Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Михей 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    5:1 Кошуундардын кызы, эми куралдан. Бизди айланта курчап алышты, Ысрайылдын башкаруучусун таяк менен бетке урушат.

    Машайак жөнүндөгү убада

    5:2 Бирок Сен, Бейт-Лехем эфрата, Жүйүттүн миңдеген урууларынын ичинен кичине болсоң да, сенден Мен үчүн Ысрайылга эгедер боло турган Адам чыгат, Ал эң башында эле, байыркы күндөрдө эле төрөлгөн.

    5:3 Ошондуктан Теңир аларды төрөй турган аял төрөгөн мезгилге чейин таштап салат. Ошондо Ысрайыл уулдарына өздөрүнүн калган бир туугандары кайрылып келишет.

    5:4 Ал туруп, аларды Теңирдин күчү менен, Кудай-Теңирдин ысымынын улуулугу менен кайтарат, ошондо алар коопсуз жашашат, анткени Анын улуулугу жер кыйырына чейин белгилүү болот.

    Жакыптын калдыгы – элдер үчүн шүүдүрүм

    5:5 Ал биздин тынчтыгыбыз болот. Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин үйлөргө киргенде, биз ага каршы жети койчуну, сегиз төрөнү коёбуз.

    5:6 Алар кылыч менен Ашур жерин, Нимрот жерин дарбазаларынын алдында кыйратат, Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин чек араларыбызды аттаганда, Ал бизди андан куткарат.

    5:7 Жакыптын калдыгы көп элдердин арасында Теңирден түшкөн шүүдүрүмдөй, чөптүн үстүнө жааган жамгырдай болот, ал адамга көз каранды болбойт жана адам уулдарына таянбайт.

    5:8 Жакыптын калдыгы элдердин арасында, көп уруулардын арасында токой жырткычтарынын арасындагы арстандай, койлордун арасындагы жаш арстандай болот, эгерде ал арстан атырылып чыгып, басып жыгып тыткылай турган болсо, анын колунан үч ким куткара албайт.

    5:9 Сенин колуң душмандарыңдын үстүнөн салтанат менен көтөрүлөт, сенин бардык душмандарың жок кылынат.

    5:10 Ошол күнү, – дейт Теңир, – сенин аттарыңды жок кылам, майдан арабаларыңды талкалайм.

    5:11 Сенин жериңдеги шаарларды кыйратам, сенин бардык сепил-чептериңди уратам.

    5:12 Сенин колуңдан сыйкырчылыкты жулуп ыргытам, сенин жаратылыш кубулуштары боюнча алдын ала айтуучуларың жок болот.

    5:13 Сенин буркандарыңды талкалайм, жасалма кудайларыңды жок кылам, ошондон кийин сен өз колуң менен жасаган нерселерге табынганыңды коёсуң.

    5:14 Сенин ыйык токойлоруңду түп-тамыры менен жок кылам, шаарларыңды талкалайм.

    5:15 Ошентип, Мага тил албаган элдерден каарым менен, ачуум менен өч алам».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск