Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Жер жөнүндө мыйзам. Жерди эс алдыруу

    25:1 Синай тоосунда Теңир Мусага мындай деп айтты:

    25:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Мен силерге берген жерге келгениңерде, ал жер Кудай белгилеген жетинчи жылы эс алсын.

    25:3 Алты жыл катары менен талааңа эгин эк, алты жыл катары менен жүзүмүңдү бута, алардын түшүмдөрүн жыйна.

    25:4 Ал эми жетинчи жыл жердин эс алуу жылы болсун, ал жыл – Теңирдин ишемби жылы. Ал жылы талааңа эгин экпе, жүзүмүңдү бутаба.

    25:5 өзү өсүп чыккан эгинди орбо, буталбаган жүзүмдүн түшүмүн жыйнаба. Ал жыл жердин эс алуу жылы болсун.

    25:6 Жердин эс алуу жылында өзү өсүп чыккан түшүм өзүңө да, кулуңа да, күңэңө да, жалданган жумушчуңа да, араңарда жашаган келгинге да,

    25:7 малыңа да, жаныбарларга да тамак болсун.

    Юбилей жылы

    25:8 өзүң үчүн эс алуу жылынан жети жолу жети жылды эсептеп ал, ошондо кырк тогуз жыл болот.

    25:9 Жетинчи айдын онунчу күнү сурнай тарт, күнөөдөн арылуучу ошол күнү бүт жериңерде сурнай тарткыла.

    25:10 үлүэнчү жылды ыйык туткула, ошол жылы жериңердеги бардык элдерге эркиндик жарыялагыла. Ал жыл силер үчүн юбилей жылы болсун. Ар ким өз менчигине кайтып келсин, ар ким өз эй-бүлөсүнө келсин.

    25:11 үлүэнчү жыл юбилей жылыңар болсун. Yрөн сеппегиле, өзү өсүп чыккандарды орбогула, буталбаган жүзүмдүн мөмөсүн эзбөгүлө.

    25:12 Анткени бул жыл – юбилей жылы. Бул жыл силер үчүн ыйык жыл болсун. Ушул жылы талаада эмне өссө, ошону жегиле.

    25:13 Ушул юбилей жылы ар бириңер өз менчигиңерге кайтып келгиле.

    25:14 Жакыныңарга бир нерсе сатканда же жакыныңардан бир нерсе сатып алганда, бири-бириңерди таарынтпагыла.

    25:15 Жерди жакыныңдан юбилей жылынан кийинки жылдары сатып алсаң болот, анткени ал сага жерди киреше бере турган маалында сатат.

    25:16 үгерде юбилей жылына чейин көп жыл бар болсо, баасы кымбат болот. эгерде юбилей жылына аз жыл калса, баасы арзан болот, анткени ал жерди түшүм бере турган жылдардын санына жараша сатат.

    25:17 Бири-бириңерди таарынтпагыла. Кудайыңардан корккула, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    25:18 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо жер бетинде тынч жашайсыңар.

    25:19 Жер да өз түшүмүн берет, тойгончо жеп, жер үстүндө тынч жашайсыңар.

    25:20 үгерде жетинчи жылы: «Же эрөн сеппесек, же түшүм жыйнабасак, эмне жейбиз?» – дей турган болсоңор,

    25:21 Мен алтынчы жылы силерге батамды беремин, ошондо жер үч жылдын түшүмүн берет.

    25:22 Сегизинчи жылы эрөн себесиңер, бирок тогузунчу жылга чейин, анын түшүмүн жыйнаганга чейин, мурунку жылдын түшүмүнөн жейсиңер.

    Жеке менчик жөнүндө мыйзам

    25:23 Жер биротоло сатылбасын, анткени жер Меники. Силер Менин келгиндеримсиңер жана убактылуу тургундарымсыңар.

    25:24 өзүңөрдүн эүлеп турган жериңерди кунун төлөп кайрып алсаңар болот.

    25:25 үгерде бир тууганың жакырланып кетип, эүлеген жерин сатып жиберсе, анда анын жакын тууганы ал жерди кун төлөп кайра кайрып алсын.

    25:26 үгерде анын кун төлөп кайрып ала турган жакын тууганы жок болсо, бирок кийин өзү кунун төлөгөнгө каражат тапса,

    25:27 анда ал саткан жылдардан баштап эсептеп, саткан кишисине калган жылдарга жараша төлөп берсин, ошентип өз жерине кайрадан эү болот.

    25:28 үгерде кайра алууга каражат таппаса, анда сатылган жер алган кишинин колунда юбилей жылына чейин калат, ал эми юбилей жылы жер кайрадан эүсине тиет.

    25:29 Ким дубал менен курчалган шаардагы үйүн сатса, анда аны саткан күндөн баштап бир жыл өткөнчө кун төлөп кайрып алса болот. Бир жылдын ичинде кун төлөп кайра кайрып алса болот.

    25:30 үгерде дубал менен курчалган шаардагы эй бир жылдын ичинде кун төлөнүп кайрылып алынбаса, анда ал эй сатып алган адамга жана анын тукумуна түбөлүккө калат, эүсине юбилей жылы да кайтарылбайт.

    25:31 Ал эми дубал менен курчалбаган айылдагы үйлөрдү, жерди кун төлөп кайтарып алгандай кайтарып алыш керек. Ал үйлөрдү кун төлөп кайра кайтарып алууга болот, эүсине юбилей жылы кайра берилет.

    25:32 Ал эми лебилер шаардагы үйлөрүн каалаган убагында кун төлөп кайра кайтарып алышса болот.

    25:33 Лебилердин ичинен ким үйүн кун төлөп кайтарып албаса, анда ал эй юбилей жылы лебиге кайрадан өтөт, анткени шаарлардагы лебилердин үйлөрү Ысрайыл уулдарынын ичинен лебилерге гана таандык.

    25:34 Шаарларынын тегерегиндеги жерлери да сатылбайт, анткени бул – алардын түбөлүк эүлиги.

    Жакырлар жана кулдар жөнүндө

    25:35 Келгин болобу, бөтөн жерлик болобу, жакының жакырланып, турмушу начарлап баратса, ага жардам бер, ал сенин жаныңда жашасын.

    25:36 Ага бергениңдин үстүнө үстөк кошуп алба, бергениңден түшкөн кирешени да алба, Кудайыңдан корк. Жакының сенин жаныңда жашасын.

    25:37 Күмүшүңдү үстөк алыш үчүн бербе, тамагыңды пайда табыш үчүн бербе.

    25:38 Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерге Канаан жерин бериш үчүн, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.

    25:39 Сенин жаныңда жашаган бир тууганың жакырланып кетип, сага кулчулукка сатылса, сен аны кулдай иштетпе.

    25:40 Ал сен үчүн жалданган кызматчы, келгин катары болсун. Юбилей жылына чейин сеникинде иштеп турсун.

    25:41 Ошондон кийин гана ал сенден бөлүнүп кетсин, өзү да, балдары да өз эй-бүлөсүнө кайтсын, кайрадан өз ата-бабаларынын эүлигин эүлесин.

    25:42 Анткени алар – Менин кулдарым, аларды Мен Мисир жеринен алып чыккам. Аларды кулдарды саткандай сатпагыла.

    25:43 Аларга катаал бийлик кылба, Кудайыңдан корк.

    25:44 өз кулуң, өз күңэң болсун десең, тегеректеги элдерден сатып ал.

    25:45 Араңарда жашаган келгиндердин балдарынан да сатып алсаңар болот, алардын силердин жериңерде төрөлгөн балдарынан да сатып алсаңар болот, ошондо алар силердин менчигиңер болуп калат.

    25:46 Аларды өзүңөрдөн кийин балдарыңарга мураска калтырсаңар болот. Алар силерге түбөлүккө кул болсун. Бирок өз бир тууганыңарга, Ысрайыл уулдарына, бири-бириңерге катаал бийлик кылбагыла.

    25:47 үгерде сенин жаныңда жашаган келгин же бөтөн жерлик жетиштүү жашап калса, ал эми бир тууганың анын алдында жакырланып кетип, келгинге же келгиндин уругунан бирөөнө өзүн кулчулукка сатса,

    25:48 анда ал сатылгандан кийин, аны кунун төлөп кайра кайтарып алса болот. Бир туугандарынын ичинен бирөө аны кунун төлөп кайрып алсын.

    25:49 Же анын атасынын бир тууганы, же анын баласы, же анын жакын туугандарынан бирөө, же уруусунан бирөө анын кунун төлөсүн. эгерде каражат тапса, өзүн өзү бошотуп алат.

    25:50 Ал өзүн саткан жылдан юбилей жылына чейинки жылдарды эсептеп, ошол жылдардын санына жараша күмүш төлөсүн. Ал ага убактылуу жалданган адамдай болуп эсептелсин.

    25:51 үгерде юбилей жылына чейин дагы көп жыл бар болсо, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.

    25:52 үгерде юбилей жылына аз эле жыл калса, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.

    25:53 Кулчулукка сатылган жылдарда ал ага жалданган адамдай болсун. Ал сенин көзүңчө ага катаал бийлик кылбасын.

    25:54 үгерде ага ушундай жол менен кун төлөнбөсө, анда юбилей жылы өзү да, балдары да бошотулат.

    25:55 Анткени Ысрайыл уулдары – Менин кулдарым. Алар – Мен Мисир жеринен алып чыккан Менин кулдарым. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск