Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Кудайга адамдарды жана буюмдарды арноо жөнүндө

    27:1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

    27:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Ким Теңирге кайсы бир нерсесин арноого убада берсе, сенин баалаганың боюнча

    27:3 ал адам ыйык шекел менен баалансын. эгерде ал жыйырма жаштан алтымыш жашка чейинки эркек болсо, элүү ыйык күмүш шекелге баалансын.

    27:4 үгерде аял болсо, анда отуз күмүш шекелге баалансын.

    27:5 Беш жаштан жыйырма жашка чейинки эркек жыйырма күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.

    27:6 Бир айдан беш жашка чейинки эркек бала беш күмүш шекелге, ал эми кыз үч күмүш шекелге баалансын.

    27:7 Алтымыш жаштан жогорку эркек он беш күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.

    27:8 үгерде ал адам өтө эле жарды болсо, айтылган бааны бере албаса, анда аны ыйык кызмат кылуучуга алып келишсин, ыйык кызмат кылуучу аны жашоо шартына жараша бааласын.

    27:9 Ким Теңирге арнап мал алып келсе, анда ал мал курмандыкка чалынсын. Теңирге арнала тургандын баары ыйык болсун.

    27:10 Ал мал башка нерсеге айырбашталбасын, жакшысы жаманга же жаманы жакшыга алмаштырылбасын. Ким малды малга алмаштырса, анда экөө тең ыйык болуп эсептелсин.

    27:11 үгерде Теңирге арнап курмандыкка чалганга жарабаган таза эмес мал алып келсе, анда ал малды ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

    27:12 Ал мал жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу баалайт. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.

    27:13 Ким ал малдын кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда ал малдын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп сатып алсын.

    27:14 Ким Теңирдин ыйык жайы үчүн үйүн арнаса, ал эй жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу бааласын. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.

    27:15 үгерде арнаган киши үйүнүн кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда сен койгон баа боюнча эйдүн баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо эй аныкы болот.

    27:16 Ким өз элүшүнөн Теңирге жер арнаса, анда анын баасы себилген эрөнгө жараша болсун. Себилген бир хомер арпа үчүн элүү күмүш шекел.

    27:17 Ким өзүнүн жерин юбилей жылы арнаса, анда ал ыйык кызмат кылуучу койгон баада болсун.

    27:18 Ким өзүнүн жерин юбилей жылынан кийин арнаса, анда ыйык кызмат кылуучу аны кийинки юбилей жылына чейинки, калган жылдардын санына жараша бааласын, ошондо баасы азаят.

    27:19 үгерде жерин арнаган киши аны кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда анын баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо жер өзүндө калат.

    27:20 үгерде ал жерин кунун төлөп кайрып албаса, жер башка кишиге сатылып кетсе, анда аны кунун төлөп кайтарып алууга болбойт.

    27:21 Ал жерди үч ким сатып албаса, юбилей жылы Теңирге арналган ыйык жер болуп калат. Ал жер түбөлүккө ыйык кызмат кылуучунуку болот.

    27:22 Ким Теңирге өзүнүн жерин эмес, сатып алган жерин арнаса,

    27:23 анда ыйык кызмат кылуучу аны юбилей жылына чейинки жылдардын санына жараша баалап, ошол эле күнү Теңирге арнасын.

    27:24 Ал жер юбилей жылы жердин биринчи эүсине өтөт.

    27:25 Ар бир нерсенин баасы ыйык шекел менен баалансын, бир шекелде жыйырма гер бар.

    27:26 Малдын биринчи төлүн үч ким Теңирге арнабасын, анткени биринчи төл Теңирге тиешелүү. өгүз болобу, майда жандык болобу, алар Теңирдики.

    27:27 үгерде мал таза эмес болсо, анда аны сен койгон баанын үстүнө баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп кайра кайрып алсын. эгерде ал кунун төлөбөсө, анда ал сен койгон баада сатылышы керек.

    27:28 Ким Теңирге өз менчигинен адам, мал, жер арнаса, анда алар сатылбайт жана кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Теңирге арналгандын баары Теңир алдында ыйык.

    27:29 Теңирге арналган адам кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Ал өлтүрүлсүн.

    27:30 Бардык түшүмдүн: жердин түшүмүнүн, дарактардын жемишинин ондон бир бөлүгү Теңирге таандык. Бул Теңирдин алдында ыйык.

    27:31 Ким өзү берген түшүмдүн ондон бир бөлүгүнүн кунун төлөп кайра алгысы келсе, анда анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп берсин.

    27:32 Бодо мал менен майда малдын ондон бир бөлүгү, таяк астынан өткөн малдын онунчусу Теңирге арналсын.

    27:33 Ал жакшы же жаман деп тандалбасын, алмаштырылбасын. эгерде аны алмаштырса, анда экөө тең Теңирге таандык болуп калат да, куну төлөнүп кайра кайтарылбайт”».

    27:34 Мына ушул осуяттарды Теңир Синай тоосунда Ысрайыл уулдарына Муса аркылуу берген.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск