Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Курмандык чалуу тартиби

    22:1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    22:2 «Арунга жана анын уулдарына мындай де: Менин ысымымды булгабаш үчүн, алар Ысрайыл уулдарынын Мага тартуулаган ыйык нерселерине этият мамиле кылышсын. Мен Теңирмин.

    22:3 Аларга мындай де: “Силердин укум-тукумуңардан ким таза эмес болуп туруп, Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнаган ыйык нерселерине жакындаса, анда ал Менин алдымдан жок кылынат. Мен Теңирмин”.

    22:4 Арундун тукумунан ким пес оорусу менен ооруса же жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса, анда ал тазаланмайынча, ыйык тамактан жебесин; ким өлүккө тийип таза эмес болуп калган нерсеге тийсе, же кимдин эрендиги агып кетсе,

    22:5 же адамды таза эмес кыла турган кандайдыр бир сойлоочу жаныбарга же кандай гана таза эместиги менен болбосун, таза эмес кыла турган адамга тийсе,

    22:6 ушулардын бирине тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот, ал денесин жуумайынча, ыйык тамактан жебесин.

    22:7 Ал күн баткандан кийин гана таза болот, ошондо ыйык тамактан жесе болот, анткени бул – анын азыгы.

    22:8 Ал булганбаш үчүн, өлүктү, жырткыч жара тарткан жаныбарды жебесин. Мен Теңирмин.

    22:9 Алар Менин ушул буйруктарымды бузуп күнөөгө батып, ошол күнөөсүнүн айынан өлүп калбашы үчүн, Менин буйруктарымды сакташсын. Аларды ыйык кылган Теңир Менмин.

    22:10 Ыйык тамакты бөлөк бирөө жебесин. Аны ыйык кызмат кылуучунун үйүндө жашаган адам да, жалданма адам да жебесин.

    22:11 Ыйык тамакты ыйык кызмат кылуучу күмүшкө сатып алган адам жесе болот. Ошондой эле анын үйүндө төрөлгөн кулдар да жесе болот.

    22:12 үгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы жат кишиге күйөөгө чыкса, анда ал тартууга келген ыйык тамактарды жебесин.

    22:13 үгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы жесир калса, же күйөөсү менен ажырашып кетсе, бирок балдары жок болсо, кыз кезинде жашаган атасынын үйүнө кайтып келген болсо, анда ал атасынын тамагынан жесе болот. Анын эй-бүлөсүнөн башка үч ким аны жебесин.

    22:14 Ким ыйык тамактан билбей жеп алса, ал тамактын баасына анын баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ыйык кызмат кылуучуга төлөп берсин.

    22:15 Ыйык кызмат кылуучулар өздөрү Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген ыйык тамактарын булгашпасын.

    22:16 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык тамакты жеп жатканда, кылмыш кылып айыпка жыгылышпасын, анткени аларды ыйык кылган Теңир Менмин».

    22:17 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    22:18 «Арунга, анын уулдарына жана Ысрайылдын бардык уулдарына мындай деп жарыяла: “Ысрайыл уулдарынын ичинен же Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан келгиндердин ичинен ким убада боюнча же өз каалоосу боюнча Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык алып келсе,

    22:19 анда ал Кудайдын алдында ырайым табыш үчүн, алып келген курмандыгы үч кандай кемчилиги жок эркек бодо, же кой, же эчки болсун.

    22:20 Кемчилиги бар үч бир малды курмандыкка чалбагыла, анткени мындай курмандык менен силер ырайым таппайсыңар.

    22:21 Ким убада боюнча же өз каалоосу боюнча Теңирге арнап бодо же майда малдан тынчтык курмандыгын алып келсе, анда ал Кудайдан ырайым табышы үчүн, алып келген курмандыгы үч кандай кемчилиги жок болсун. Курмандыктын үч кандай кемчилиги болбосун.

    22:22 Малдын сокурун, майыбын, чабырын, оорулуусун, котурун, түлөгөнүн Теңирге курмандыкка чалбагыла. Андай малды Теңирдин курмандык чалынуучу жайына алып келбегиле.

    22:23 Мүчөлөрү өтө узун же өтө кыска букачарды же козуну өз каалоосу боюнча чалынуучу курмандыкка чалса болот, бирок убада боюнча чалынуучу курмандыкка чалганга болбойт.

    22:24 энеги майып болгон, жанчылган, эзүлгөн же кесилип алынган малды Теңирге курмандыкка чалбагыла, өз жериңерде андай кылбагыла.

    22:25 Ушундай малдарды башка жердик адамдардын колунан алып Кудайыңарга тартуу кылбагыла, анткени алар майып, алардын кемчилиги бар, ошондуктан ырайым таппайсыңар”».

    22:26 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    22:27 «Музоо, же козу, же улак туулгандан кийин энесинин жанында жети күн болсун, ал эми сегизинчи күндөн баштап Теңирге курмандыкка чалса болот.

    22:28 Бирок уйду да, койду да баласы менен сойбогула.

    22:29 үгерде Теңирге ыраазычылык билдирүү курмандыгын чалгыңар келсе, анда ырайым таба тургандай кылып чалгыла.

    22:30 Ал курмандык ошол эле күнү желсин. Андан эртең мененкиге калтырбагыла. Мен Теңирмин.

    22:31 Менин осуяттарымды сактагыла жана аткаргыла. Мен Теңирмин.

    22:32 Мени Ысрайыл уулдары ыйык тутуш үчүн, Менин ыйык ысымымды булгабагыла. Силерди ыйык кылган Теңириңер Менмин.

    22:33 Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Теңириңер Менмин».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск