Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Михей 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Кудайдын жазасы жана ырайымы

    6:1 Теңирдин эмне деп айтып жатканын уккула: «Тур, тоолордун алдында соттош, сенин үнүңдү адырлар уксун!»

    6:2 Тоолор, ошондой эле силер да, жердин бекем негиздери, Теңирдин сотун уккула, анткени Теңир өз элин соттоп жатат, Ал Ысрайыл менен соттошуп жатат.

    6:3 «үлим! Мен сага эмне кылдым, сага кандай оорчулук келтирдим? Жооп берчи Мага.

    6:4 Мен сени Мисир жеринен алып чыктым, сени кулчулуктун үйүнөн куткарып алдым, сени жетектеп жүрүшү үчүн, Мусаны жана Арун менен Мириямды жибердим.

    6:5 үлим! Теңирдин адилеттүү иштерин таанып билишиң үчүн, Маап падышасы Балак кандай арамдык ойлогонун, Бейор уулу Билам ага эмне деп жооп бергенин жана Шитимден Гилгалга чейин эмне болгонун үстечи».

    6:6 «Теңирдин алдына мен эмне менен келем, асмандагы Кудайга кантип таазим кылам? Анын алдына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен, бир жашар букачарлар менен келемби?

    6:7 Бирок миңдеген койлор менен, он миңдеген дарыядай аккан зайтун майлары менен Теңирге жагууга болобу? өзүмдүн кылмышым үчүн Ага тун уулумду, өз жанымдын күнөөсү үчүн ичимден чыккан баламды беремби?»

    6:8 Оо адам! эмне жакшы экени, Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган бул – адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо.

    6:9 Теңирдин үнү шаарга чакырып жатат, акылмандуулук Сенин ысымыңдын алдында коркуп турат. «Бийлик таякты жана аны Ким койсо, Ошону уккула!

    6:10 Арам байлык жана кемитилген, жийиркеничтүү ченем мыйзамсыздын үйүндө азыр деле жок эмес бекен?

    6:11 Мен туура эмес тараза менен, баштыктагы туура эмес кадак таштар менен таза боло аламбы?

    6:12 Анын байлары зордук-зомбулдук кылышат, анын тургундары жалганды сүйлөшөт, алардын тили алдамчы.

    6:13 Ошондуктан Мен сени айыккыс кылып урдум, сени күнөөлөрүң үчүн кыйраттым.

    6:14 Сен жейсиң, бирок тойбойсуң, сенин ичиң бош болот. Кайтарасың, бирок сактап кала албайсың, ал эми сактап калганыңды кылыч мизине салып берем.

    6:15 үгесиң, бирок оруп-жыйбайсың; зайтун сыгасың, бирок май менен майланбайсың; жүзүм ширесин сыгасың, бирок шарап ичпейсиң.

    6:16 Силерде Омринин каада-салттары, Ахаптын тукумунун бардык иштери сакталып калган, силер ошолордун кеңештери менен иш кыласыңар. Ошондуктан Мен сени кыйратам, сенин тургундарыңды күлкү кылам, ошентип, силер Менин элимдин маскарачылыгын көтөрөсүңөр».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск