Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Чырактан жөнүндө мыйзам

    24:1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    24:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук кыл: Чырактан эзгүлтүксүз күйүп, жарык берип турушу үчүн, алар сага чырактанды күйгүзүү үчүн тазаланган, жанчылган зайтун майын алып келишсин.

    24:3 Арун аны жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдында тартылып турган көшөгөнүн сыртында кеч киргенден таң атканга чейин Теңир алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө.

    24:4 Ал таза алтындан жасалган чырактандын үстүндөгү чырактарды Теңирдин алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын.

    Нан тартуусу жөнүндө мыйзам

    24:5 Буудай унунан он эки нан бышыр. Ар бир нанга эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк ун кетсин.

    24:6 Аларды Теңирдин алдындагы таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө алты-алтыдан эки катар кылып кой.

    24:7 Ар бир катар нандын үстүнө ладан кой, ал Теңир эсине алышы үчүн коюлган курмандык болсун.

    24:8 Ишемби сайын аларды Ысрайыл уулдарынан алып, Теңирдин алдына дайыма коюп турсун. Бул – түбөлүккө калган мыйзам.

    24:9 Алар Арун менен анын уулдарына таандык, аларды ыйык жайда жешсин, анткени алар Теңирге арналган курмандыктардын ичинен эң ыйыгы. Бул – түбөлүккө калган көрсөтмө».

    Жазалар жөнүндө мыйзам

    24:10 Ысрайылдык бир аялдын мисирлик адамдан төрөлгөн уулу Ысрайыл уулдарына келип, ысрайылдык бир адам менен стандын ичинде чатакташа кетти.

    24:11 Ысрайылдык аялдын уулу Теңирдин ысымына тил тийгизип, жаман сөздөрдү айтты. Ошондо аны Мусага алып келишти.

    24:12 Теңирдин буйругу жарыялангыча, аны камап коюшту.

    24:13 Ошондо Теңир Мусага мындай деп айтты:

    24:14 «Жаман сүйлөгөн адамды стандын сыртына алып чык, анын жаман сөздөрүн уккандардын бардыгы колдорун анын башына коюшсун, анан бүт жамаат аны таш бараңга алып өлтүрсүн.

    24:15 Ысрайыл уулдарына болсо мындай де: Ким Кудайга жаман сөз айтса, ал өз күнөөсүн өзү көтөрөт.

    24:16 Теңирдин ысымына тил тийгизген адам өлүшү керек, бүткүл жамаат аны таш бараңга алсын. Теңирдин ысымына тил тийгизген келгин да, жергиликтүү тургун да өлүм жазасына тартылсын.

    24:17 Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.

    24:18 Ким мал өлтүрсө, ал малдын ордуна мал төлөп берсин.

    24:19 Ким өз жакынын жарадар кылса, аны да жарадар кылышсын.

    24:20 Сыныкка сынык, көзгө көз, тишке тиш. Ким бир адамды кандай жарадар кылса, аны да так ошондой жарадар кылышсын.

    24:21 Ким мал өлтүрсө, ал аны төлөп берсин. Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.

    24:22 Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бир мыйзам болсун, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

    24:23 Муса Ысрайыл уулдарына ушуларды айтты. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылып, Теңирдин ысымына тил тийгизген адамды стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск