Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Теңирдин майрамдары

    23:1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    23:2 «Теңирдин мына бул майрамдарын “ыйык жыйын” деп атоо керек экенин Ысрайыл уулдарына жарыяла, аларга мындай деп айт: Менин майрамдарым булар:

    23:3 Алты күн иштегиле, ал эми жетинчи күн – ишемби, дем алуу күнү, ыйык жыйын күнү. Ал күнү үч кандай жумуш кылбагыла. Кайсы жерде жашасаңар да, бул күн – Теңирдин ишемби күнү.

    23:4 Белгиленген убагында майрамдала турган Теңирдин ыйык жыйындары булар:

    Пасах жана Ачыткысыз нан майрамдары

    23:5 Биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Теңирдин Пасах майрамы.

    23:6 Ошол эле айдын он бешинчи күнү Теңирдин Ачыткысыз нан майрамы. Жети күн ачыткысыз нан жегиле.

    23:7 Бул майрамдын биринчи күнү силерде ыйык жыйын болсун. үч кандай жумуш кылбагыла.

    23:8 Жети күн катары менен Теңирге курмандык чалгыла. Жетинчи күнү дагы ыйык жыйын болсун. үч кандай жумуш кылбагыла».

    23:9 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    23:10 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: Мен силерге берген жерге келип, эгин оро баштаганыңарда, эгиниңердин биринчи боосун ыйык кызмат кылуучуга алып келгиле.

    23:11 Силер ырайым табышыңар үчүн, ыйык кызмат кылуучу боону Теңирдин алдына алып барат. Ал аны майрамдын экинчи күнү көтөрүп барат.

    23:12 Боону көтөрүп барган күнү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык козу чалгыла.

    23:13 Аны менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун, анын үстүнө куюла турган гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

    23:14 Кудайыңарга ушул курмандыктарды алып келмейинче, үч кандай нан, куурулган буудай жана жаңы бышкан буудай жебегиле. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

    Түшүм майрамы

    23:15 Боону силкилдетип алып келген майрамдын биринчи күнүнөн баштап толук жети жума эсептегиле.

    23:16 Жети жума, бир күн болгондо (үсептегенде элүү күн болот), Теңирге арнап биринчи түшүмдөн нан курмандыгын алып келгиле.

    23:17 Yйүңөрдөн биринчи түшүм катары Теңирге арнап нан курмандыгына эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унунан ачыткы кошулуп бышырылган эки нан алып келгиле.

    23:18 Нан менен кошо үч кемчилиги жок бир жылдык жети козу, бодо малдан бир букачар жана эки кочкор алып келгиле. Булар Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык болсун. Нан курмандыгын жана үстүнө куюлуучу шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

    23:19 Ошондой эле күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир текени, тынчтык курмандыгына бир жылдык эки козуну даярдап койгула.

    23:20 Буларды ыйык кызмат кылуучу силкилдетиле турган биринчи түшүмдүн наны жана эки козу менен бирге Теңирдин алдында силкилдетсин. Теңирге арналган ушул ыйык нерселер ыйык кызмат кылуучуга таандык.

    23:21 Ошол күнү элди чакырып, ыйык жыйын өткөргүлө, үч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

    23:22 үгиниңерди оруп жатканыңарда, талааңардын четин орбой калтырып койгула, жерге түшүп калганын албагыла. Аны жарды менен келгиндерге калтыргыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

    Сурнай тартуу майрамы

    23:23 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    23:24 «Ысрайыл уулдарына айт: “Жетинчи айдын биринчи күнү – силер эс ала турган күн, сурнай майрамы. Ошол күнү ыйык жыйын өткөргүлө.

    23:25 үч кандай жумуш кылбагыла, Теңирге курмандык чалгыла”».

    Күнөөдөн тазалануу күнү

    23:26 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    23:27 «Ошондой эле ошол жетинчи айдын онунчу күнү – күнөөдөн арылуу күнү силерде ыйык жыйын болсун. өзүңөрдү орозо кармап жоошутуп, Теңирге курмандык чалгыла.

    23:28 Ал күнү үч кандай жумуш кылбагыла. Ал – тазалануу күнү, силердин Кудайыңар болгон Теңириңердин алдында тазалана турган күн.

    23:29 Бул күнү өзүн орозо кармап жоошутпаган адам өз элинин арасынан жок кылынат.

    23:30 Ким ал күнү жумуш кылса, Мен ал адамды өз элинин арасынан жок кылам.

    23:31 үч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

    23:32 Ал күн – силер эс алуучу ишемби күн, ошол күнү орозо кармап өзүңөрдү жоошуткула. Айдын тогузунчу күнүнүн кечинен баштап кийинки күндүн кечине чейин ишемби күндү майрамдагыла».

    Алачыктар майрамы

    23:33 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    23:34 «Ысрайыл уулдарына мындай де: “Ошол эле жетинчи айдын он бешинчи күнү – Алачыктар майрамы. Бул майрам жети күнгө созулат.

    23:35 Ал майрамдын биринчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө. үч кандай жумуш кылбагыла.

    23:36 Жети күн бою Теңирге курмандык чалгыла. Сегизинчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө, Теңирге курмандык чалгыла. Бул майрамдын акыркы күнү үч кандай жумуш кылбагыла.

    23:37 Мына ушулар – Теңирдин майрамдары. Бул күндөрү ыйык жыйындар өткөрүлсүн. Бул күндөрү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыктарын, союлуучу курмандыктарды, куюлуучу курмандыктарды өздөрүнүн белгиленген убагында чалгыла.

    23:38 Теңирге арнап алып келген тартууларыңардан, Теңирдин ишемби күндөрүндө алып келген курмандыктарыңардан, убада боюнча же өз каалооңор боюнча алып келген курмандыктарыңардан сырткары алып келе турган курмандыктарыңар ушулар.

    23:39 Ал эми жетинчи айдын он бешинчи күнү, түшүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла. Майрамдын биринчи жана сегизинчи күнү – эс алуу күнү.

    23:40 Майрамдын биринчи күнү кооз дарактардын бутактарын, курма пальмасынын бутактарын, жазы жалбырактуу жыгачтын бутактарын жана дарыя жүүгиндеги кызыл талдын бутактарын алып, Кудай-Теңириңердин алдында жети күн көңүл ачкыла.

    23:41 Теңирдин бул майрамын бир жылда жети күн майрамдагыла. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө. Аны жетинчи айда майрамдагыла.

    23:42 Алачыктарда жети күн жашагыла. Ысрайылдын ар бир жергиликтүү тургуну алачыкта жашасын.

    23:43 Мен Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыкканда, аларды алачыктарда жашатканымды силердин урпактарыңар биле жүрүшсүн. Мен силердин Кудай-Теңириңермин”».

    23:44 Муса Теңирдин мына ушул майрамдары жөнүндө Ысрайыл уулдарына жарыя кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск