Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Ысрайылды биринчи жолу санап чыгуу

    1:1 Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи жылдын экинчи айынын биринчи күнүндө Синай чөлүндө, жыйын чатырында Теңир Мусага мындай деди:

    1:2 «Арун экөөңөр Ысрайылдын бүткүл жамаатындагы ар бир урууну, ар бир эй-бүлөнү санап чыккыла. эркек аттууларынын бирин да калтырбай, аттарын атап санап чыккыла.

    1:3 Ысрайыл элинин жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларынын баарын кошуундары боюнча санап чыккыла.

    1:4 Ар бир уруунун уруу башчысы силерге жардам берсин.

    1:5 Силерге жардамдаша турган эркектердин аттары мындай: Рубейин уруусунан Шедейурдун уулу элитсур,

    1:6 Шымон уруусунан Суришадайдын уулу Шелумиел,

    1:7 Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон,

    1:8 Исахар уруусунан Суардын уулу Натанаел,

    1:9 Забулун уруусунан Хейлондун уулу элийап,

    1:10 Жусуптун уулдарынан: эпрайым уруусунан Амийуттун уулу элишама, Менаше уруусунан Пыдатсурдун уулу Гамлиел,

    1:11 Бенжемин уруусунан Гидонинин уулу Абидан,

    1:12 Дан уруусунан Амишадайдын уулу Ахиезер,

    1:13 Ашыр уруусунан Охрандын уулу Пагиел,

    1:14 Гат уруусунан Ребуелдин уулу элийасап,

    1:15 Напталы уруусунан эйнандын уулу Акира.

    1:16 Булар – жамааттын тандалган уулдары, өз-өз урууларынын уруу башчылары, Ысрайыл миң башылары».

    1:17 Муса менен Арун аттары аталган ушул эркектерди алып жөнөштү.

    1:18 Алар экинчи айдын биринчи күнү бүткүл жамаатты жыйнашты. Ошондо алар жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын бирин калтырбай, уруусу, эй-бүлөсү боюнча аттарын атап санап чыгышты.

    1:19 Муса Теңирдин айтканындай кылып, аларды Синай чөлүндө санап чыкты.

    1:20 Ошондо Ысрайылдын тун уулу Рубейинден тараган, жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бири калбай, уруусу, тукуму, эй-бүлөсү боюнча аттары аталды.

    1:21 Рубейин уруусундагы эркектердин саны кырк алты миң беш жүз болду.

    1:22 Шымондун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:23 Шымон уруусундагы эркектердин саны элүү тогуз миң үч жүз болду.

    1:24 Гаттын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:25 Гат уруусундагы эркектердин саны кырк беш миң алты жүз элүү болду.

    1:26 Жүйүттүн уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:27 Жүйүт уруусундагы эркектердин саны жетимиш төрт миң алты жүз болду.

    1:28 Исахардын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:29 Исахар уруусундагы эркектердин саны элүү төрт миң төрт жүз болду.

    1:30 Забулундун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:31 Забулун уруусундагы эркектердин саны элүү жети миң төрт жүз болду.

    1:32 Жусуптун уулу эпрайымдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:33 үпрайым уруусундагы эркектердин саны кырк миң беш жүз болду.

    1:34 Жусуптун уулу Менашенин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:35 Менаше уруусундагы эркектердин саны отуз эки миң эки жүз болду.

    1:36 Бенжеминдин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:37 Бенжемин уруусундагы эркектердин саны отуз беш миң төрт жүз болду.

    1:38 Дандын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:39 Дан уруусундагы эркектердин саны алтымыш эки миң жети жүз болду.

    1:40 Ашырдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:41 Ашыр уруусундагы эркектердин саны кырк бир миң беш жүз болду.

    1:42 Напталынын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, эй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

    1:43 Напталы уруусундагы эркектердин саны элүү үч миң төрт жүз болду.

    1:44 Санакка киргендер мына ушулар. Аларды Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары – он эки уруу башчы санап чыгышты.

    1:45 Алар Ысрайыл уулдарынын согушка жарактуу жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттууларынын баарын эй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

    1:46 Алардын жалпы саны алты жүз үч миң беш жүз элүү болду.

    1:47 Леби уруусу алар менен кошо санакка кирген жок.

    1:48 Анткени Теңир Мусага мындай деп айткан:

    1:49 «Леби уруусун гана тизмеге киргизбе, Ысрайыл уулдарындай кылып аларды санаба.

    1:50 Лебилерге жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди тапшырып бер. Алар жыйын чатырын жана ага тиешелүү нерселердин баарын көтөрүп жүрүшсүн, ошол жерде кызмат кылышсын жана анын тегерегине өздөрүнүн станын жайгаштырышсын.

    1:51 Жыйын чатырын көчүргөндө, лебилер жыйнаштырсын; жыйын чатырын орноткондо, лебилер орнотсун. эгерде бул ишке лебилерден бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын.

    1:52 Ысрайыл уулдары өз станынын, өз туусунун жанында турушсун.

    1:53 Теңирдин каары Ысрайыл уулдарына төгүлбөш үчүн, лебилер өз стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын. Лебилер жыйын чатырынын жанында күзөттө турушсун».

    1:54 Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск