын үстүнөн падышачылык кылат.

    4:8 Сен болсо, үйүр мунарасы, Сион кызынын адыры! Сага мурунку бийлигиң кайрылып келет, Иерусалим кыздарына падышачылык кайра келет.

    4:9 үмнеге сен азыр ушунчалык катуу өкүрүп жатасың? эмне, сенин падышаң жокпу? Төрөп жаткан аялга окшоп, эмне кыйналып жатасың? эмне, кеңешчиңден айрылып калдыңбы?

    4:10 Сион кызы, төрөп жаткан аялга окшоп азап тарт, кыйнал, анткени сен эми шаардан чыгасың, талаада жашайсың, Бабылга чейин жетесиң. Ошол жерде куткарыласың, ошол жерде Теңир сени душмандарыңдын колунан куткарат.

    4:11 “Ал булгансын, Сиондун кыйроосун көзүбүз көрсө экен” деген көптөгөн элдер азыр сага каршы чогулушту.

    4:12 Бирок алар Теңирдин ойлорун билишпейт, Анын кеңешин түшүнүшпөйт, анткени Теңир аларды кырмандагы боолордой кылып чогултту.

    4:13 Сион кызы, тур, кырман бастыр, анткени Мен сенин мүйүзүңдү темирден, туяктарыңды жезден жасайм. Ошондо сен көп элдерди талкалайсың, алардын талап-тоноп алгандарын Теңирге, алардын байлыгын бүт жер жүзүнүн эгедерине арнайсың.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск