Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Жаңы өмүргө чөмүлдүрүлүү

    6:1 Буга эмне демекчибиз? Кудайдын ырайымы көбөйүш үчүн, биз күнөө кыла беришибиз керекпи? Албетте, жок!

    6:2 Биз күнөө үчүн өлгөнбүз, кантип дагы эле күнөө кылып жашай бермек элек?

    6:3 Же силер Машайак Ыйсага чөмүлдүрүлгөн биз – баарыбыз Анын өлүмүнө чөмүлдүрүлгөнүбүздү билбейсиңерби?

    6:4 Машайак Атасынын даңкы менен өлгөндөрдүн арасынан кандай тирилтилсе, биз да жаңыча жашашыбыз үчүн, өлүмгө чөмүлдүрүлүүбүз аркылуу Аны менен бирге көмүлгөнбүз.

    6:5 Аныкындай өлүм аркылуу Аны менен бириксек, анда Аныкындай тирилүү аркылуу Аны менен биригебиз.

    6:6 Анткени күнөөкөр табиятыбыз жок болушу үчүн, мындан ары күнөөнүн кулдары болбошубуз үчүн, эски табиятыбыз Машайак менен бирге айкаш жыгачка керилгенин билебиз.

    6:7 Анткени өлгөн адам күнөөнүн бийлигинен бошотулган.

    6:8 үгерде биз Машайак менен бирге өлсөк, анда Аны менен бирге жашарыбызга да ишенебиз.

    6:9 Себеби өлгөндөрдүн арасынан тирилген Машайак кайра өлбөй турганын, эми өлүм Анын үстүнөн бийлик жүргүзбөй турганын билебиз.

    6:10 Анткени Ал өлгөндө, күнөө үчүн бир жолу өлдү. эми жашаганда, Кудай үчүн жашайт.

    6:11 Ошондой эле силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүкпүз, Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу Кудай үчүн тирүүбүз деп эсептегиле.

    6:12 Ошентип, дененин күнөөлүү кумарларына баш ийбешиңер үчүн, күнөө силердин жок боло турган денеңерге бийлик жүргүзбөсүн.

    6:13 Дене мүчөлөрүңөрдү күнөөгө адилетсиздиктин куралы катары бербегиле, тескерисинче, өлгөндөрдүн арасынан тирилгендер катары өзүңөрдү жана дене мүчөлөрүңөрдү Кудайга адилеттиктин куралы катары бергиле.

    6:14 Күнөө силердин үстүңөрдөн бийлик жүргүзө албайт. Анткени силер мыйзамдын бийлиги астында эмес, Кудайдын ырайымынын астындасыңар.

    Адилеттиктин кулдары

    6:15 үмне кылабыз? Биз мыйзамдын бийлиги астында эмеспиз, ырайымдын астындабыз деп, күнөө кыла берелиби? Албетте, жок!

    6:16 өзүңөрдү тил алчаак кулдар катары кимге тапшырып берсеңер, кимге баш ийсеңер, ошонун кулдары болоруңарды билбейсиңерби? Ошол сыяктуу эле силер өлүмгө дуушар кыла турган күнөөнүн же адилдикке жеткире турган тил алчаактыктын кулдары болоруңарды билбейсиңерби?

    6:17 Бирок Кудайга ыраазымын, силер мурун күнөөнүн кулу болсоңор да, эми өзүңөр кабыл алган окутууга чын жүрөктөн баш ийип калдыңар.

    6:18 Ошентип, силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, адилеттиктин кулу болуп калдыңар.

    6:19 Мен силердин күнөөкөр табиятыңардын алсыз экендигин эске алып, адамдык ой жүгүртүү менен айтып жатамын. Силер мурун мыйзамсыз иштерди жасоо үчүн, дене мүчөлөрүңөрдү ыпыластыктын жана мыйзамсыздыктын кулу кылгансыңар. Азыр болсо ыйыкталышыңар үчүн, дене мүчөлөрүңөрдү адилеттиктин кулу кылгыла.

    6:20 Анткени силер күнөөнүн кулу болуп жүргөн убагыңарда адилеттикке баш ийчү эмессиңер.

    6:21 Ошол убакта силерде кандай жемиш бар эле? Азыр өзүңөр уялып жаткан иштер эле. Анткени алардын натыйжасы – өлүм.

    6:22 Азыр болсо силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар. Силер бере турган жемиш – ыйыктык, анын аягы – түбөлүк өмүр.

    6:23 Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск