Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Кудай менен болгон тынчтык

    5:1 Ошентип, биз ишеним аркылуу акталып, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудай менен тынчтыкка эүбиз.

    5:2 Ыйсага ишенүү аркылуу бизге бул ырайымга жол ачылды. Ошол ырайымга бөлөнүп, Кудайдын даңкына эмүттөнүү менен мактанып жатабыз.

    5:3 Бул нерсе менен гана эмес, кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык,

    5:4 чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу эмүт келерин билебиз.

    5:5 Ал эми эмүт уят кылбайт, анткени Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн.

    5:6 Анткени биз алсыз кезде эле, белгиленген убакта Машайак кудайсыздар үчүн өлгөн.

    5:7 Адил адам үчүн ким өлсүн? Жакшы адам үчүн кимдир бирөө өз жанын кыйса кыяр.

    5:8 Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди.

    5:9 Машайактын каны аркылуу акталгандыктан, Кудайдын каарынан Ал аркылуу куткарыларыбыз да анык.

    5:10 Анткени биз Кудайдын душманы болуп туруп, Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешип жатсак, анда элдешкенден кийин, Уулунун өмүрү аркылуу куткарыларыбыз да анык.

    5:11 Муну менен гана эмес, бизди Кудай менен элдештирген Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудайдын өзү менен да мактанабыз.

    Адам жана Машайак

    5:12 Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти.

    5:13 Анткени мыйзам берилгенге чейин эле дүйнөдө күнөө бар болчу, бирок мыйзам жок болсо, күнөө эсептелинбейт.

    5:14 Бирок өлүм Адам атадан Мусага чейин жашаган адамдардын үстүнөн жана келе турган Кишинин бейнеси болгон Адам атаныкындай күнөө кетирбегендердин үстүнөн бийлик жүргүзүп келген.

    5:15 Бирок ырайымдын белегин күнөөнүн жазасына салыштыруу мүмкүн эмес. Бир адамдын күнөөсүнүн айынан көптөр өлүмгө дуушар болушса, Кудайдын ырайымы жана бир Адамдын – Ыйса Машайактын ырайым белеги көп адамдарга артыгы менен берилип жаткандыгы анык.

    5:16 Ырайымдын белеги бир адамдын күнөөсүнүн натыйжасы сыяктуу эмес. Анткени бир күнөө үчүн болгон сот айыпталууга, ал эми ырайымдын белеги көп күнөөлөрдөн акталууга алып келет.

    5:17 Анткени өлүм бир адамдын күнөөсүнүн айынан ошол адам аркылуу бийлик жүргүзсө, анда молдук менен көрсөтүлгөн ырайымды жана белек кылынган адилдикти кабыл алгандар бир Ыйса Машайак аркылуу өмүргө бийлик жүргүзүшөрү да анык.

    5:18 Ошондуктан бир адамдын күнөөсүнүн айынан бардык адамдар сотко тартылгандай эле, бир Адамдын адилдиги аркылуу да бардык адамдар өмүргө эү болуу үчүн акталышат.

    5:19 Анткени бир адамдын тил албастыгынын айынан көп адамдар күнөөкөр болгондой эле, бир Адамдын тил алчаактыгы аркылуу көп адамдар адил болушат.

    5:20 Мыйзам болсо кийин келди, ошондо күнөө көбөйдү. Бирок күнөө көбөйгөндө, ырайым андан да мол болду.

    5:21 Күнөө бийлик жүргүзүп, өлүмгө дуушар кылгандай эле, ырайым да адилеттик аркылуу бийлик жүргүзүп, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу түбөлүк өмүргө эү кылат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск