Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Арундун таягынын гүлдөшү

    17:1 Теңир Мусага мындай деди:

    17:2 «Ысрайыл уулдары менен сүйлөшүп, ар бир уруунун уруу башчысынан бирден таяк ал. Ошол он эки таяктын ар бирине бирден уруунун атын жазып кой.

    17:3 Арундун атын Леби уруусунун таягына жаз, анткени ар бир уруу башчысы бирден таяк берүүгө тийиш.

    17:4 Аларды жыйын чатырынын ичиндеги Мен силер менен сүйлөшүп турган келишим сандыгынын алдына кой.

    17:5 Мен кимди тандап алсам, анын таягы гүлдөп калат. Ысрайыл уулдарынын силерге наалыганын Мен ошентип токтотом».

    17:6 Анан Муса Ысрайыл уулдары менен сүйлөштү. Ошондо алардын уруу башчылары бирден, жалпы он эки таяк беришти, алардын таягынын арасында Арундун таягы да бар эле.

    17:7 Муса таяктарды жыйын чатырынын ичине, Теңирдин алдына алып барып койду.

    17:8 үртеси күнү Муса жыйын чатырына келип караса, Леби уруусундагы Арундун таягы бүчүр байлап, гүлдөп, бадам байлап калыптыр.

    17:9 Анан Муса Теңирдин алдынан бардык таяктарды Ысрайыл уулдарына алып келди. Алар таяктарды карап көрүп, ар кимиси өз таягын алды.

    17:10 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Баш ийбегендерге эскертүү белгиси болушу үчүн, Арундун таягын келишим сандыгынын алдына сактап кой, алардын Мага наалыганы токтосун, алар өлүп калышпасын».

    17:11 Муса ошондой кылды, Теңир ага кандай буйруса, так ошондой кылды.

    17:12 Ысрайыл уулдары Мусага мындай деп айтышты: «Мына, биз өлүп бара жатабыз, баарыбыз кыйрап бара жатабыз!

    17:13 Теңирдин жыйын чатырына жакындагандар өлүп жатышат. Баарыбыз ушинтип кырылып калабызбы?»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск