Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Ыбрайым ишеним менен акталган

    4:1 Анда атабыз Ыбрайым жөнүндө эмне демекчибиз? Жердеги жашоосунда ал эмнеге эү болду?

    4:2 үгерде Ыбрайым иштери аркылуу акталса, ал мактоого эү, бирок Кудай алдында эмес.

    4:3 Ыйык Жазууда эмне деп жазылган? «Ыбрайым Кудайга ишенди, ошол ишеними ага адилдик катары эсептелинди», – деп жазылган.

    4:4 Иш кылган адамга эмгек акы ырайым катары эмес, тийиштүү эмгек акы катары берилет.

    4:5 Ал эми иш кылбаган, бирок мыйзамсыз адамды актай турган Кудайга ишенген адамдын ишеними ага адилеттик катары эсептелинет.

    4:6 Кудай иштерине карабастан адил деп эсептеген адамдын бактылуу экендиги жөнүндө Дөөт пайгамбар мындай деп айткан:

    4:7 «Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылган адам бактылуу.

    4:8 Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган адам бактылуу».

    4:9 Бул бакыт сүннөткө отургузулгандарга тиешелүүбү же сүннөткө отургузулбагандарга тиешелүүбү? Анткени биз: «Ыбрайымга ишеними адилдик катары эсептелинди», – деп айтып жатабыз.

    4:10 Ал качан адил деп эсептелинген? Сүннөткө отургузулгандан кийинби же ага чейин элеби? Сүннөткө отургузулгандан кийин эмес, сүннөткө отургузулганга чейин.

    4:11 Сүннөт белгисин ал ишеними аркылуу адилдиктин мөөрү катары алган. Анын бул ишеними сүннөткө отургузула элегинде эле бар болчу. Ошентип, ал сүннөткө отургузулбаган ишенгендердин атасы болуп калды. Ошондуктан алар да адил болуп эсептелинишет.

    4:12 Ал – сүннөткө отургузулгандардын атасы, бирок сүннөткө отургузулуу менен эле чектелгендердин эмес, атабыз Ыбрайымдын сүннөткө отургузула элегинде эле эү болгон ишениминин жолу менен бара жаткандардын да атасы.

    4:13 Анткени Кудай Ыбрайымга жана анын тукумуна: «Мен силерге бүт дүйнөнү мураска берем», – деп убада кылган. Бул убада ага мыйзамды аткарганы үчүн эмес, ишениминин негизинде акталгандыгы үчүн берилген.

    4:14 үгерде мыйзамды аткаргандар мурасчы болушса, анда ишенимдин пайдасы жок, убаданын күчү жок.

    4:15 Себеби мыйзам каарды келтирет. Ал эми мыйзам жок жерде мыйзамды бузуу да жок.

    4:16 Ошентип, убада ишенимдин негизинде, ырайым боюнча берилет. Ошондуктан ал мыйзамдын бийлиги астында жашагандарга гана эмес, баарыбыздын атабыз болгон Ыбрайымдын ишеним менен жашаган тукумуна да тиешелүү.

    4:17 Ыбрайым жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылып койдум». Ал өлгөндөрдү тирилтүүчү, жок нерсени бар нерсе катары айткан Кудайга ишенген.

    4:18 Ыбрайым эмүттөнгүдөй үч нерсеси жок болгон учурда да, «Сенин тукумуң ушунча көп болот» деп айтылган сөзгө эмүт менен ишенгендиктен, көптөгөн элдердин атасы болуп калды.

    4:19 Жүз жашка жакындап калган Ыбрайым балалуу болуу курагынан өтүп кеткенин жана Сааранын бала төрөө курагынан өтүп кеткенин көрсө да, ишениминен тайыган эмес.

    4:20 Ишенбестик кылып Кудайдын убадасынан шектенген эмес, тескерисинче, бекем ишенип, Кудайды даңктаган.

    4:21 Кудайдын өз убадасын аткарууга кудурети жетерине толук ишенген.

    4:22 Ошондуктан ал ишеними аркылуу адил деп эсептелинген.

    4:23 «Адил деп эсептелинди» деген сөз бир эле ал үчүн эмес,

    4:24 Теңирибиз Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайга ишенген биз үчүн да жазылган жана бизге да тиешелүү.

    4:25 Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө кыйылган жана акталышыбыз үчүн тирилген.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск