Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Душмандардын Некемияга каршы айла-амалы

    6:1 Менин дубалды куруп бүткөнүм жана бузулган жерлердин оңдолуп бүткөнү Санбалаттын да, Тобиянын да, аравиялык Гешемдин да кулагына жетти. Бирок дарбазалардын эшиктерин коё элек болчумун.

    6:2 Ошондо Санбалат менен Гешем мага киши жиберип: «Кел, Оно түздүгүндөгү бир кыштактан кездешели», – деп айттырышты. Алар мага кыянаттык кылууну ойлошту.

    6:3 Бирок мен аларга элчилерди жөнөтүп: «Мен чоң иш менен алек болуп жатам, бара албайм. эгер жумушумду таштап, силер менен жолугуша турган болсом, анда иш токтоп калат», – деп айттырдым.

    6:4 Алар ушундай деп айттырып, мага төрт жолу киши жиберишти, мен аларга мурдагыдай эле жоопту бердим.

    6:5 Ошондо Санбалат мага бешинчи ирет өз кызматчысын жөнөттү, колунда ачык кат бар экен.

    6:6 Анда мындай деп жазылыптыр: «үл арасында мындай сөздөр айтылып жүрөт, Гешем да айтып жатат: Сен да, жүйүттөр да бөлүнгөнү жаткан экенсиңер, алардын айтымына караганда, аларга падыша болом деп, дубалды куруп жатыптырсың.

    6:7 өзүң жөнүндө: “Жүйүт падышасы мына!” – деп жарыялатыш үчүн, Иерусалимге пайгамбарларды да коюптурсуң. Мындай сөздөр падышага да жетип калат. Ошондуктан сөзсүз кел, чогуу кеңешели».

    6:8 Бирок мен ага киши жөнөтүп: «Сенин айткандарыңдын бири да болгон эмес. Сен муну өз акылың менен ойлоп тапкансың», – деп айттырдым.

    6:9 Анткени алар: «Алардын ындыны өчүп, бул ишти аягына чыгара албай калышат», – деп, бизди коркутушкан. Бирок ошенткен сайын мен ого бетер кайраттандым.

    6:10 Мен Мейтабел уулу болгон Делаянын уулу Шемаянын үйүнө келдим, ал эшиктерди бекитип: «Кудайдын үйүнө барып, ийбадаткананын ичине кирип, эшикти бекитип алалы. Анткени алар сени өлтүргөнү жатышат, алар сени өлтүрүү үчүн түндө келишет», – деди.

    6:11 Бирок мен: «Мендей адам кантип качсын? Мендей адам тирүү калам деп, ийбадатканага кантип кирсин? Барбайм», – дедим.

    6:12 Ал мага пайгамбардай сүйлөсө да, аны Кудай жибербегенин, аны Тобия менен Санбалат сатып алышканын билгем.

    6:13 Анткени мени коркутуш үчүн, ушинтип күнөөгө батырыш үчүн, мени жаманатты кылып, мени жемелеп, куугунтукка алыш үчүн, аны сатып алышкан.

    6:14 Оо Кудайым, Тобия менен Санбалаттын ушул иштерин унута көрбө, мени коркуткусу келген пайгамбар аял Ноядияны жана башка пайгамбарларды да унута көрбө!

    Дубалдын курулуп бүтүшү

    6:15 Дубал элул айынын жыйырма бешинчи күнү, элүү эки күндө курулуп бүттү.

    6:16 Бул тууралуу бүт душмандарыбыз укканда жана биздин тегерегибиздеги бүт элдер көргөндө, алар абдан коркуп калышты, бул ишти биздин Кудай кылганын билишти.

    6:17 Бирок ошол күндөрү жүйүттөрдүн атактуу адамдары катты көп жазып, Тобияга жөнөтүп турушту, Тобиядан да аларга кат келип жатты.

    6:18 Анткени Жүйүт аймагындагы көп адамдар ага ант беришип, бир келишимде болушту, себеби ал Арах уулу Шеханиянын күйөө баласы эле. Анын уулу Жоханан Берехия уулу Мешуламдын кызын алган.

    6:19 Атүгүл, менин көзүмчө анын кең пейилдигин кеп кылышчу, менин сөздөрүм да ага жеткирилип турчу. Тобия мени коркутуш үчүн, кат жөнөтүп турду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск