Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Күнөөлөр үчүн тарта турган жазалар

    20:1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

    20:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ысрайыл уулдарынын ичинен жана Ысрайыл уулдарынын арасында жашаган келгиндердин ичинен ким өз баласын Молохко курмандыкка берсе, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал жердин эли аны таш бараңга алып өлтүрсүн.

    20:3 Мен ал адамга каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам, анткени ал өз баласын Молохко курмандыкка берип, Менин ыйык жайымды булгап, Менин ыйык ысымымды жаманатты кылды.

    20:4 Ал өз баласын Молохко берип жатканда, ал жердин эли ошол адамга көңүл бурбай, аны өлтүрбөй койсо,

    20:5 анда Мен ал адамга каршы жана анын тукумуна каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам, аны менен кошо Молохтун артынан эүрчип адашып жүргөндөрдү да жок кылам.

    20:6 Ким өлгөндөрдү чакыргандарга жана сыйкырчыларга кайрылып, аларды эүрчип адашып жүрсө, анда Мен ал адамга каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам.

    20:7 өзүңөрдү ыйыктагыла, ыйык болгула, анткени Мен, силердин Кудай-Теңириңер, ыйыкмын.

    20:8 Менин көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла, анткени силерди ыйык кыла турган Теңириңер Менмин.

    20:9 Ким атасына же энесине жаман айтса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал атасына же энесине жаман айткандыктан, өз каны өз мойнунда.

    20:10 Ким күйөөсү бар аял менен ойноштук кылса, ким өз жакынынын аялы менен ойноштук кылса, анда ойноштук кылган эркек да, аял да өлүм жазасына тартылсын.

    20:11 Ким атасынын аялы менен жатса, ал атасынын жылаңач этин ачкан болот. экөө тең өлүм жазасына тартылсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

    20:12 Ким өз келини менен жатса, анда экөө тең өлүм жазасына тартылсын. Алар жийиркеничтүү иш кылышты, ошондуктан өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

    20:13 Ким аял менен жаткандай, эркек менен жатса, анда экөө тең жийиркеничтүү иш кылышты. Алар өлүм жазасына тартылышсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

    20:14 Ким аялынын үстүнө анын энесин кошо аялдыкка алса, бул – мыйзамсыздык. Араңарда мыйзамсыздык болбошу үчүн, ал эркек менен эки аялды өрттөп салгыла.

    20:15 Ким жаныбар менен жанашса, ал өлүм жазасына тартылсын, ал жаныбарды да өлтүргүлө.

    20:16 үгерде аял жаныбар менен жанашуу үчүн барса, анда аялды да, жаныбарды да өлтүргүлө, алар өлүм жазасына тартылышсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

    20:17 Ким өзүнүн эжесин же карындашын, атасынын кызын же энесинин кызын алса, анын жылаңач этин көрсө, кыз да анын жылаңач этин көрсө, бул – маскарачылык. Алар өз элинин көз алдында өлтүрүлсүн. Ал өз карындашынын жылаңач этин ачты, өз күнөөсүн өзү көтөрөт.

    20:18 Ким аялынын айызы келип жатканда жылаңач этин ачса, анда ал каны агып жатканын көрдү, аял өзүнүн аккан канын көргөздү. экөө тең өз элинин арасынан жок кылынсын.

    20:19 Ким энесинин эже-сиңдисинин же атасынын эже-карындашынын жылаңач этин ачса, өзүнүн жылаңач этин ачкан болот. өз күнөөсүн өзү көтөрөт.

    20:20 Ким өз жеңеси менен жатса, ал агасынын жылаңач этин ачкан болот. Алардын күнөөлөрү өздөрүнүн мойнунда, алар бала көрбөй өтүшөт.

    20:21 Ким өз бир тууганынын аялын алса, бул жийиркеничтүү. Ал өз бир тууганынын жылаңач этин ачкан болот, алар бала көрбөй өтүшөт.

    20:22 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо Мен силерди жашасын деп берип жаткан жер силерди силкип салбайт.

    20:23 Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдин кылганын кылбагыла, анткени алар ушулардын баарын кылышкан, ошондуктан Мен аларга каарымды төктүм.

    20:24 Мен силерге мындай деп айтпадым беле: Алардын жерин эүлейсиңер, анткени сүт менен бал аккан ошол жерди силерге мураска Мен берип жатам. Силерди башка элдерден бөлүп алган Кудай-Теңириңер Менмин.

    20:25 Адал малды арам малдан, таза канаттууну таза эмес канаттуудан ажырата билгиле. Мен арам деп бөлүп койгон жаныбар менен, канаттуу менен, боору менен сойлоп жүрүүчү жаныбарлар менен булганбагыла.

    20:26 Менин алдымда ыйык болгула, анткени Мен, Теңириңер, ыйыкмын, силерди Меники болсун деп, башка элдерден бөлүп алдым.

    20:27 үркек болобу, аял болобу, ким өлгөндөрдү чакырса же сыйкырчылык кылса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал таш бараңга алынсын, өз каны өз мойнунда”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск