Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Ыйык кызмат кылуучуларга берилген буйруктар

    21:1 Теңир Мусага мындай деп айтты: «Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, мындай деп айт: “Алардын үч кимиси өз элинин ичинен өлгөндөргө тийип булганбасын.

    21:2 Бирок алардын каны бир болгон жакыны: энеси, же атасы, же уулу, же кызы, же бир тууганы,

    21:3 же жакыны болгон күйөөгө чыга элек карындашы өлүп, аларга колун тийгизсе, булганбайт.

    21:4 Таза эмес болуп калбашы үчүн, өз элинин ичинен кимге болбосун, колун тийгизип булганбашы керек.

    21:5 Алар чачтарын алдырышпасын, сакалдарынын учтарын кырктырышпасын, денелерине так салдырышпасын.

    21:6 Алар өз Кудайынын алдында ыйык болушсун жана өз Кудайынын ысымын булгашпасын. Алар Теңирге курмандык чалышат, өз Кудайына нан тартуулашат, ошондуктан алар ыйык болушсун.

    21:7 Алар бузулган аялды, жаманатты болгон аялды, күйөөсү таштап кеткен аялды алышпасын, анткени алар – Кудайга арналган ыйык адамдар.

    21:8 Аларды ыйык тут, анткени алар Кудайыңа нан тартуулашат. Алар сен үчүн ыйык болушсун, анткени силерди ыйык кылган Теңириңер Мен ыйыкмын.

    21:9 үгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы ойноштук кылып өзүн булгаса, ал атасынын атын булгаган болот. Аны отко өрттөп жибергиле.

    21:10 Бир туугандарынын ичинен башына майлоочу май куюлуп майланган, ыйык кийим кийген башкы ыйык кызмат кылуучу баш кийимин чечпесин жана кийимдерин айрыбасын.

    21:11 өлгөн адамга жакындабасын. Ал турсун, өлгөн атасы менен энесине колун тийгизип өзүн булгабасын.

    21:12 Ыйык жайдан алыстабасын, Кудайынын ыйык жайын булгабасын, анткени ал – башы майлоочу май менен майланган, Кудайга арналган адам. Мен Теңирмин.

    21:13 Ал кызга үйлөнсүн.

    21:14 Ал жесир аялды, же күйөөсү таштап кеткен аялды, же жаманатты болгон аялды, же бузулган аялды албасын. Ал өз элинин гана кызын аялдыкка алсын.

    21:15 Ал өз тукумун өз элинин арасында булгабасын, анткени аны ыйык кылган Теңир Менмин”».

    21:16 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    21:17 «Арунга мындай деп айт: “Сенин укум-тукумуңдун ичинен денесинде кемчилиги бар адам Кудайына нан тартуулабасын.

    21:18 Денесинде кемчилиги бар адам ыйык кызмат кылуучу болбосун. Сокур, төкөр, кебетеси бузук,

    21:19 буту сынган, колу сынган,

    21:20 бүкүр, кургак учук менен ооруган, көзүн чел баскан, котур, таз, энеги майып адам курмандык чалбасын.

    21:21 Ыйык кызмат кылуучу Арундун тукумунан денесинде кемчилиги бар адам Теңирге курмандык чалбасын. Анын денесинде кемчилиги болгондуктан, Кудайына нан тартуулабасын.

    21:22 Ал адам Кудайынын эң ыйык курмандыктарынан жана ыйык курмандыктарынан жесе болот.

    21:23 Бирок ал ыйык жайдын көшөгөсүнө келбесин, курмандык чалынуучу жайга жакындабасын, анткени анын денесинде кемчилиги бар. Ал Менин ыйык жайымды булгабасын, анткени аларды ыйык кыла турган Теңир Менмин”».

    21:24 Муса ушулардын баарын Арунга, анын уулдарына жана Ысрайыл уулдарына айтты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск