Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Уруулардын кошуун-кошуун болуп бөлүнүшү

    2:1 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

    2:2 «Ысрайыл уулдары өз станын өз туусунун жанына, уруу белгилеринин жанына жайгаштырышсын. Стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын.

    2:3 Жыйын чатырынын күн чыгыш тарабында Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен алдыңкы катарда турсун. Жүйүт уруусунун башчысы – Аминадаптын уулу Нахшон,

    2:4 анын санакка кирген жоокерлери – жетимиш төрт миң алты жүз.

    2:5 Анын жанына Исахар уруусунун станы жайгашсын. Исахар уруусунун башчысы – Суардын уулу Натанаел,

    2:6 анын санакка кирген жоокерлери – элүү төрт миң төрт жүз.

    2:7 Анын жанына Забулун уруусунун станы жайгашсын. Забулун уруусунун башчысы – Хейлондун уулу элийап,

    2:8 анын санакка кирген жоокерлери – элүү жети миң төрт жүз.

    2:9 Жүйүт станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сексен алты миң төрт жүз. Алар биринчи жөнөшсүн.

    2:10 Жыйын чатырынын түштүк тарабында Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Рубейин уруусунун башчысы – Шедейурдун уулу элитсур,

    2:11 анын санакка кирген жоокерлери – кырк алты миң беш жүз.

    2:12 Анын жанына Шымон уруусунун станы жайгашсын. Шымон уруусунун башчысы – Суришадай уулу Шелумиел,

    2:13 анын санакка кирген жоокерлери – элүү тогуз миң үч жүз.

    2:14 Андан кийин кошуунун Гат уруусу жайгаштырсын. Гат уруусунун башчысы – Ребуелдин уулу элийасап,

    2:15 анын санакка кирген жоокерлери – кырк беш миң алты жүз элүү.

    2:16 Рубейин станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү бир миң төрт жүз элүү. Алар экинчи жөнөшү керек.

    2:17 Жыйын чатырын алып жөнөгөндө, лебилердин станы стандардын ортосунда болсун. Ар бир стан туусун көтөрүп, өз-өз катары менен, кандай жайгашса, ошол бойдон жөнөшү керек.

    2:18 Жыйын чатырынын батыш тарабында эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. эпрайым уруусунун башчысы – Амийуттун уулу элишама,

    2:19 анын санакка кирген жоокерлери – кырк миң беш жүз.

    2:20 Анын жанына Менаше уруусу жайгашсын. Менаше уруусунун башчысы – Пыдатсур уулу Гамлиел,

    2:21 анын санакка кирген жоокерлери – отуз эки миң эки жүз.

    2:22 Андан кийин Бенжемин уруусу жайгашсын. Бенжемин уруусунун башчысы – Гидонинин уулу Абидан,

    2:23 анын санакка кирген жоокерлери – отуз беш миң төрт жүз.

    2:24 үпрайым станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сегиз миң бир жүз. Алар үчүнчү жөнөшү керек.

    2:25 Жыйын чатырынын түндүк тарабында Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Дан уруусунун башчысы – Амишадайдын уулу Ахиезер,

    2:26 анын санакка кирген жоокерлери – алтымыш эки миң жети жүз.

    2:27 Анын жанына Ашыр уруусунун станы жайгашсын. Ашыр уруусунун башчысы – Охран уулу Пагиел,

    2:28 анын санакка кирген жоокерлери – кырк бир миң беш жүз.

    2:29 Андан кийин Напталы уруусу жайгашсын. Напталы уруусунун башчысы – эйнандын уулу Акира,

    2:30 анын санакка кирген жоокерлери – элүү үч миң төрт жүз.

    2:31 Дан станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү жети миң алты жүз. Алар тууларын көтөрүп, акыркы болуп жөнөшү керек».

    2:32 Ысрайыл уулдарынын эй-бүлөлөрү боюнча санакка киргендери ушулар. Стандардагы кошуун-кошуун боюнча санакка киргендердин жалпы саны – алты жүз үч миң беш жүз элүү.

    2:33 Ошентип, Теңир Мусага буйругандай, лебилер Ысрайыл уулдары менен кошо санакка кирген жок.

    2:34 Ысрайыл уулдары Теңирдин Мусага буйругандарынын бардыгын аткарышты. Алар тууларын көтөрүп, стандары менен ушундай турушту, алар уруулары, эй-бүлөлөрү менен ушундай жол жүрүштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск