Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Теңирдин бата убада кылуусу

    26:1 Табыныш үчүн жасалма кудайларды, балбалдарды, мамыларды, сүрөт чегилген таштарды жашаган жериңерге орнотпогула, анткени силердин Кудай-Теңириңер Менмин.

    26:2 Менин ишембилеримди сактагыла, Менин ыйык жайымды ыйык туткула. Мен Теңирмин.

    26:3 үгерде силер Менин көрсөтмөлөрүм боюнча жашасаңар, Менин осуяттарымды сактасаңар жана аткарсаңар,

    26:4 анда Мен жамгырды өз убагында жаадырам, жер да өз түшүмүн берет, талаадагы дарактар да жемиш берет.

    26:5 Бастырган даныңар жүзүм эзгөнгө чейин жетет, жыйнаган жүзүмүңөр эрөн сепкенге чейин жетет, наныңарды тойгончо жеп, өз жериңерде бейкут жашайсыңар.

    26:6 Жериңерге бейпилдик берем. Уктап жатканыңарда үч ким тынчыңарды албайт. Силер жашаган жерден жырткыч айбандарды кууп чыгарам, кылыч көтөргөндөрдү жолотпойм.

    26:7 Кастарыңарды качырасыңар, алар силердин кылычыңардан өлүшөт.

    26:8 Бешөөң жүздү качырасың, жүзүң түмөндү качырасың, душманыңар силердин кылычыңардан кыйрайт.

    26:9 Мен өзүм силерге назарымды салып, укум-тукумуңарды көбөйтөм, силер менен түзгөн келишимиме бек турам.

    26:10 өткөн жылдыкын жейсиңер, жаңы түшүмдүн молдугунан эскини таштап коёсуңар.

    26:11 өзүмдүн турагымды силердин араңарга тургузам, Мен силерден баш тартпайм.

    26:12 Силердин араңарда жүрүп, силердин Кудайыңар болом, силер Менин элим болосуңар.

    26:13 Силер Мисир жеринде кул болбошуңар үчүн, кулчулуктун кишендерин талкалап, башыңарды бийик көтөртүп, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.

    Тил албастык үчүн жаза

    26:14 үгерде Мага тил албасаңар, ушул осуяттардын баарын аткарбасаңар,

    26:15 Менин көрсөтмөлөрүмдү жек көрсөңөр, Менин мыйзамдарымдан баш тартсаңар, Менин осуяттарымды аткарбасаңар, Менин келишимимди бузсаңар,

    26:16 анда Мен да мындай кылам: эрөй учурган коркунуч, кургак учук, безгек каптатам, ошондо айлаңар кетип, жаныңар кыйналат. Сепкен эрөнүңөр текке кетет, аны кас душмандарыңар жейт.

    26:17 Мен силерге каршы чыгам, ошондо душмандарыңардын алдында кыйрайсыңар, душмандарыңар силерге үстөмдүк кылат, аркаңардан үч ким куубаса деле качып жөнөйсүңөр.

    26:18 Ошондон кийин да Менин тилимди албасаңар, анда күнөөлөрүңөр үчүн жазаны жети эсе көбөйтөм.

    26:19 Кекирейген текебердигиңерди сындырып, асманыңарды темирдей, жериңерди жездей кылам.

    26:20 Силердин күчүңөр текке кетет, жериңер түшүм бербейт, дарактарыңар жемиш бербейт.

    26:21 үгерде ушундан кийин да Мага каршы чыксаңар жана Мени уккуңар келбесе, анда күнөөлөрүңөр үчүн соккуну дагы жети эсе көбөйтөм.

    26:22 Силерге жырткыч айбандарды каптатам, алар балдарыңарды жейт, малдарыңарды кырат, өзүңөрдү да кырат, ошондо көчөлөрүңөр эүн калат.

    26:23 үгерде ошондон кийин да оңолбой, Мага каршы чыга турган болсоңор,

    26:24 анда Мен да силерге каршы чыгам, күнөөлөрүңөр үчүн силерди жети эсе жазалайм.

    26:25 Менин келишимимди бузганыңар үчүн, кылыч менен өч алам. эгерде шаарыңарга жашырынып алсаңар, анда жугуштуу оору каптатып, душманыңардын колуна салып берем.

    26:26 Адамга кубат берүүчү нандан өксүтөм. Он аял биригип, бир очокко нан бышырып, нанды өлчөп беришет. Жейсиңер, бирок тойбойсуңар.

    26:27 үгерде ошондон кийин да Менин тилимди албай, Мага каршы чыксаңар,

    26:28 анда Мен да каарымды төгүп, силерге каршы чыгам, күнөөлөрүңөр үчүн силерди жети эсе жазалайм.

    26:29 Балдарыңар менен кыздарыңардын этин жейсиңер.

    26:30 Бутканаларыңарды кыйратам, мамыларыңарды талкалайм, өлүгүңөр кыйраган жасалма кудайларыңардын астында калат. Мен силерден жийиркенем.

    26:31 Шаарларыңарды чөлгө айлантам, ыйык жайыңарды эүн калтырам, курмандыгыңардын жагымдуу жытын жыттабайм.

    26:32 Жериңерге отурукташкан душмандарыңар айран-таң калгыдай кылып, жериңерди кыйратам.

    26:33 Ал эми өзүңөрдү ар кыл элдин арасына таратам, аркаңардан кылычымды сунам, жериңер эүн калат, шаарларыңарды талкалайм.

    26:34 Ошондо эүн калган жер ишемби жылдары үчүн эс алат. Силер душман жеринде жашап жатканыңарда гана жер эс алып, ишемби жылдары үчүн эс алат.

    26:35 Силер жашап жатканда, ишемби жылдары эс албаган жер эүн калган күндөрдө эс алат.

    26:36 Душман жеринде тирүү калгандарыңарды суу жүрөк кылам, алар жалбырактын дирилдегенинен качып жөнөй турган болушат, артынан үч ким куубаса да, кылычтан качкансып качышат.

    26:37 үч ким куубаса да, кылычтан жыгылгансып, бири-бирине чалынып жыгылышат, душмандарыңарга каршы турганга алыңар келбей калат.

    26:38 Ар кыл элдин арасында кырыласыңар, душмандарыңардын жеринде жок болосуңар.

    26:39 Ал эми тирүү калгандарыңар өзүңөрдүн мыйзамсыздыктарыңар үчүн, ата-бабаларыңардын мыйзамсыздыктары үчүн душмандарыңардын жеринде чирийсиңер.

    26:40 Ошондо гана алар өздөрүнүн мыйзамсыздыктарын, ата-бабаларынын мыйзамсыздыктарын, Мага каршы чыгышканын, Мага каршы кылган кылмыштарын мойнуна алышат.

    26:41 Мына ошол үчүн Мен да аларга каршы чыгып, аларды өздөрүнүн душмандарынын жерине алып келгенде, алардын сүннөтсүз жүрөктөрү моюн сунуп, өздөрүнүн мыйзамсыз иштеринин азабын тартышат.

    26:42 Ошондо Мен Жакып менен, Ыскак менен, Ыбрайым менен түзгөн келишимимди жана ал жерди үстейм.

    26:43 Ошондо алар калтырып кеткен жер ишемби жылдары үчүн эс алат. Алар Менин мыйзамдарымды жек көргөндүгү үчүн, Менин мыйзамдарымдан баш тарткандыгы үчүн, өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн жазасын алышат.

    26:44 Бирок алар душмандарынын жеринде жашап жатканда да, Мен аларды четке какпайм, алардан жийиркенбейм, алар менен түзгөн келишимимди бузбайм, аларды таптакыр жок кылбайм, анткени Мен алардын Кудай-Теңиримин.

    26:45 Мен алар үчүн алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди үстейм. Мен алардын ата-бабаларынын Кудайы болуш үчүн, аларды башка элдердин көз алдында Мисир жеринен алып чыккам. Мен Теңирмин”».

    26:46 Теңирдин Муса аркылуу Синай тоосунда өзү менен Ысрайыл уулдарынын ортосуна койгон көрсөтмөлөрү, чечимдери, мыйзамдары ушулар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск